ВидеоМедиа

Жетим калган айып эмес: Аны кордобо, кемсинтпе какпа-силкпе, акшыйып караба.

«Кимде ким жалгыз Алланын ыраазылыгы үчүн гана жетимдин башын сыласа, (колу канча тал чачка тийген болсо,) ошончолук сооп жазылат» (Кутуу хадистен)

Токтогул, Барпы, Жеңижок,
Жетим өскөн жашынан.
Генийлер чыгат чоңойсо,
Жетимдин сыла башынан.
(Аалы Туткучев)

Ибн Аббас (Алла ага ыраазы болсун) баян этет:

Азирети Али (Алла ага ыраазы болсун) бир торбо арпага келишим түзүп түнү бою бирөөнүн курма багын сугарат. Күн чыккандан кийин өз акысын алып үйүнө кайтат. Жубайы арпаны жаргылчакка тарткандандан кийин «Хазира» делген тамакты жасайт. Тамак бышырылып, эми дасторконго коюлуп жаткан кезде бир тилемчи «өзөк жалгаганга жарты нан болсо да» деп көзү жашылданып эшик кагат. Кайрымдуулук кылуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгаргысы келбеген момун мусулман бүлө бышкан тамакты ошол бойдон кайырчыга салып беришет да, маңдай тер менен таап келген арпанын дагы бир бөлүгүн жаргылчакка тартып тамак жасашат. Бул ирет да тамак бышкан кезде ачкалыктан иреңи кубарган жетим кайырчы эшик кагат. Жетимдин абалына көңүлү түтпөгөн камкор сахаба бышырылган тамакты бүт бойдон жетимге салып берет. Өздөрү ачка болгондуктан торбонун түбүндө калган акыркы арпадан тамак бышырышат. Аңгыча эшик чертилет. Сырка чыгып карашса, мушриктердин колунда жүргөн бир туткун экен. Туткун дагы өзөк жалгаганга бир нерсе сурап келгенин айтат. Аллага тобокел кылган Алинин бүлөсү акыркы тамакты туткунга берип, жаңы башталган күндү ачка өткөрүшөт. Башка бир айтымда Азирети Алинин үй-бүлөсү ооз ачарга деп бышырган тамактарын үч күн катары менен кембагалга, жетимге жана туткунга берип, өздөрү суу менен ооз ачышкан.

Мына ушул ажайып берешендиктин артынан береги аят түшүрүлгөн:

«Алар өздөрү ачка отурса да жетимдер, туткундар жана жакырлар менен ырыскыларын бөлүшүшөт жана: «Биз силерден ыраазылык да, сый да күтпөстөн Алланын ыраазычылыгы үчүн гана силерди тойгузабыз, Биз Эгебизден жана азабы оор Күндөн коркобуз» (дешет). Алла аларды ал Күндүн жамандыгынан сактап, нурдуу жана кубанычтуу кылды» (Инсан сүрөсү, 8-11-аяттар) (Вахиди, 470-бет; Замахшари, VI, 191-192; Рaази XXX, 244).

Аятта баяндалгандай, Алла Тааланын мактоосуна арзыган пенделер кайрымдуулук кылганда: «Биз силерден ыраазылык да, сый да күтпөстөн Алланын ыраазычылыгы үчүн гана силерди тойгузабыз» деген ой-максат менен беришет. Ал берешен пенделер бул айтымдарды кайырчынын бетине айтпастан, көөдөндөгү ыйман тили менен айтып, Алла Таалага тобокел кылышкан. Мына ушул нерсеге басым жасоо максатында «дешет» деген айтым түздөн-түз эмес, каймана түрдө маалымдалган.

Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close