alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:57 | alternatetextШам: 20:01 | alternatetextКуптан: 21:49
Макалалар

Жүрөк талабы

✍🏻 Бүткүл ааламдын жаратуучусу Алла Таалага мактоолор, сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) га салам салаваттарыбыз болсун. Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) дын хадисинде айтылат:
«Сен аалым бол, же илим талап кылуучу бол, же алардын кызматчысы же жок эле дегенде аларды жакшы көрүүчү бол, андан башка адам боло көрбө, халак болосуң (өлөсүң)»..📚

📘Куранда болсо:
«Аллах Таала жүрөктөрдү ээлеген сырларды билүүчү» — деп айтылат. Демек кимдин жүрөгүндө канчалык Аллага, динге, акыйкатка талап бар ошого жараша Алла хидаят (туура жол) көрсөтөт.
Илим берет жана динге кызмат кылдырат.
Алла Таала адамдардын өңү-түсүнө, байлыгына, бийлигине акылына, илимине, күчүнө, тегине ж.б. карабайт. Жүрөгүндөгү талабына карайт.

📌 Абу Лахаб Пайгамбарыбыз (с.а.в.)дын жакын абасы (атасы менен бир тууган) болгон. Меккелик, Каабага үйү жакын, Пайгамбарыбызга кошуна эле. Курайш бийлеринин бири, колунда байлыгы, бийлиги болуп эл ичинде кадыр-баркы, даражасы жогору эле.
Өзүнүн жакын иниси Мухаммад (с.а.в.)ды эрчүү менен көп жакшылыкка жетмек.
Бул дүйнөдө да, акыретте да даражасы бийик болмок.
Бирок жүрөгүндө талаптын жоктугунан кандаш иниси болгон Мухаммад (с.а.в.) га колдоо көрсөтмөк тургай, Пайгамбарыбызга пайгамбарлык милдет берилгенден кийин исламдын эң биринчи душманы болуп чыга келди.
Аялы экөө пайгамбарыбыз (с.а.в.)га канчалык кордуктарды көрсөттү, көңүлүнө, денесине канча азар беришти. Алгачкы сахабаларды аёсуз жазалагандардын бири болду.
Анын күнөөсү үчүн Алла Таала аны Куранда каргыштады:
«Абу Лахабтын колу курусун, аныгында анын колу куруду». (Масад, 1-2-аяттар). 📘

📌 Өтө кор болуп өлдү. Анын өлүгүнүн сасык жытынан балдары да жийркенип, эптеп сүйрөп бир чункурга алып барып көмүп, таш менен бастырып коюшту.
Эми Исламга чейинки убакта Абу Лахабка салыштырмалуу Билил Хабаший (р.а.) ким эле? Канча ата бабаларынан бери кулдун тукуму, өзү да буюм катары колдон-колго өтүп келип, акыры Меккелик ак сөөктөрдүн бири, жеткен наадан Умаййа бин Халафтын кулу болчу.
Денеси кара, эриндери дөрдөйгөн, көзү кызарган, өңү куник (серт) эч ким тоотпогон, кара курсактын гамы менен гана жашаган бир бечара кул эле.
Пайгамбар (с.а.в.)дын дааватын угуп жүрөгүндө талап пайда болду.
Аллах Таала анын жүрөгүн ыйман нуруна бөлөдү. Анын мусулман болгонун уккан ырайымсыз Умаййа бин Халаф болуп көрбөгөндөй таш боордук менен азаптап аны исламдан чыгаргысы келди.
Жүрөгү ыйманга толгон Билал (р.а.) мээ кайнаткан ысыкта берилип жаткан азаптарга карабай эси оогончо Аллаху Ахад (Алла Жалгыз) деп кайталап жатты.
Бир нече күндүк кыйноодон кийин Абу Бакр Сыддык (р.а.) аны ынсапсыз Умаййа бин Халафтан өтө чоң баага сатып алып, кулдуктан бошотуп эркиндике чыгарды.
Албетте бул Абу Бакр (р.а.) малы менен, Билал (р.а.) жаны менен кылган алгачкы курбанчылыктары эле. Алла Таала алардан ыраазы болсун. Балким бул курбанчылыктар Алла Тааланын кийинчерээк бул заттарга берилчү чоң даражалардын, жакшылыктардын алдындагы сыноолору болчу. Алла Таала Билал (р.а.) даражасын көтөрүп аны Пайгамбарыбыздын азанчысы кылды.
Билалдын (р.а.) бутунан чыккан дабышты Пайгамбар (с.а.в.)га бейиштен угузду.
Жүрөгүндөгү исламга болгон талаптын себебинен Билал (р.а.) кандай жогорку даражага жетти. Былтыр бир Бангладештен келген дааватчы таксырдын Абу Лахаб менен Билал (р.а.)ну салыштырып айткан диний баянын уктум эле, ошондо аябай таасирленген элем ошонун негизинде ушул макаланы жазып жатам, албетте ал киши көз жашын агызып жатып айткандай жаза алганым жок. Алла ал кишиден да ыраазы болсун.

🙌🏻 Урматтуу окурман Алла Таала сизге да, бизге да ислам талабы менен жашоону насип кылсын.

👤Султан Ислам.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ +996700334493
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button