Макалалар

🤗Жетимдин башынан сыла, сооп табасың.

✍🏻 Шакро жана Хифр ал-Баатиндеги жетимдер үйүнө бардым. Салам айтып босогону аттаганда эле жүрөгүм жибиди. Бирге отуруп баштарынан сылап, мен аларга ийгиликке шыктандырып, окууга кызыктырган сөздөрдү, кезегинде пайгамбарыбыздын (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Жетимди кепилдигине алган адам бейиште мени менен мына ушундай аралыкта болот”,- деп сөөмөйү менен ортонун бир аз ачып көрсөткөнүн, ал бардык жетимдердин атасы болгонун, ааламдагы эң кадырлуу инсан жетим экенин айттым. Биз аларга ата ордуна ата экенибизди эстеттим. Анан алар бизге арнаган ырларын окуп беришип, жакшы сөздөрүн жолдошту. Кыскасы, бул жолугушуудан өзүмдү дагы бир жолу тарбиялап кайттым.

Дегеним, жетимге жакын бол, алардын жүрөгүнө кубаныч киргиз, көңүлүн көтөр. Бул – өмүрүңдү узартат, жүрөгүңдү жибитет, ырыскыңа береке киргизет, үй-бүлө жана урук-урпагыңды жамандыктан оолактатат.

Аркалаар атасы, эркелээр энеси жок, мээрим көксөгөн балдар менен чогуу болуу кандай жакшы. Ага жөлөк болосуң, аз болсо да көңүлүн көтөрүп, бир аз мүнөт болсо да кайгысын унуттурасың, анын кайрымжысына Алладан сооп-сый аласың.

Тажрыйбамдан жакшы билем, жетимдерге жолугуп кайткан сайын, үстүмдөн жүгүмдү алып таштагансып, көңүлүм жибип, кадамымды кере-кере шилтеп калам.

Автор
Аид ал Карни.
Булак:
📗 "Бакыттын сырын ачтым" китебинен.
Ачкыч сөздөр
Көбүрөөк

Бул да кызыктуу

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Бул да кызыктуу

Close
Close
Close