⛔ ЖАЙЫРААК АЙДА, АЛДЫДА КООПТУУ БУРУЛУШ

⛔ ЖАЙЫРААК АЙДА, АЛДЫДА КООПТУУ БУРУЛУШ

0 578

 

✍ Бул эскертүүнү жол жээгинен көп көрөбүз. Муну өмүр сапарда да колдоно билүүбүз зарыл экенин аңдадым. Жашоо жолу түз эмес, бурулуш абдан көп, демек, ылдамдыкты азайтууну унутпа. Жашоодогу ылдамдыкты азайткан, б.а, бизден талап кылынган сапат – жумшактык. Дайыма сен ойлогондой боло бербейт, ошондуктан, жумшак бол. Үйүңдө жумшак болбосоң, үй-бүлөңдү бузасың; жумушуңда жумшак болбосоң, кесиптештериңе жаман көрүнөсүң; жашоодо жумшак болбосоң, досторуң каска айланат.

“Жумшактык кандай ишти болбосун, көркүнө чыгарат”. Жашоо чыйырында алдыңдан же аска, же чукул бурулуш, же казылган же чыгарын дайыма билип жүр. Өзүңдү өзүң жок кылууга шашылба, жүткүнбө, ар бир мүшкүлдү, ар бир көйгөйдү ашыкпай жумшактык жана даанышмандык менен чеч. Шашпоого эч нерсе жетпейт. Тажрыйбалуу айдоочуну карап көрчү: жолдун тардыгына же автотыгынга карабай машинасын жай-баракат айдап, кырсыктан өзүн сактайт. Ал эми тажрыйбасы жок, шашкалаң айдоочуну кара: жолдун кенендигине карабай, кырсыкка учурайт, өзүн да, башкаларды да жабыркатат.

Ашыкпай жүр, сылык сүйлө, салам айт, ачканын курсагын тойгуз, туугандар менен карым-катыш кыл, түнү адамдар уктап жатканда намаз оку, бейишке да ушундай бейгам, жеңил киресиң.

📘 “Бакыттын сырын ачтым” китебинен даярдалды.

Автор: Аид ал Карни

📱👉✿+996708924964

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Жооп калтыруу

Email дарегиңиз башкаларга көрүнбөйт

We would like to keep you updated with special notifications.