alternatetext Багымдат: 04:22 | alternatetextКүн чыгуу: 06:06 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:43
Макалалар

Жума күнүңүздөр маарек болсун!

Жума күнү жуунуп, намазга эрте келүү – зарыл. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) минтип айткан:

«Ким Жума күнү жакшылап жуунуп, алгачкы саатта мечитке барса, төө союп курмандык кылгандай соопко ээ болот.

✔Ким андан кийинки сааттарда барса, уй союп курмандык кылгандай соопко ээ болот.

✔Ким андан кийинки сааттарда барса, кой союп кур-мандык чалгандай соопко ээ болот.

✔Ким андан кийинки сааттарда барса, ал тоокту курмандык кылгандай сооп алат.

✔Ким андан кийинки саат-та барса, жумуртканы курмандык кылгандай сооп алат. Имам минбарга чыккан мезгилде, периштелер сапка тизилип, анын айтканына кулак салышат».

📌Бул күнү дуба кылууну унутпа! Буга да көп убактың коробойт. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) мынтип айткан:

«Жума күнүндө бир убакыт бар, кимдин дубасы ошол убакытка дал келсе, ал шеккү-мөнсүз кабыл болот». Бул убакыт тууралуу ар түрдүү пикирлер бар. Көпчүлүк аалымдардын айтымында, бул убакыт Дигерден Шамга че-йинки аралыкка туура келет.

📌Улуу Пайгамбарыбыздын ﷺ жашоосундагы дубаларынан дайыма дубаларыңа кошуп пайдалан,анткени Пайгамбарыбыздын ﷺ дубалары үчүн Аллах Тааламдын эшиктери дайым ачык болгон! Пайгамбарыбыз ﷺ мейли ибадат кылып жатканда болсун, мейли күндөлүк турмушунда болсун, кайгылуу жана кубанычтуу учурларында ар дайым алакан жайып, Аллага карап төмөнкүдөй жалбарар эле:

“Оо жараткан Аллам, напсимди Сага тапшырдым. Жүзүмдү Сага бурдум. Өз ишимди Сага жүктөдүм. Ыраазычылыгыңдан үмүт кылып, азабыңдан коркуп Сага таяндым. Сага баш калкаладым. Менин Сенден башка баш калкалаар жайым, Сенден бөлөк таянар тоом жок. Алла таалам, түшүргөн китебиңе, жиберген пайгамбарыңа ыйман келтирдим”(Бухари, “Деават”, 7). 📚

“Оо Аллам, Сени сүйүүнү, сүйгөндөрүңдү сүйүүнү жана ошол сүйгөн нерсеңе жеткирүүчү иштерди буюрууңду тилейм. Оо жараткан Аллам, сүйүүңдү мага напсимден, үйбүлөөмдөн жана муздак суудан дагы көбүрөөк сүйдүр” (Тирмизи, “Дуа”, 73). 📚

“Оо Аллам, бизге дүйнөдө да, акыретте да эң сонун нерселерди ырооло” (Мүслим, “Зикир”, 26). 📚

🖇“Жараткан Аллам, мени (күнөөлөрүмдү) кечир, мага ырайым кыл, ыраазычылыгыңды алуучу иштерди жасат. Ошондой эле, мага даамдуу жана берекелүү ырыскы бер” (Мүслим, “Зикир”, 35).📚

 “Алла таалам, мени туура жолго сал жана ошол жолдо ийгиликке жеткир” (Мүслим, “Зикир”, 78). 📚

🖇“Оо Аллам, адеп-ахлаксыз болуудан, жаман иштерди жасоодон жана жалган ишенимдерге кабылуудан коркуп Өзүңө корголойм.” (Тирмизи, “Дуа”, 126). 📚

“Жараткан Аллам, мага ыроологон ырыскыларыңды жоготуп алуудан, берген ден-соолугуңду бузуп алуудан, күтүлбөгөн жерден бере турган жазаңдан жана Сенин каарыңа кабылтуучу бардык нерседен коркуп Өзүңө баш калкалайм” (Муслим, “Зикир”, 96).📚

🖇“Оо Аллам, алсыздыктан, жалкоолуктан, коркоктуктан, карылыктан, кабыр азабынан, тирүүлөр менен өлүүлөрдүн казабынан коркуп, Сага кулдук урам” (Мүслим, “Зикир”, 50). 📚

“Алла таалам, пайдасы жок илимден, кайгырбаган жүрөктөн, тойгонду билбес напсиден, кабыл болбогон дубадан коркуп, Өзүңө табынам” (Мүслим, “Зикир”, 73). 📚

🖇“Аллам, Сенден туура жол, терең ишеним, ар-намыс жана кең пейилдик тилейм” (Мүслим, “Зикир”, 72). 📚

“Оо Раббим, мени бирөөгө жакшылык кылганында сүйүнгөн, ал эми жамандык кылганында өкүнгөндөрдөн кыл” (Ибн Маже, “Эдеп”, 57).📚

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button