alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
МакалаларТаасирдүү окуялар

ЖАКШЫЛЫКТЫ КОШУНАҢДАН БАШТА..

Жан кошуна,кең кошуна,ал кошуна,бер кошуна,дең кошуна ..) дегендей кошуна биздин жашообуздагы бир канатыбыз, бир тууганыбыздан кийинки жакын инсандар. Жалгыз адам,жалгыз үй,дегиеле жашообузда жалгыз нерсенин өзү жок биз канчалык бай колубуз узака жетпесин, айлана -чөйрөдөгү инсандарга муктажбыз. Айрыкча кошунага жакшы-жаман күнүңдө эң биринчи жетип келип, оорунун,жеңилин көтөрө турган инсандар.
Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) коңшу акысына абдан аяр мамиле кылууну каалачу. Кутту хадисте: «Жабрайил мага ар дайым коңшу акысын эскертчү. Ал тургай мен өлгөндө малмүлкүмөн коңшуларым да мурас ала тургандай ойлочумун!» (Бухарий, Адеп, 28; Муслим, Бирр, 140) – деген.
Аллах Таалам кошуна акысын өтө жогору койгон бул тууралуу куттуу хадисте: «Каапыр коңшуңдун бир акысы, мусулман коңшуңдун эки акысы бар. Ал эми мусулман жана тууган болгон коңшуңдун үч акысы бар.» (Суютий, Жамиус-Сагиир, I, 146)- деген.
«Бай кошунаң болсо бай болгун,кедей кошунаң болсо кедей булгун » -бул дегени бай болсоң байлыгың менен кошунаңа көңүл бөлүп камсызда, кедей болсо кедейлгин билдирбей тамагыңдан,кийим -кече, өзүң жеген тамактан болсо да бир кесе, бир нан болсо да берип акысынан кутул дегени.
Коңшунун терезесин карабоо, жасаб жаткан тамагынын жыты менен коңшуну иренжитпөө, коңшу жактырбай турган мамилени кылбоо – коңшунун акылары.
Абу Зарр аль-Гыфарий мындай дейт: «Мага Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) тамак бышырган кезде шорпосун көбүрөөк кылып, анын бир азын коңшума берүүнү буюрган.» (Ибни Маажа, Атъима, 58) Абу Зарр – жарды сахабалардын бири эле. Колунда өзүнөн арткан тамагы болбогондуктан, бышырган тамагына бир аз суу кошчу. Куттуу хадисте буйрулгандай коңшу акысын берүүгө жоктук шылтоо болбошу керек. Төмөндөгү куттуу хадис сахабалардын коңшу акысына кандай олуттуу караганына абдан жакшы бир мисал: Ибни Умар (Алла ага ыраазы болсун) баяндайт: “Жети үй бар эле, баары жарды эле. Бирөө бул үйлөрдүн бирине койдун башын жиберет. Үй ээси кошунасынын муктажыраак экенин ойлоп, башты ага жиберет. Экинчи үйдүн ээси да ошол эле ой менен башты үчүнчү кошунага берип жиберет. Мына ушинтип баш жети үйдү айланып, кайра биринчи үйгө кайтып келет.» алар сахабалар эле бирок бизда үлгү алуубуз керек колдон келгенче. Анткени кошуна акысы акыретте биринчи сурала турган акылардан,капа кылып коюу,көңүл оорутуу жамандык кылуулардан этият болуу керек ,бейишке кирүүчүү жолдорубузду тосуп алуубуз мүмкүн…

Ислам дини мусулман адам-ды жанында жашаган кошунасы, бирге иштеген кесиптеши, жана бирге жүргөн сапарлашы менен эң жакшы мамиледе болууга буй-руйт. Алла Таала минтип айткан: «Алла Таалага кулчулук (иба-дат) кылгыла жана Ага эч нер-сени тең (шерик) кылбагыла! Ата — энеңерге, тууган — урукка, жетимдерге, бейбечараларга, тууган кошунага, бөтөн кошу-нага, жаныңардагы жолдошу-ңарга, жолоочу мусаапырга жана кол астыңардагы кулда-рыңарга жакшылык кылгы-ла»! (Ниса сүрөсү, 36-аят).Кошунанын исламдагы орду өтө чоң. Бул жөнүндө пай-гамбарыбыз (Ага Алланын сала-ват-саламдары болсун) хадисмага кошунага жакшылык кылууну ушунчалык көп осуят кылгандыктан, аны мураскор кылып коёт го деп ойлоп кал-чумун». (Бухари, 6014. Муслим, 2624).

Мусулман адам кошуна менен жакшы мамиледе болуу үчүн төмөнкү адептерге көңүл буруусу керек:

1. Кошунага зыян жетки-рүүдөн сактануу кепек. Мисалга, аялы менен зина кылуу (ойнош-тук кылуу), уурулук кылуу, сө-гүп-тилдөө, анын короосуна таш-тандыларды ыргытуу, тынчын алуу ж.б.у.с. бардык кошуна ыза боло турган нерселерден сакта-нуу зарыл.Алланын элчиси (Ага Алла-нын салават-саламдары болсун): “Кимде-ким, Алла Таалага жана Акырет Күнүнө ыйман келтирсе, анда кошунасына зыян бербесин!” – деп айткан. (Бухари, 6475. Муслим, 48).

