Юристтен кеңеш

Жер тилке/Турак жай сатып алууда эмнелерге көңүл буруу керек?

Жер же турак жай сатып алууда көптөгөн адамдар олуттуу каталарды кетирип коюшу мүмкүн. Укуктук сабаттулуктун жоктугуна байланыштуу көп адамдар өздөрү түшүнбөгөн, билбеген абалда материалдык зыяндарга учурап жатканын көп көрөбүз. Адамдар жер-турак жай сатып алууда эмнеге көңүл буруу керектигин билишпейт, жердин менчик ээси болбогон адамга дагы акча берип коюшат, алдын ала задаток бергенде, расмий түрдө келишим түзүп алышпайт, акча берүү учурларда тил каттарды жазышпайт, кыскасы ар кандай жеңил ойлуулуктун кесепетинен кийин жылдап соттошуп жүрүшөт. Андыктан, акчага жана мүлккө байланышкан иштерде юрист менен бир ооз кеңешип алуу туура болот. Жана төмөнкү нерселерди дагы эске алып коюңуздар.

1) УКУК ТАСТЫКТООЧУ КАГАЗДАРЫ.

Курулушу жок таза жер тилкеси болобу, же турак жайы менен болобу, ар бир кыймылсыз мүлктүн өзүнүн укук тастыктоочу жана укук күбөлөндүрүүчү документтери сөзсүз түрдө болот.

Укук тастыктоочу документ эң керектүү кагаз болуп саналат, ал документтин негизинде гана жерге/турак жайга менчик укугу берилет, жана ага төмөнкүлөр кириши мүмкүн:
1) айыл өкмөттүн же мэриянын жер тилкени ажыратып (бекитип, мыйзамдаштырып) берүү тууралу токтому же буйругу.
2) Нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн сатып алуу-сатуу (белекке берүү ж.б.) келишим.
3) госрегистр тарабынан күбөлөндүрүлгөн сатып алуу-сатуу (белекке берүү ж.б.) келишими.
4) мурас укугу тууралу күбөлүгү (мамлекеттик нотариус тарабынан берилет).
5) менчиктештирүү боюнча тийиштүү чечим, протокол, келишимдер.
6) соттун чечими, өкүмү.
7) сот аткаруучунун өткөрүп берүү актысы, протоколу.
8) архитектура тарабынан даярдалган курулушту колдонууга киргизүү актысы же билдирүү.
9) ж.б. документтер болушу мүмкүн.

Укук тастыктоочу документтин негизинде *укук күбөлөндүрүүчү документ* жасалат, аларга төмөнкүлөр кирет:
1) жер участогуна болгон жеке менчик укугу тууралу мамлекеттик акты (госрегистр тарабынан даярдалат, кызыл китеп же госакт деп коюшат).
2) жерге жайгаштыруу боюнча иш кагаздар (госрегистр тарабынан даярдалат).
3) курулуштун техникалык паспорту (госрегистр тарабынан даярдалат).
4) проект, АПШ, АПЗ, күбөлүк ж.б. документтер болушу мүмкүн.

Укук тастыктоочу документ кыймылсыз мүлккө менчик укукту берсе, укук күбөлөндүрүүчү документ болсо ошол жердин же курулуштун узун-туурасы-аянттарын, коңшулаш жер ээлерин, күн чыгыш-батыш тараптарын, чек араларын, курулуш аянтын, пайдалуу аянтын, жашоо аянтын ж.б. өзгөчөлүктөрүн көрсөтүп, ачыктап гана берет. Укук күбөлөндүрүүчү документ болбосо, өтө чоң корунуч болбойт, бирок болгону жакшы (милдеттүү эмес болгону менен, аларды даярдоо убарагерчиликти, чыгашаны талап кылат).

2) МАМЛЕКЕТТИК КАТТООДО БОЛУШ КЕРЕК.

Жогоруда айтылган менчик укугун берүүчү укук тастыктоочу документ сөзсүз түрдө госрегистрде каттоодо туруусу керек.
Каттоодо тургандыгын госрегистр тарабынан бериле турган *реестрден выписка* аркылуу билүүгө мүмкүн. Выпискада жердин же турак жайдын менчик ээси, укук тастыктоочу документтер, укук катталган күнү, арест, залогдор көрсөтүлөт.
Ошондой эле, укук тастыктоочу документтин арт жагында госрегистрдин каттоо штампы да болуусу керек, бул штамп документ катталгандыгын билдирет.
Эгер выпискада (справкада) жер же турак жай арестте, залогдо тургандыгы белгиленсе, анда юрист менен кеңешмейинче, ал жерди/турак жайды сатып албай туруу керек. Акчадан кур калып калуу коркунучу бар, эгер “залогдон чыгарып, анан сага өткөрүп берем” деген убада берилсе, анда нотариалдык түрдө алдын ала сатып алуу-сатуу келишимин (предварительный договор купли-продажи) түзүп, аны госрегистрде каттап алган жакшы.
Эскертүү: бир даректеги жер/турак жай тууралу реестрден выписка каалаган адамга берилет, орточо 200 сомдун тегерегинде турат.

3) ЖЕР/ТУРАК ЖАЙДЫН МЕНЧИК ЭЭСИ.

Кээ бир учурларда жерди/турак жайды жердин расмий менчик ээси болбогон, бирок анын тууганы, досу, таанышы болгон адамдар сатып алууну сунуштап калышы мүмкүн. Жерди көрсөтсө, көрүп коё бериңиз, бирок акча берүүдөн алыс болуңуз. Жердин/турак жайдын баасын менчик ээси менен гана же анын алдында соодалашыңыз.

4) АЯЛЫНЫН/ЖОЛДОШУНУН МАКУЛДУГУН СУРАҢЫЗ.

