Юристтен кеңеш

Жеңил акчаны, ийгилик табууну сунуштаган ар кандай компаниялар тууралуу адвокаттан кеңеш.

Учкул сөз:

  • Акчага байланышкан ар кандай иш-чараларга аралашуудан мурун юрист, адвокаттан кеңешип алууңуз көптөгөн материалдык жана моралдык зыяндардын алдын алат. Ар бир уюмдун ишмердүүлүгү тууралу юристтердин жардамы менен юстициядан, салык кызматынан, социалдык фонддон жана башка жактардан билип, сурап алууга мүмкүн.

Былтыр 2017-жылы бир намазкан эже мага кайрылып калды: «Иним, пайызы жок шарттарда насыя бере турган бир фонд ачылыптыр, арабдар өздөрү демөөрчү болушат экен, кыргызстандагы элди жакырчылыктан чыгаруу максатта ушундай фонд ачылыптыр, элдер көп кайрылып жатышат, бирок катталуу үчүн 2000 сом төлөш керек экен, сен мындай нерселерге бир аз түшүнөсүң, бир текшерип берчи» -деди. Мен кеңсесинин жайгашкан дарегин тактап, барсам, базардын ичиндеги анчалык жакшы эмес бир кычыкта жайгашкан, ичинин аянты бир 10-12 чарчы метр болгон өтө тар бөлмөдө бир киши отуруптур. Аны тегеректеп 10-15 аял кишилер турушкан экен. Бул кеңсесин, кишини, иштин уюштурулушун көрүп эле, бул элге пайызы жок насыя бере турган уюм эмес экенин дароо түшүндүм жана эжеге телефон аркылуу чалып, ишенич жок экенин жана анын себептерин түшүндүрдүм. Кийин ушул эле фондго өзүмдүн досум чуркап жүргөнүн угуп, ага дагы билген наасатымды айттым.
Мындай жеңил акча сунуштаган уюмдарды 10 жылдан бери жылда ар кандай аталыштарда жана ар кандай сулуу сөздөрү, убадалары менен угуп эле келемин. «2000 сом берсең – 15000 сом болуп кайтат экен, пайызы жок насыя, бекер жардам, кайрымдуулук, зекет, кетпес сулуулук, түбөлүк жаштык, таза ден соолук, жаркын жашоо, ийгиликтүү турмуш, бай болуунун оңой жолу, алтын, бриллиант, күмүш, успех, карьера, удача, гудлак, саншайн, санрайс, фьюче, голден, здоровье, красота» ж.б. ар кандай азгыруучу сөздөр, көбүнчө чет өлкөлүк аталыштарды, сөздөрдү колдонгон, акылың кабыл кылбай турган, бирок напсиңе жага турган убадаларды камтыган мындай уюмдар козу карындай эле пайда болуп, кайта жок болуп эле кетет. 1 же 2 жыл өтпөй, кийинки жылдары «качып кетиптир, же түмөдө отурат экен, алданып калыптыр, банкрот болуптур, соттошуп жатышыптыр, жалган экен, көп аялдар ал адамды алданышыптыр, сиңдисинин, үкасинин акчасын иштетип, күйүп кетиптир, бир нече кредит алып, алданып калыптыр, өзүнүн жана бир тууганынын үйлөрүн күрөөгө коюп, үйсүз калыптыр, бир туугандар душман болуп калышыптыр, ажырашып кетишиптир, жүрөк оору болуп өлүп калыптыр, сот-милицияга каттап калыышптыр» деген сөздөрдү угуп каламын.

Адамдар, өзгөчө аял кишилер, мындай жарыяларга, убадаларга оңой алданып, эч бир акыл жүгүртпөй эле ишене калышат экен. Бирок, дайыма акыры аянычтуу болуп аяктаган учурда ал адамдардын жүздөрүн көрсөң, армандарын уксаң, бул көйгөйлөрү өмүр бою түгөнбөсө керек деп ойлойсуң, себеби көпчүлүгү өтө ири суммадагы карыздарга өздөрүн, бир туугандарын дагы батырып салышкан учурлар абдан эле көп.
Эми ушундай күмөндүү кампаниялардан сактануу боюнча өзүмдүн укуктук кеңешимди берип кетемин. Ар кандай жалганчыларга алданбоо үчүн төмөнкү эрежелерди эске алып коюңуздар:

1. РАСМИЙ УЮМ.