2. Кошунасын урматтап, жакшылык кылуу керек. Алланын элчиси (Ага Алла-нын салават-саламдары болсун): «Кимде-ким, Алла Таалага жана Акырет Күнүнө ыйман келтирсе, анда кошунасына жакшылык кылсын!» — деген. (Муслим, 47).

3. Кошунанын ал-абалын сурап, эгер муктаж болсо, тамак-аш жана кийим-кечеден жардам берүү керек. Алланын элчиси (Ага Алланын салават-саламда-ры болсун) Абу Зарга кайры-лып: «Эй, Абу Зар! Эгер шорпо бышырсаң, суусун көбүрөөк куюп, кошунаңа алып барып, андан кабар ал!» — деп буйруган. (Муслим, 2625).

4. Кошуналардын арасынан эшиги жакыныраагы жакшы-лыкка көбүрөөк акылуу болот. Айша энебиз пайгамбарыбыздан “Кошуналардын кимиси ме-нин жакшылыгыма акылуу болот?” – деп сураганда, “Ки-мисинин эшиги жакын болсо, ошонусу жакын кошуна болуп эсептелет” – деп айткан.

Жакшы кошуна…

Абдулла момун, такыбаа, Аллахты жана анын элчисин сүйгөн, ибаадатка бекем адам эле.
Ар дайым колунда жок, кембагалдарга жардам берип, алардын жүзүнө кубаныч киргизет эле. Кошуналары менен да жакшы мамиле кылат эле. Анын Ахмад аттуу кедей кошунасы бар болчу. Күндөрдүн биринде Ахмад көп суммадагы акчага муктаж болуп, үйүн сатууга мажбур болду. Үйүн сатууну жарыялаган кезде, үй сатып алууну каалаган адамдар келип;
-Биз үй сатып алалы дегенбиз, үйүңдүн баасы канча?-деп сурашат. Ахмад абдан кымбат бааны айтат. Аны уккандар мындай дешет;

-Сенин үйүң анча акчага татыктуу эмес, абдан эски, урап түшөйүн деп калган кичинекей үйүңдү ошончо кымбат баага саткандан уялбайсыңбы? Ал акчанын жарымына да татыбайт. Ахмад сезбестен капаланып айтты:
-Туура айтасыңар, үйүм бул айткан баага татыбайт бирок, туугандар менин Абдулла деген кошунам бар. Кайрымдуу, берешен адам. Кошуналарынын абалынан дайыма кабар алып турат. Оорусам кабар алат, тамак бышырса мага да алып келет. Тамак-аш кылсам анын буюмдарын алып, пайдаланам. Кубансам кубанычымды, капалансам капамды тең бөлүшөт. Канча жылдан бери чогуу жашасам да, андан бир жаман сөз уккан жокмун. Мен үйүмдү эч качан сатмак эмесмин, ушундай кошунаны таштап, башка жакка кетмек эмесмин. Аргасыздан ушул ишке барып жатам. Эми өзүңөр деле айткылачы? Менин үйүм ушул баага татыйт бекен же татыбайт бекен? Абдулла кошунасынын айткан сөздөрүн угуп, анын абалынан кабарсыздыгын билип, абдан капаланды. Бир маалда Ахмаддын жанына келип;
-Сенден суранам, үйүңдү сатпай эле койчу. Канча акча керек болсо өзүм эле берейин, сен мага эле кошуна болчу. Сендей кошунам бар үчүн мен бактылуумун- деп ага акча сунат.
Ал экөөнүн окуясын уккан шаар эли ушундай кошуна менде да болсо деп, алардын мамилесине суктанышат…

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ».

Бул да кызыктуу

1 пикир

  1. Здравствуйте. Предлагаю вам свою помощь по исправлению всех ошибок и увеличению целевой посещаемости вашего сайта. Ваш сайт станет более качественным, высокопосещаемым, приносящим вам значительно больший доход. Работаю в области создания, улучшения и продвижения сайтов с 2004 года. Умеренные расценки и гарантия результата. Я правда способен вам помочь.

    Основные направления моей работы:

    1. Создание сайтов. Создаю сайты различных видов: блоги, информационные сайты, лендинги, сайты компаний, интернет-магазины.

    2. Улучшение сайтов. Исправление любых технических и иных ошибок, улучшение дизайна, работа со структурой и контентом, работа с конверсионными элементами и юзабилити, расширение семантического ядра с целью охвата новых поисковых запросов, внутренняя оптимизация как таковая.

    3. Продвижение сайтов в поисковых системах. Выведу ваш сайт на первые места по интересующим вас запросам.

    4. Работа с ютуб и социальными сетями. Создание, развитие и продвижение.

    5. Создание новых каналов привлечения целевой аудитории и соответственно увеличение продаж.

    6. Работа с отзывами на сторонних площадках. Удаление и пессимизация плохих, создание и продвижение хороших. Это важно для конверсии, отзывами многие интересуются.

    Также могу помочь и с иными вопросами. Пишите на мою почту: prodvigeniesaytov@gmail.com

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button