alternatetext Багымдат: 04:33 | alternatetextКүн чыгуу: 06:14 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:51 | alternatetextШам: 19:51 | alternatetextКуптан: 21:36
Жаңылыктар

Өзбекстанда куугунтукталган журналист Хайрулла Хамидовдун телеге кайтуусуна уруксат берилди

Ташкенттин Чиланзар районунун 56 жашоочусу, анын ичинде журналист Хайрулла Хамидов укук коргоо органдарынын “кара тизмесинен” чийилди. Эми ал теледе спорт баяндамачысы болуп иштөөгө мүмкүнчүлүк алды.

42 жаштагы журналист жана футбол комментатору Хайрулла Хамидов, диний темадагы ырлары жана баяндары менен белгилүү. Ал жергиликтүү маалымат агенттиктерине мындай деген: “Мени эми телекомпаниялар кооптонбой жумушка чакырышса болот. Мен ишимди абдан сагындым”.

Буга чейин “Жихадчылар” тобуна тиешеси бар деген шек менен соттолуп чыккан журналистке жаңы кылмыш иши козголгон. Хамидов тергөөнүн жүрүшү тууралуу кийинчерээк маалымат берүүнү убадалады.

Журналист диний айыптар менен беш жыл абакта жатып чыккандан кийин тыюу салынган агымдарга катышы бар деген шек менен “кара тизмеге” алынган.

 

Булак
http://inter.kg

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button