Кандай гана тармак болбосун, өзгөчө акча аралашкан иштерде сөзсүз түрдө расмий түрдө катталган уюм болушу керек, анын өзүнүн күбөлүгү, уставы, буйруктары, кассалык квитанциялары, жетекчиси, бухгалтери, кассири, юристи болушу шарт. Ишкана жоопкерчилиги чектелген коом, акционердик коом, коомдук фонд, коомдук бирикме, филиал, өкүлчүлүк жана башка түрдө катталуусу мүмкүн, ал күбөлүгүндө көрсөтүлөт. Ал документтерди юристтер гана жакшы түшүнүшө алышат. Кээ бир уюмдардын иш-кагаздары башты айландырган татаал болуусу да мүмкүн.

Юридикалык жактын аталышы же ИНН аркылуу ошондой мекеме-ишкана катталган же катталбагандыгын аныктаңыз

Аныктоо

2. РАСМИЙ КЫЗМАТКЕР.

Сиз менен сүйлөшкөн адам жана башка адамдары ошол уюмдун расмий түрдө буйрук менен дайындалган же келишим менен жалданган кызматкерлери болуусу шарт, эгер чынчыл ишкана болсо, анда ар бир кызматкерге расмий түрдө айлык акы бекитилет жана социалдык фондго, салык кызматына салыктар эсептелинип, төлөнөт. Эгер расмий түрдө айлык акы албаса, анда дароо ишенбөө үчүн негиз бар деп эсептей бериңиз. Айлык акысыз иштер бир гана кайрымдуулук, сооп иштерде гана болот, андай уюмдар адамдардын артынан адам чакырышпайт. Эгер эч бир кайрымдуулук иштерге катышпаган адам, жок жерден эле кайрымдуулук иштерди сүйлөп калса, жакшы текшерип, сураштырып, иш алып барыңыз, кээ бир адамдар өзү түшүнбөгөн нерселерди да сүйлөй бериши мүмкүн.

3. КЕҢСЕСИ.

Чынчыл уюм ижарага алган бөлмөсүн келишимдин негизинде ижарага алат жана ижарага алган бөлмөсү бир кычыкта, базардын ичинде, коридордо эмес, эл көзүнө көрүнгөн, ачык, кенен жерде болот жана бөлмөлөрү ишкананын бөлмөлөрүнө окшошот, отургучтары, эмеректери, компьютер, принтер, сканер, интернет, жумушчу телефон, факс, кабыл алуучу бөлмө, чай-кофе кайнатуучу каражаттар ж.б. болот.

4. КЕЛИШИМ.

Дубалга, доскага илинген ар кандай чиймелерге, сүрөттөргө ишене бербеңиз, эң туурасы жана жакшысы ар бир кардарга таанышуу үчүн бир программанын жана келишимдин үлгүсү берилет жана ал келишим сөзсүз түрдө кыргыз тилинде жана түшүнүктүү болуусу шарт. Келишим түшүнүксүз же чет тилде болсо, анда бул уюм ишенимге татыктуу эмес. Келишим ушул уюмдун келишими болуусу керек, анан башка эле уюмга тиешелүү келишимди көрсөтүүсү туура эмес.

5. ТАРЫХЫ.

Ишкана 2-3 ай мурун эмес, бир нече жыл мурун юстицияда катталып, ишин жүргүзгөн учурда гана ишенүү туураарак болот. Кечээ эле ачылган жана катталган уюмга ишенүү кыйыныраак. Жеке ишкер болсо же расмий түрдө күбөлүк көрсөтө албаса же өзүнө эч бир тиешеси жок күбөлүктөрдү же башкача сертификаттарды көрсөтсө, ишенип кетпеңиздер.

6. ТӨЛӨМ.

Расмий келишим жок эле, банкка же кассага аванс, взнос, же башка төлөм төлөп келүү сунушталса, ага ишенбеңиз. Дээрлик бардык учурларда элдерди коомдук бирикмеге ыктыярдуу мүчө катары төлөмдөрдү банкка төлөтүшөт, бирок элдерге башка сөздөрдү, убадаларды айтышат. Андай акчалар кайтпайт, анткени ал ыктыярдуу, эч бир милдети жок төлөм болуп саналат. Эмне үчүн төлөп жатканыңарды акылыңар менен жакшы түшүнүп алганыңар жакшы. Келишим жок, эч кандай төлөм төлөнбөйт.

7. ЗЕКЕТ.

