АалымдарМакалалар

ЖАНЫН КЫЙМАКЧЫ БОЛГОН ЖИГИТ

ЖАНЫН КЫЙМАКЧЫ БОЛГОН ЖИГИТ

 

🖊 Дагы самолёттогу жолугушуу. Жаныма жаш жигит отуруп калды. Муңду жүзүнөн чарчап-чаалыкканы көрүнүп, өңү бозоруңку. Сүйлөшүп көрсөм, абалы чатак экен, жүрөгү катып, жашоодон кыйналып, жапа чегип, жакшылыктан үмүтү такыр үзүлүптүр.

– Жанымды кыйып эле кутулбасам, бул дүйнөнүн азабынан кутулар эмесмин, – дейт.

Намазын сурасам, эгерим окубаптыр. Ага намаздын зарылдыгын, пайдасын , артыкчылыгын айтып бердим. Бир канча мисал-далилдерди келтирдим. Куран аяттарын, хадистерди саймедиредим. Кыскасы, бар аракетимдин баарын жумшап, алтын шилекейимди чачыраттым. Экөөбүз чогуу намаз окудук. Телефон номерибизди алыштык. Жылуу коштоштук. Кетип жатып, өзүн жакшы сезгенин, эми намазын такыр таштабасын айтты.

Бир айдай убакыт өтүп, тиги жигит чалып калды. Үнү жандуу. Кубанганы билинип турат. Намазды калтырбай окуп жатканын, жашоосу жеңилдеп, жан дүйнөсү жибигенин, маанайы жарык экенин айтып, мага ыраазылыгын билдирди.

Аллага эсепсиз мактоо болсун, намаз – бакыттын эшиги, ийгиликтин жолу, анан да алсыз, күнөөкөр, бечара пенде менен Кудуреттүү, Кечиримдүү Жалгыз Жараткандын ортосундагы көпүрө экенин жакшы билем. Ошон үчүн ким намазды таштаса, бузулууга, кысылууга, кыйналууга, ал тургай өзүн-өзү өлтүрүүгө жол ачат.

Урматтуу окуучум, намазыңа берилүү, кызыгуу жана Кудайдан коркуу менен мамиле кыл. Убагынан кечиктирбей, туура, так оку, эки дүйнө бактылуу болосуң. Алла айтат: “Намаз окуу жана сабырдуу болуу менен жардам тиле, албетте, бул – оор, бирок (Кудайдан) корккондорго жеңил” (“Бакара” сүрөөсү, 45-аят).

Намаз менен жашоо кандай сонун, чекебизди жерге коюп, Алладан жардам тилеген мүнөттөр кандай керемет!

Намазга жөнө, жыргал да, бакыт да ошондо, намаз – ийгиликтин биринчи эшиги.

📗 “Бакыттын сырын ачтым” китебинен алынды

Ачкыч сөздөр
Көбүрөөк

Бул да кызыктуу

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Бул да кызыктуу

Close
Close
Close