alternatetext Багымдат: 04:22 | alternatetextКүн чыгуу: 06:06 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:54 | alternatetextШам: 19:56 | alternatetextКуптан: 21:43
Ырлар

Жүздөн бири болсо керек бул киши…

Таң эртеде маанай деле жок болчу.
Ошскиге маршрутка отургам.
Көздөрүнүн нуру кетип..карыган.
Жанымда бир жупуну чал отурган.

Бир аз жүрүп чал күймөнүп капчыгын.
Алып чыгып санап кирди тыйынын.
Улам бирин кармап байкуш тигилет.
Сездим чалга саноо абдан кыйынын.

Алаканга бар тыйынын төктү да.
Шоопур көздөй жөнөп калды акырыын.
А тыйыны жетпейт болчу..не болот.
деп менин да жетпей турду акылым.

Шоопур дагы олбурлуу бир неме экен.
Билектери билегиндей балбандын.
Ар кандайын сазайыны берет го.
Ачуусуна тийип анын алгандын.

Чал байкушту урушат го эми деп.
Мен да бир аз акча менен камдандым.
Бирок мындай боорукерлик көрбөгөм.
Мен шоопурга чындап эле таңдандым.

Чал барды да деди шоопур кишиге.
«Мени түшүр эмки келген бекетке.
Санай албай берип жатам ал балам
Мына тыйын жетпей калса капетпе..

Шоопур алды чал байкуштун тыйынын.
Бекетке да келдик мына токтоду.
Шоопур кошо түшүп чалды жетелеп.
Бирдемелер берип жаткан окшоду.

Көзүм чалды жүз сомдуктан экини.
Чалга акырыын шоопур берип жатканын.
Толкундоодон суу болду окшойт эми эле.
Жыйырма сом алаканда катканым.

Көздөрүмө жаш айланды негедир.
Көкүрөгүм толуп чыкты кысылып.
Муздап турган жүрөктөр да мындайда.
Алат тура толкундоодон ысынып.

Шоопур келип кайра жолду уладык.
Эл жанданып күбүр шыбыр кубанып.
Тилеп турдум жараткандан ичимде.
Шоопур иши кетсе экен деп уланып.

Мындай шоопур азыр бизде жокко эсе.
Баары эле акча дешип жутунган.
Жүздөн бири болсо керек бул киши.
Кайрымдуулук жолун бийик тутунган.

Бул да кызыктуу

3 пикир

  1. Рахмат менин ырымды жарыялаганыныз учун чексиз кубанычтамын!

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button