alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Макалалар

Эмнеге менин досторум жок, эмне үчүн мен жалгыздыкта жүрөм?

Жашым 18де. Силерге айткым келгени, ушул жашка келип менде бир да ынак досторум жок, тек гана тааныш-тунуштар… Бул кадыресе эле көрүнүштүр балким, бирок мындай нерсеге аябай кыжаалаттанчу болдум.

Табиятымдан акыйкатсыздыкты, калыссыздыкты, оройлукту, менменсине берүүнү өлө жаман көрөм, мага тынчтыкты сүйгө, чынчыл адамдар жагат, а бирок андайлар аз да. Кээде туруп ойлоном, мүмкүн мындай мүнөздөрүм менен мага дос күтүүнүн деле кереги жоктур… Эмнеге экенин билбейм, негедир ичимден адамдарга болгон ишенимим жокко эсе, жалгыздыкка көнүп бараткнсыймын…

Диний көз караш:

Сиз жаман көрүп жаткан акыйкатсыздык, оройлук, менменсинүү деген сапаттар ислам дининде да эң бир өгөйлөнгөн, адамдарды ал сапаттардан алыс болууга үндөлгөн сапаттар. Андай сапаттарды жаман көрүп, жээрип жатканыңыздын өзү жакшы нерсе. Балким сиз жашаган аймакта мусулман эместер көп чыгаар, андай болсо сизди түшүнүүгө болот, а бирок ошолордун арасынан деле сиз баалаган сапаттарга ээ адамдарды кездештирүүгө кантип болбосун. Болгону сиз ошол нерселерди жакшылап карап, мурда байкабаган мандемдерди байкоого аракет кылыңыз,начар сапаттарды эле эмес, мыкты сапаттарын көрүүгө умтулуңуз. Жакшы нерселерди жар салып, жамандыктан тыюу ар бир момундун милдети. Сиз момундун ушундай асыл сапаттарын иш жүзүндө өзүңүз көргөзө алсаңыз адамдар ар тараптан сизге тартылып, сиз менен мамиле күтүүгө өтушөт.

Тарыхты карап көрө турган болсок, мусулмандардын тарыхында мусулмандар мыкты, асыл сапаттары менен коомго үлгү болушуп , аны көргөн башкалар алардай мыкты болууга аракет кылышып, а түгүл исламды кабыл алганга чейин барышкан! Сиз жашаган жакта мечит же медресе болсо, ал тараптарга көбүрөөк каттап, мусулмандар менен мамилелешүүгө аракет кылыңыз. Ошондо алар менен болгон жалпы тема да табылып, сүйлөшчү сөздөр да кызыктуу болуп, достук мамилелер түзүлөт. Эн күчтүү досчулук  Аллахтын ыраазычылыгы үчүн болгон достук. Хадистерде да айтылган, бир бирин Аллах ыраазылыгын көздөп жакшы көргөн достор Кыяматтык суракта да бир биринин күнөөлөрүн кечирлишин Аллахтан суроого мүмкүндүк алышып, өзү менен кошо жакшы көргөн досун Бейишке ала кирүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

Психологиялык көз караш:

Өз жашоосунда досчулук деген нерсе өтө актуалдуу болгон адамдар, досчулуктун күнгөй-тескейине чалынган, бул темада жооп издеген адамдар аз эмес деп ойлойм. Адам негизи табиятынан социалдык байланышка умтулат, башка адамдар менен карым-катыш түзгүсү келет. Ар бир инсан тегерегиндеги кишилер менен тыгыз байланышта болуп, алардын ичинен кыйын кезде жардам бере алчуларын, колдоо көрсөтчүлөрүн издээри турган иш. Эч кимге айтпаган сөздү айтчу, көрүнгөн менен эле сырдаша бербечү сырды бөлүшчү адамды табуу кыйла эле кыйын.  Так ошондой адам табылчу болсо, мына ошону дос деп атоого болот. Бөтөн эле киши менен мамиле күтүп, аны чыныгы достук денгээлдеги адамга айлантуу маселеси чынында оор маселе, аны үчүн сизге дос болчу кишинин кандай психологиялык сапаттарга ээ болуусу да андан бетер маанилүү.

Сизге берээр кеңеш, адегенде өзүңүзгө терең үңүлүп, эмне үчүн менде жакын досум жок, эмне үчүн жашоодо бейпилдикти сүйгөн, чынчыл, акыйкатсыздыкты жаман көргөн адамдар мага кездешпейт деп өзүңүзгө өзүңүз суроо салып, анын жообун табууга аракет кылыңыз. Себеби, көп учурда биз кадыресе эле жөнөкөй нерселерди байкабай, жок эле нерсени көрүп, аны акыйып карап тура беребиз. Балким сиз айланаңызда болуп жаткан нерселерди туура баалабай жаткан чыгаарсыз, ошонун айынан түшүнүктөрүңүз да туура эмес болуп жаткандыр? Мындай көрүнүштөр  көп эле адамдарда кездешет, жана бул кадыресе эле көрүнүш.  Эми мындай учурда өзүңүздөгү сезимдерди, башкаларды туюу сезимдерин өзгөртүүгө аракет жасаңыз, ошондо баары калыбына келет.

Сизде өзүңүздү «башкаларга окшобогон, асыл сапаттары бар адаттан тыш адаммын , дүйнөгө болгон көз караштарым өзгөчө…» деген ойлор жашабайбы, эгер ошентчү болсоңуз анда билиңиз, сиздин курактагы адамдардын дээрлик 100 пайызы ушунтип өзүн өзгөчө, башкача ойлошот. Бул курактагы адамдардын көбүндө дүйнө тааным бир денгээлден экинчи денгээлге алмашып жатканда так ушундай сансыз ойлорго чүмкөнө башташат.  Демек, сизге кандай сапаттагы адамдын досу болуусун эңсеп жүргөн болсоңуз, оболу өзүңүз ошондой адам болуңуз, бүттү баардык маселе чечилет да калат. Анан албетте,  чыныгы дос кандай сапаттарга ээ болуу зарылдыгын билүү маанилүү. Буга жооп табуу да оңой, жаныңызда кандай адам дос болуусун кааласаңыз ошондой сапаттарды өзүңүздөн издеңиз.

Негизгиси, ар бир сапаттарыңыз чын жүрөктөн болсун, кандайдыр бир мамиле жасасаңыз анда кымындай да жасалмалуулук болбоого тийиш. Дос кыйынчылыкта гана эмес, кубанычта да бирге боло алса, ошол анык дос экенин билиңиз. Кандайдыр кыйын кезеңде жаныңызда болуп, а кандайдыр ийгиликтерди жаратсаңыз ага чындап кубана албаган дос дос эмес. Кантип атасаңыз атаңыз бирок аны дос дегенге болбойт.  Айтылгандардын баарын өз ордуларына коюп талдап, сизге дос болчу адамга чыныгы дос боло аласыз деп ойлойм.

 Мухаммад-Амин Магомедрасулов –теолог
Алиасхаб Анатольевич Мурзаев
Үй бүлөгө жана балдарга социалдык жардам Борборунун  психолог-консультанты

Маалымат булагы: ISLAMLIFE.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button