alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
ВидеоЖаңылыктар

Жоолуктун шылтоосу менен иштен алынган Сейил айым Бишкек мэриясын соттон 2-ирет утуп алды

Бишкек мэриясы менен соттошуп жаткан мурдагы кызматкери Сейил Маданбекованын арызын шаардык экинчи ирээт канаатандырды.

Шаар башкармалыгынын Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси болуп эки жыл иштеген Маданбекова кызматынан 2016-жылдын ноябрь айында алынган. Ал буга жоолук салынып жүргөнү себеп болгон деп эсептейт.

— Мен жети жыл мамлекеттик кызматкер болуп жакшы эле иштеп жаткам. Бир дагы сөгүш алган эмесмин. Жаңы аппарат жетекчиси келип менин жоолугум жакпай, экинчиден, ордум керек болуп эле кетиришти, -деп билдирди ал.

Сейил Маданбекованын иштен алынуусу мыйзамсыз болгону жана аны кайра жумушка алуу керектиги тууралуу арызын буга чейин Бишкектин Ленин райондук соту карап, канааттандырган.

Мэрия шаардык соттун соңку чечими боюнча комментарийди ал чечим расмий түрдө колго тийгенден кийин гана берээрин билдирди.

https://m.youtube.com/watch?v=zFdc_ZXbXcE&feature=youtu.be

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button