Жер/турак жай кимдин атында катталган болсо, ошол адамдын аялынын же күйөөсүнүн нотариалдык макулдугун же нотариуска аны алып келүүсүн талап кылыңыз. Бойдокмун, ажырашканбыз десе, паспортундагы белгисин караңыз жана тааныган адамдардан сураштырыңыз. Эгер бар аялынын/күйөөсүнүн макулдугусуз алынып калса, кийин ал келишим сот тарабынан жараксыз деп табылышы толук мүмкүн.

5) АКЧАНЫ ЭСЕПТЕП БЕРҮҮ.

Жерди/турак жайды сатып алуу жөнүндө оозэки келишсеңер, анда нотариуста же госрегистрде оформление учурунда акчаны толук санап бергениңиз туура болот. Бирок, нотариуска баргыча эле задаток/аванс талап кылса, анда жердин менчик ээсине гана жана тил каттын негизинде гана берсеңиз болот, ошондо дагы азыраак сумма (1000-2000 сом) берген жакшы. Көбүраак сумма сураса, анда нотариус аркылуу договор задатка же предварительный договор купли-продажи түзүп алган эң туура болот. Канча акча берилбесин, канча жолу берилбесин, сөзсүз сатып алуучу менен сатууучунун ортосунда тил каттар аркылуу мамиле кылган турараак болот. Эгер ири өлчөмдө акчаны нотариалдык түрдө келишим түзбөй берсеңиз, ал сатуучү жердин баасын көтөрүп жиберүүсү же башка адамга сатып жиберүүсү да мүмкүн экендигин эске алыңыздар. Договор задатка же предварительный договор бул нерсени алдын алат. Эгер күмөн санасаңыз, анда юрист/адвокат аркылуу иш жүргүзүңүз.

6) ТАЛАШ-ТАРТЫШ ЖЕРЛЕР/ТУРАК ЖАЙЛАР.

Акыркы убактарда адамдар, кээде жакын эле туугандар бири менен жер/турак жайды сот аркылуу талашкан учурлар көп кездешчү болду. Андай жерди/турак жайды билбей сатып алган адам дагы бир зыянга учурап калуусү мүмкүн. Талаштагы жерди/турак жайды госрегистрде регистрационная карточка аркылуу же историческая справка аркылуу же тааныш кызматкери аркылуу биле алат. Дагы бир жакшы ыкма – ошол жердин/турак жайдын коңшулары аркылуу сураштырып койгон дагы ашыкчалык кылбайт.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан трансформация кылынбаган айыл чарба багытындагы жерлерди сатып алуудан абайлаңыздар, кээ бир айыл өкмөттөр ошондой жерлерге токтом, буйрук чыгарып коюусү да мүмкүн. Мисалы, Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтү тарабынан жарандарга берилген 300 дөн ашык буйруктар прокуратура тарабынан сот аркылуу жокко чыгарылып жатат.
Дагы бир коркунучту эске салсак, мисалы, сизге көрсөткөн жер башка, ал эми документтеги жер башка болуп калуусу да мүмкүн. Сиз ошол жерге адашып турак жай тургузуп алсаңыз, зыянга учурооңуз мүмкүн. Андыктан, жерди сатып албай же сатып алгандан кийин госрегистр же архитектура адистерин жалдоо аркылуу анык жайгашкан жерин, чек араларын тактап, казыктарды кактырып коюунун зыяны жок.

7) САТЫП АЛУУ-САТУУ КЕЛИШИМИ ЖАРАКСЫЗ ДЕП ТАБЫЛЫШЫ МҮМКҮН.

Төмөнкү негиздер, себептер аркылуу сатып алуу-сатуу келишимиңиз кийин сот тарабынан жараксыз деп табылышы мүмкүн:
1) эгер келишим көз будамалоо, адаштыруу максатта, курулай, эч нерсеге татыбас, коркутуу астында түзүлсө.
2) эгер жер/турак жайдын ээсинин аялы/күйөөсүнүн макулдугу алынбаса же алынган макулдук кагаз кийин жасалма болуп чыкса.
3) келишим мыйзам талаптарын бузуу менен түзүлсө.
4) алгачкы укук тастыктоочу документ жараксыз деп сот тарабынан табылса.
5) башка негиздер менен.

8) ЮРИСТ/АДВОКАТ МЕНЕН КЕҢЕШИП, ИШ ЖҮРГҮЗҮҢҮЗДӨР.

Жер/турак жайлар азыркы күндө жүз миңдеген, кээде бир нече миллион акчаларга сатып алынып жатат, документтерде же адамдарда кээде түшүнбөстүктөр, каталар, жашыруун маалыматтар камтылып калышы мүмкүн. Көп адамдар эң эле жөнөкөй маселелерди түшүнө албагандыктан, ири өлчөмдө зыяндарга учурап жаткандарын көрүп эле жүрөбүз. Адвокат/юристке кеңеши үчүн кетирген 500-1000 сом акчаңыз ошондой зыяндардын алуусу мүмкүн. Шашылыш түрдө ишти бүтүрүүнү талап кылган сатуучулардан абайлап, иш кылыңыздар.

_________________________

(Маалымат 02-май 2018-жылы formula.kg сайты үчүн даярдалды, дагы толукталып турушу мүмкүн. Маалымат жалпак тил менен үстүртөн даярдалды, юрист менен дагы такташып, кеңешиңиздер).

Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Кубанычбек Бакиров

Бакиров Кубанычбек Тоялыевич, адвокат, "Кеңеш" маалымат-укуктук борбору мекемесинин жетекчиси. Дарегибиз: Жалал-Абад ш. Ж.Бакиев көч.N68. Тел.: 0557661377, 0777661377, 0507661377. W/A: 0779958333

Тектеш темалар

1 пикир

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close