alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
МакалаларПайдалуу кеңештер

Жакшы аял бейиштин ачкычы

✍🏻Эң жакшы аял деген — жөнөкөй,карапайм,ийкемдүү, сылык,уяттуу, илберинки,элпек,мээрман ак көңүл жакшы саналуу,назик жумшак мүнөз,боорукер,ак пейил,мулайым, сарамжал,тартиптүү иреттүү таза,мээнеткеч, эмгекчил,сырдаш,маектеш,күнөө кылбаган,арам жолго баспаган адамгерчиликтүү,тарбиялуу,түшүнүктүү,сабырдуу, сөз көтөрүмдүү,чарбакер,чынчыл, ишеништүү,баамчыл зирек, жайдары,ачык маанай,маңдайы жарык,кечиримдүү камкор,үнөмчүл,оокатка бүйрө,үйдө ыңгайлуулукту түзүүчү,балдарын жакшы көргөн,тартиптүү бекем,ар нерсеге шүгүр кылуучу,сылык -сыпа үй -бүлөгө камкор,жоош момун жароокер болот «-деп айтсак биринчи эле сиздин оюуңуз эмне келет эле ?
Албетте мындай аялдын өзү жок эгер болсо ойлонбой үйлөнмөкмүн «-деп жооп бермексиз.
Туура сиз ойлогондой бул сыппаттын баары бир аялда болушу мүмкүн эмес,кемчиликсиз адам,тикенексиз роза гүл болбойт.
А сиз өзүңүзгө суроо берип көрдүңүзбү? «Мен ушундай аялым болуш үчүн ага татыктуумунбу «-деп. Анткени жигиттердин көпчлүгү эмне деп коёт: «Апасы өппөгөн кызга» — үйлөнөм,таптаза ыймандуу депчи.
А өзүңө карап көрдүңбү бул жашоонун да таразасы бар, ким кандай болсо өзүнө жараша насибин алат.

📌 А эгер сен үзүлбөгөн, тепселбеген гүлдү алгың келсе, атасынын короосунда көгөргөн, үзүлбөгөн,эч соолубаган гүлдүн ээси болом десең,биринчи өзүң атасынын короосунда ыйманга суугарылган дыйкан болушуң керек.
Ошон үчүн кадамды өзүңдөн башта.Аллах Таалам эркек аялды бири -бири үчүн кийими сыяктуу жараткан соң өмүрүңдүн түбөлүк бакыт эшиктерин ачуу үчүн өзүң бейиштин кулпу болгун,жакшы аял аны ачкан ачкыч болсун. Анткени башка жакшы амалдар бейишке ачыкыч болгон сыяктуу жакшы аял да бейишке ачкыч,жолдонмо (билет) түбөлүк бактылуулуктун очогун өчүрбөгөн нур,үй-бүлөгө береке,кут алып келип Жараткандын мээримине бөлөнтөт!

Үйлөнмөкчү болушкандар биринчиден акылдуу, таза,
жана диндар аялды ыктыяр кылуулары керек. Себеби
такыба жана жакшы амалдарды кылуучу аял дүйнөнүн эң
артык байлыктарынан бири. Чындыгында, эркек киши
мына ушундай аялдын себебинен шыпыруу, бышыруу,
бычуу-тигүү сыяктуу иштерден арылып, илим алууга,
ибадат менен алек болууга убакыт табат. Ушул тараптан
салиха (жакшы амалдарды кылуучу), жакшы мүнөздүү
аял диний жана дүйнө иштеринде жардамчы болот..

📜Риваятта келгендей, азирети Муса алайхис саламдын
коому болгон бани Исраилден бир киши: «Жүз киши менен
кеңешмейинче үйлөнбөймүн”, деп убада кылат. Токсон
тогуз киши менен кеңешет да: “Эртең таңда жолумда
учураган биринчи кишинин кеңешине амал кыламын”,
дейт.
Эртеси биринчиден болуп жолуккан киши камышты
ат кылып минип алган бир дубана эле. Бул нерседен
жанагы киши өтө капа болот. Бирок түндө берген
убадасына туруп, ал дубанадан кеңеш сурамакчы болуп,ага жакын келет. Дубана болсо минип алган камыш атына
колун жаңсап:
“Жаныма жакындаба, атым тебет”, деп
кетүүгө ашыгат.
Бул киши: “Атыңды токтот, мага сенин
кеңешиң зарыл, мен үйлөнмөкчүмүн”, дейт.
Дубана бир аз
ойлонуп туруп:
“Билгин, аялдар үч түрдүү болот:
биринчиси сенин пайдаңа, экинчиси сенин зыяныңа,
үчүнчүсү болсо же сенин пайдаңа же зыяныңа”, дейт да
атынын башын буруп кете баштайт.
Ал дубананы
токтотуп:
“Айткандарыңды мага чечмелеп бер”, дейт.
Дубана ага мындай жооп кайтарат:

