МакалаларПайдалуу кеңештерТарбия

“Ясин “сүтү менен чоңойгон перзент

"Ясин "сүтү менен чоңойгон перзент

“Ясин” сүтү менен чоңойгон перзент.

✍🏻Ак пейил, диндар айым баласына ымыркай кезинен “Ясин” сүтүн берет экен. Башкача айтканда, жаңы төрөлгөн баланы эмизүү бактысы келгенде дал эле намаздын алдында даарат алгандай даарат алып, тазаланып, ымыркайга көкүрөгүн салып, ал эмүүнү баштагандан:
“Бисмиллах Ясин вал – Куранил – хаким” -деп сүрөнү окууну баштап, аягына чейин окуйт экен. “Ясин” сүрөсү окулуп бүткөндө ымыркай да эмүүнү токтотот экен. 
Уулунун адеп жана жакшылык менен өз чөлкөмүндө сүйүктүү инсандан болгондугун көргөнгө чейин бул мусулман эне ар дайым Аллахка хамд (мактоо) айтып, шүгүр келтирип, уулуна:
“–Эй уулум баардык жакшылыктарды өзүмдөн гана деп ойлобо, Мен сени “Ясин” сүрөсү менен эмизет болчумун. “Ясин” сүрөсү менен чоңойттум!” –деп энелик мидетинин перзентине болгон таасирин түшүндүрдү. 

Эненин балага эмчек эмизүүсү да керектүү сүннөттөрдөн бири.Курани Каримдин “Бакара” сүрөсүнүн
233-аятында:
“Энелер балдарын толук эки жыл эмизишет. (Бул өкүм)эмизүүнү кемчиликсиз кылмакчы болгондор үчүн”,-деп айтылган.
Хадисте: “Бала үчүн энесинин сүтүнөн жакшыраак азык жок”,-деп айтылат.
Эгерде эне кээ бир себептер менен эмизүүгө кадыр болбосо,атасалиха(жакшы амалдуу) бир аялды таап,наристени маалым мөөнөткө чейин эмиздирүүсү керек.Тескерисинче, жаман мүнөздүү жана наадан аялга эмиздирбесин,анткени ал аялдын жаман кулк-мүнөзү сүт аркылуу балага өтүп, перзенттин да жаман мүнөздүү болушуна себеп болот.

Демек “Балага тарбия энеин ичинде эле башталат “деген сөз чындыкка төп келгенин айгинелеп турат. Кээде балдарыбыздын мүнөздөрү өжөр,укпас,өзгөртүүсүз даражада болуп калат.
“Бул кайдан чыкты? Кимди тартты? “-деп кейип калабыз. Мындайда бала тарбияны эненин ичинде эле алып өзүнө калыптанган болот. Ал үчүн төмөнкү кеңештерге көңүл буруңуз:

1. Эне көбүрөөк Куран окуш керек. Эгер окуй албаса окулган Куранды угуусу зарыл. Куран бул улуу немат,улуу тарбия,Жараткандын сөздөрү.Аллахтын сөздөрүн көп уккан балага Аллахым Өз мээримин,ырайымын тартуулайт.Курсактагы бала эне эмнени укса ошону кабыл алат.Бул келечекте баланын акылдуу, зээндүү болуусуна шарт түзөт.

2. Эне намаз окуп,жана башка ибадаттарды аткаруусу керек.Ибадат кылганда адамдын жан дүйнөсү эс алат.Мына ушул учурда курсактагы бала да эс алып, жакшы жетилет.

3. Эне өзүн оор басырыктуу алып жүрүүгө тийиш.Боюнда бар кезде эч ким менен урушууга болбойт.(Негизи эле урушуу туура эмес,жаман адат).Эне канчалык тынчтыкта жашаса,бала да ошончолук тынч,оорбасырыктуу болот.

4. Болочок ата менен эненин ортосунда бири-бирине мээрим төгүлүп туруусу керек.Айрыкча эне башкалардан жакшы мамиле көрүп,өзү да жакшы болууга тийиш.

5. Эне таза эмес (арам) тамактардан өзүн сактоосу керек.Эне эмне менен тамактанса, бала ошону менен азыктанат.Арам тамактар али төрөлө элек баланын канын бузуп, анын ден-соолугуна зыянын тийгизет.

6. Арак,тамеки сыяктуулардын жанына жолобоосу кажет.

7. Эне ар дайым курсагындагы балага тирүү адамга кайрылгандай кайрылып, ага жакшы сөздөрдү айтып туруусу зарыл.Мына ушул сыяктуу жакшы иштер менен алектенген эне төрөлө элек баласына жакшы тарбия берип жатам деп ишенсе болот.
Ошондуктан энелер перзенттерин келечекте улуу,илимдүү,ыймандуу болуп төрөлүүсү үчүн,биринчиден тарбияны өзүнөн баштап, жогорудагы жаман адаттардан өзүн тыйып,башка азыктар менен өстүрүүнү мүмкүн болушунча таштоосу керек.Өкүнүчтүү, кээ бир энелер Алланын улуу ниематы болгон таттуу перзенттерин тарбия кылуу ордуна, аларды үйгө өздөрүнчө таштап коюп, өздөрү көчө-көйдө , же болбосо келбетим бузулат,
базарларда соода-сатык менен алек болуп,атайын тарбиячы жалдап өз мээриминен кур калтыргандар канча.Бул акбалда келечекте асыл үрөөнү болгон мөмөңүз ачуу болуп калуусу мүмкүн.

Эй Роббим Алла! Ата-энелерге өз перзенттеринин
тарбиясы менен тереңирээк алек болууларын насип кыл!..

Даярдаган: Насиба Абдуллаева.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ +79099502601..
✿ WWW.FORMULA.KG

Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Насиба Абдуллаева

Көптөгөн курч макалалардын автору.

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close