alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
Жаңылыктар

Өзбекстан Мьянма башкаруусун күч колдонууну тототууга чакырды

Өзбекстандын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Мьянмадагы абалдын өзгөчө аракандык мусулмандарга каршы күч алган окуялардын Өзбекстанда тынчсыздануу жараткандыгы билдирилди.

Өзбекстан Мьянма башкаруусун аракандык мусулмандарга каршы күч колдонуу окуяларын токтотууга чакырды.

Өзбекстандын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Мьянмадагы абалдын өзгөчө аракандык мусулмандарга каршы күч алган окуялардын Өзбекстанда тынчсыздануу жараткандыгы билдирилди.

БУУда  белгиленген өлкөлөр менен Ислам Кызматташтык Уюмунун максат жана милдеттерине таянып Өзбекстандын  күч колдонуунун бардык түрүн айыптагандыгы билдирилген маалыматында : «Мьянма өкмөтүн  күнөөсүз мусулмандарга каршы күч колдонууну токтотуу, окуяларды алдына алуу жана маселенин тынчтыкчыл жол менен чечилиши үчүн аркандык баш калкалоочулардын муктаждыктарын камсыздоо үчүн гуманитардык жардам жиберүү чечимин чыгаргандыгы белгиленди.

Мьянма армиясынын куралдуу кишилер менен күрөшүү деген негиз менен Араканда жарандарга карата кол салууларында 25 —  августтан бери миңдеген мусулман каза болду. Мьянма башкаруусунун аймакка кирип – чыгууларга уруксат бербешинин айынан  каза болгон жаран саны толугу менен аныктала албай жатат.

Кол салууда 150дөн ашуун айыл, армия жана буддист улутчулдар тарабынан өрттөндү. Он миңдеген аракандык мусулман жан коопсуздугунан улам азыр да аймактан алыстоого аракет кылууда. Мьянмадан качкан жарандар тоолуу аймактарга, Наф дарыясы же деңиз жолу менен Бангладешке өтүп жатат.

Булак
"ТРТ"

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button