✔“Биринчи түрү
дегеним, бул бакира (жубан эмес) кыз. Себеби никеден соң
анын жүрөгү жана мээрим-махабаты артып, сага гана
байланат. Анткени ал сенден башка менен үлпөт жана
жакындык кылбаган.

✔Экинчи тайпа дегеним, балалуу
жесир аял. Ал сенин малыңды жейт, бирок мурдагы
күйөөсү үчүн көз жашын төгөт.

✔Үчүнчүсү, пайдаңа же
зыяныңа дегеним, бул мурдагы күйөөсүнөн перзенти
болбогон жубан. Эгерде сен мурдагы күйөөсүнөн
жакшыраак болсоң, сени дос тутат, кокус жаманыраак
болсоң, анда сага душман болушу мүмкүн”.
Дубананын жообунан айран-таң калган ал киши
минтип сураптыр:
“Сөздөрүң хикматтуу (мааниси терең),
бирок эмне үчүн кылгандарың дубанапейил?”.
Дубана
минтип жооп берет:
“Эй бурадар! Мени ары
жоопкерчиликтүү, ары акыретте жообу катуу жана оор
болгон казылык мансабына дайындашмакчы эле. Мен бул
оор жоопкерчиликти кабыл кылбоо максатында өзүмдү
дубаналыкка салдым жана андан кутулдум”.
..

👳Даанышмандар айтышкан: Үйлөнүүчүнүн болочоктогу
келинчеги өзүнөн төрт нерседе:
жашта, турпатта,
байлыкта, мансапта жана этибарда төмөн болгону оң…

Ал
эми төрт нерседе өзүнөн жогору болгону жакшы алар:
чырайда, адепте, мүнөздө жана такыбалыкта…

✔Демек сөзүбүздүн аягында эмне демекчибиз бактылуу үй-бүлө куруу үчүн аялбы,эркекби жар тандоодон жаңылбаш үчүн, өзүң да тандоодогу инсан болууң керек. …

👤Насиба Абдуллаева.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ +996700334493
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

1 пикир

  1. целый ряд пользователей авто сейчас не беспокоятся о своих колесах до тех пор, пока не случится поломка.

    Иной раз, когда протектор оказывается чересчур тонким, то колеса приходят в небезопасное состояние. Держите в памяти! Одной из значительных покупок, которые совершают любители авто, непосредственно являются скаты.

    Согласно указаниям наших профи, правильная установка шин вашего авто важна для безопасности на автостраде.
    [url=https://www.555.md/index.php?tp=10&bid=474033]https://www.555.md/index.php?tp=10&bid=474033[/url]

    установка новой резины может оказаться нелегкой задачей. Вы сталкиваетесь с огромным выбором брендов, размеров и моделей обуви для автомобиля , поэтому запросто потеряться.

    С намерением получить наслаждение от путешествия, ищите колеса, которые под стать вашему стилю управления.

    Не хватает поддержки в установке подходящих скатов для вашей легковушки? наша компания искусных знатоков поможет вам своими знаниями.

    Вам нравится тихая поездка? Или вы предпочитаете ощущать каждый поворот? Замечательно! наши непревзойденные знатоки вмиг поищат вам идеальные скаты!

    большое количество факторов вредят вашим колесам. Начиная от бордюров и заканчивая экстренным торможением.

    в том случае, когда вы выберете неправильные покрышки, то вы можете понизить производительность вашего легкового автомобиля и его возможность справляться с любыми природными явлениями. Колеса вашего железного коня тщательно трудятся всегда, когда вы выезжаете на трассу.

    лучшее средство почуять, пришло ли время выбирать новые шины для вашей легковушки, — это поручить их обследование профи.

    На нашем предприятии вы сможете присмотреть себе покрышки разных марок и брендов! И все по низким ценам! Поможем приобрести идеальные для вас!

    наша сто ставит на первое место желания клиента. ввиду этого много автолюбителей верят нам! Мы гарантируем качество! приходите! И убедитесь сами!

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button