АалымдарМакалалар

Жапа чеккен адамдын дубасынан корк

Жапа чеккен адамдын дубасынан корк

✨Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🕌Абдишүкүр Нарматов.

✍🏻Адамдар эмнеге бири-бирине зулум кылышат? Зулумсуз, бири-бири менен жакшы мамиледе жашоого болбойбу? Албетте болот. Бирок ал үчүн ар бирибиз биздин жашообуздун негизги тартиби болгон динди туура түшүнүшүбүз керек. Кээ бирөөлөр өз мал-дүйнөсүн көбөйтүү үчүн зулум кылышат.
Кээ бирөөлөр башкалардан артыкча жашоо үчүн зулум кылат.
Кээ бирөөлөр жөн эле өз напсисин тыя албай зулум кылат. Бирок, ушунун баарынын акыркы чеги түбөлүк тозок боло турган болсо, мындай байлыктын кимге кереги бар!?
Азыр мына ушул сонун тамакты тоё жегин, андан соң отко салам десе, кимдин тамагынан аш өтсүн. Зулумдук менен табылган бир кесим нан да, бир тамчы суу да эртең эле тозокко жетелеп барат.
Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):
– «Зулум, бул кыяматтын караңгылыгы» – деген. Зулум кылган адамдын кыяматтагы абалы өтө оор болот. Кабырдан баштап тозокко чейин караңгылыктан чыкпай кылат. Аллах Таала ыйык Кураанда: «Аллах заалымдардын иштеринен капарсыз экен деп ойлобо! Чындыгында Ал алардын көздөрү чанагынан чыга турган күнгө чейин гана мөөнөтүн узартат. Алар чанагынан чыккан көздөрү, бош калган жүрөктөрү менен баштарын көтөрүп, алдыга карай жүткүнүшөт» – деп айткан.

Бир заалым падышанын ак сарайынын жанында, багар көрөрү жок бир кемпирдин кара алачыгы болот. Бир күнү хан шааншөкөт менен ууга бара жатып кара алачыкты көрө калат да, анын кимдики экенин сурайт. Жөкөрлөрү жалгыз кемпирдин алачыгы экенин айтышат.
Ошондо падыша ак сарайымды
көркүн бузуп жаткан алачыкты кыйратып жоготкула деп буйруйт. Жөкөрлөр аны бир заматта талкалап жоготушат. Бир аздан соң эптеп курсагын тойгузуунун каргытында жүргөн кемпир келет. Келет да, алачыгынын ордунан башка эч нерсени таппай калат. Араң баш калкалап, күн өткөргөн алачыгынан айрылган мазлум, зыян тарткан кемпир алакан жайып, көз жашын агызып Аллахка дуба кылат.
– Оо, Аллахым – дейт ал, – мен өз курсагымдын айынан бул жерден алыстап кеттим эле, ал эми эч нерседен капарсыз калбаган сен кайда кеттиң эле?!
Кемпир ушунтип ыйлап отурганда уудан падыша келип калат да анын кетпей отурганын көрүп:
– Эй кемпир сенин үйүңдү талкалап салбадыкпы, дагы эмнени күтүп отурасың бул жерде – деп сурайт. Көз жашын али тыйа элек кемпир:
– Сенин сарайыңдын да меникиндей болуп талка лануусун күтүп отурам, анткени Пайгамбар айткан, мазлумдун дубасы менен Аллахтын ортосунда эч кандай тосмо жок – дейт.
Анын сөзүнө анча мани бербеген падыша бастырып кетет. Арадан көп өтпөй жер катуу силкинип титирейт да падышанын асман тиреген ак сарайы бир заматта бир үймөк урандыга айланат.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Заалымдын дубасы, анын ким экендигине карабастан Аллахтын алдына чейин көтөрүлөт. Аны Аллах өзү тосуп алат. Аллах Таала хадисул-кудусийде: «Өз улуулугума ант ичем, эй жапа чеккен адам, сага мен жардам берем» – деп айтат. Абдуллаh ибн Салам айтат: Аллах Таала Адамды жаратканда, ал Аллах Тааладан сен ким менен бирге болосуң деп сурайт. Ошондо Аллах Таала, мен мазлум менен биргемин деп айткан дейт. Аллах Таала ар дайым мазлум менен бирге.

Кыяматта заалымдардын катарында болуп калуудан корколу. Аллах Таала Пайгамбарды же башка бирөөнү эмес, өзүнү үлгү кылып: «Мен өз напсиме зулумду арам кылдым» – деп айткан. Демек Аллах өзүнө арам кылган зулумдан сактаналы. Аллахым Ар бирибиздин билип-билбей жасаган күнөөлөрүбүздү кечир. Заалымдын заалымдыгынан алыс кыл. Бирөөгө зулум кылып коюуудан да мазлум болуп калуудан да өзүң сакта. Асслааму алайкум ва рахматул-Лоhи ва баракатуху

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿+996708924964..
✿ WWW.FORMULA.KG

Ачкыч сөздөр
Көбүрөөк

Насиба Абдуллаева

Көптөгөн курч макалалардын автору.

Бул да кызыктуу

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Бул да кызыктуу

Close
Close
Close