МакалаларТурмуш таалимдери

ЖАКШЫ КҮЙӨӨ КАНДАЙ БОЛУУСУ КЕРЕК? 

ЖАКШЫ КҮЙӨӨ КАНДАЙ БОЛУУСУ КЕРЕК?

✍🏻Бул жашоонун шаттыгы да, берекеси да аялдын колунда дейбиз. А бирок, ошол аялды аял кыла турган, камкордук кыла турган, колдой турган күйөөсү, өмүрлүк шериги, жолдошу эмеспи? Үй -бүлөсүндө аял менен бирге эркек кишиге жүктөлгөн милдеттер да аз эмес. Кез келген эр жигит жакшы жар, ардактуу ата, элге сыйлуу азамат болгусу келет эмеспи?! Ал үчүн эмне кылуу керек?

📌1. Үй -бүлөсүн материалдык жактан толук камсыз кылуу эркек кишинин мойнунда. Пайгамбарыбыздан (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир адам: эркектин аялга кандай милдети бар? – деп сураганда, ал:
“Өзүң тамактанганда, аны да тамактандыр, өзүң кийингенде, аны да кийиндир” – деп жооп берген.
Дагы бир хадисте:
“Аллах жолунда берген динарыңдан да, кедейлерге берген динарыңдан да, кулдарга берген динарыңдан да өз аялыңа берген динарың жакшыраак болот” – деп айтылган.
Аялыңды, бала-чакаңды ачка отургузуп коюп, башкаларга садака бергенден, өз үй-бүлөңө сарптаганың жакшыраак болот.
Муну менен үй-бүлөөдөгү жашоо бекем болот. Ошол эле учурда акырет үчүн да сооп-сыйлык топтолот. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын саламсалаваты болсун) айткан:
“Кыяматта, аялына берген нафака таразага биринчи салынат”. Үй-бүлөөнү багуу үчүн адалдан кесип кылуунун өзү эле сооптуу иш.
Хадисте айтылган: “Ким адал ырыскы издеп, чарчап келип уктаса, ал күнөөлөрү кечирилген абалда уктайт”. Ал эмес дасторкондун үстүндө турган даяр тамактын бир тиштемин алып аялыңдын оозуна салып койсоң да садака болот.

📌2. Пайгамбарыбыз (соллаллооху ьалайхи уа саллам) бир хадисте: “Силердин эң жакшыларыңар -жубайларына жакшы карагандар “-деген. Ошондуктан, аялыңыз менен балдарыңызга болушунча мээримдүү, жумшак мамиледе болуңуз.

📌3. “Мен бул үйдүн башчысымын, менин айтканым болот “-деген текеберлик менен менменсинүүгө жол бербеңиз. Эркек адамга, атага катаалдык керек, албетте. Бирок, өз орду менен, жөнү менен болуусу тийиш.

📌4. Жаныңыздагы жубайыңыз менен балдарыңызды насип кылган Аллах Таалага шүгүр кылыңыз. Аялыңызга ыраазычылыгыңызды билдирип туруңуз. Себеби, аялыңыз кириңизди жууп, тамагыңызды даярдап, урпагыңызды улап, жаныңызга ден соолугуңуз үчүн камкөрөт эмеспи?

📌5. Динибизде аял адамга үнүңүздү бийик чыгарып, оор сөздөр менен айтып кордоого, кол көтөрүүгө тыюу салынган. Бул күнөө болуп саналат.

📌6. Жумуштан канча чарчап келсеңиз дагы аялыңыз менен балдарыңызга көңүл бөлүүгө тырышыңыз. Алар менен сүйлөшүңүз, керектүүлөрүн сурап, кандай маселелер бар экенин сурап түруңуз. Алардын тарбиясын унутта калтырбаңыз.

📌7. Кемчиликсиз адам болбойт. Эгер жубайыңыздын сизге жакпаган жактары, иш -аракеттери болсо, бир каталык жасап койсо – жай, акырын стөз менен түшүндүрүп, жылуу сөз менен гана түшүндүрүүгө аракет кылыңыз. “Сенин бул ишиң дурус эмес сыяктуу. Мен сенин мында болушуңду каалайт элем “-деген сыяктуу сөздөр менен түшүндүрүңүз.

📌8. Кечиримдүү болуңуз.

📌9. Түшүнүүчүлүк менен сый -урмат – бактылуу үй бүлө болууга алып бара турган жол.

📌10. Аялыңызга сырдаш, дос боло билиңиз. Кыйналган убакыттарында дем болуп, ооруп калса жанында туруп, камкордук кылыңыз. Себеби аял – Аллахтын эркек адамга берилген аманаты.

📌11. Жубайыңыздын туугандарын да сыйлаңыз. Алар менен жакшы карым -катнашта болуңуз..

👤Даярдаган: Нуриза Кармышакова.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ +79099502601..
✿ WWW.FORMULA.KG

Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Бул да кызыктуу

Close
Close
Close