Эгер бир бай мамлекет, мисалы араб мамлекети же башка мамлекет, Кыргыз элине пайызы жок каражат берүүнү кааласа, анда ал Кыргыз Республикалысынын Өкмөтү аркылуу же расмий түрдө ишмердүүлүк жүргүзүп келе жаткан баары тааныган коомдук уюм аркылуу же баары тааныган коомдук, диний ишмер аркылуу өз ишин жүргүзөт жана кеңсесин бир уяттуу жерден ижарага алат жана жүз миң же миллион сом бере алган ишкана 2000 сом алдын ала албайт, бул акылга сыйбайт. Пайызы жок каражат берген уюм алгач иш кагаздардын тизмеси менен арызыңызды кабыл алат, каражат берүүнүн шарттары менен тааныштырат, жашоо шартыңызды изилдейт, жана расмий түрдө иш жүргүзөт. Акчаны оңойчулук менен бербейт. Депуттар жана өкмөт дагы пайыз жок эмес, 5%дан насыя бере албайт, анан бир кычыкта отурган уюм кантип берсин.

8. ШАШЫЛБАЙТ.

Эч бир уюм бүгүн, эртең бир жакка кетип кала тургандай шашылыш иш жүргүзбөйт, саналуу күн калды, аз орун калды, эртең кеч болуп калат деген сөздөргө ишенбеңиздер.

9. СЕТЕВОЙ.

Артыңыздан мынча адам алып келсеңиз, сизге дагы киреше жазылат деген эле болсо, ал уюмду чынчыл эмес уюм, кызматкерлерин чынчыл эмес адамдар катары билиңиз. Артынан адам алып келе турган эч бир экономикалык ишмердүүлүк катталган эмес, андай ишмердүүлүк жок.

10. ИНВЕСТИЦИЯ.

Кандайдыр бир өтө ийгиликтүү долбоорго инвестиция кошуп, инвестор болууну сунуштаган уюмдардан дагы алыс болуңуз, өзгөчө эгер ал долбоор чет өлкөлүк аймактарды камтыса. Өтө ийгиликтүү долбоорлор эч качан инвестору жок калбайт, чет өлкөлүк миллиард акчалары бар инвесторлор андай долбоорлорду эч кимге алдырбайт. Андай ири инвестициялык долбоорлордо өтө катуу талап менен иш жүргүзүлөт, жөн эле интернет же тааныш аркылуу акчалар кабыл кылынбайт, алдын ала келишимдер сунушталат, шарттары сүйлөшүлөт, Өкмөт аркылуу иштер жүргүзүлөт. Эч качан өнүккөн чет өлкөлүк уюмдар Кыргыз элинен инвестиция тилемчилеп сураган учурлар тарыхта болгон эмес.

11. ИШЕНИМ.

Ар кандай күмөндүү булактардан, интернеттен, социалдык тармактардан, же бейтааныш адамдар аркылуу ушул сыяктуу жеңил акча табуу долбоорлорго, оюндарга, жарыя, сунуштарга ишенбеңиздер. Жеңил, бекер акча же киреше тарыхыбызда болгон эмес.

12. АРАМ АКЧА.

Бекер жана акчалай жардамдар бир гана мечиттер, диний ишмерлер, ыймандуу инсандар, кайрымдуулук фонддор тарабынан гана милдет кылынбай эле берилет. Сетевой компаниялар жана лотереялар арам экендиги аалымдар тарабынан айтылып келет.

13. БАД.

Кээ бир уюмдар кошулмалар, дарыларын сунушташат, ал уюмга аптекадай эле мамиле кылыңыз, керек каражатты алыңыз, керек эмесин албаңыз. Бирок белгилүү өлчөмдөгү сумма чыгымдоого үгүттөлсө жана артыңыздан кардар алып келсеңиз, анын сатып алуусунан дагы сизге тыйын эсептелинсе, анда бул учурда дагы абайлап иш кылыңыздар. Мындай сетевой компаниялар пайдасыз керектөөчүлүк адат-түшүнүктү жашооңузга таңуулашат, кереги эмес каражаттарды ала бересиз жана башкаларга да сунуштай бересиз. Үйбүлөлүк бюджеттин берекесин кетирет.

14. КЕҢЕШҮҮ.

Акчага байланышкан ар кандай иш-чараларга аралашуудан мурун юрист, адвокаттан кеңешип алууңуз көптөгөн материалдык жана моралдык зыяндардын алдын алат. Ар бир уюмдун ишмердүүлүгү тууралу юристтердин жардамы менен юстициядан, салык кызматынан, социалдык фонддон жана башка жактардан билип, сурап алууга мүмкүн.

Адвокат Бакиров Кубанычбек Тоялыевич.
Жалал-Абад ш. 21-январь 2018-ж.
Формула сайты үчүн даярдалган.

Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Кубанычбек Бакиров

Бакиров Кубанычбек Тоялыевич, адвокат, "Кеңеш" маалымат-укуктук борбору мекемесинин жетекчиси. Дарегибиз: Жалал-Абад ш. Ж.Бакиев көч.N68. Тел.: 0557661377, 0777661377, 0507661377. W/A: 0779958333

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close