МакалаларПайдалуу кеңештер

Убакытты туура пайдалан

Убакытты туура пайдалан

“БИСМИЛЛААХИР РОХМААНИР РОХИЙМ”

ӨМҮРдөгү убактыбыздын бир жылын артка калтырып
мына эми 2019 жылдын убактысын жашап баштадык.
Ойлонткон нерсе, кече бир нече ай мурда ушул сүрөттү
тайпабызга киргизип, баарыбыз 2018 жылдын
күз мезгидинде жашап жатабыз деп кеп кылып жаттык эле..
Инсан баласы алсыз. Бул мыйзамга каршы чыга албайт.
Анткени, кечеги күндө менмин деген өнүккөн өлкөлөр,
менмин деген корольдуктар,
эч кимге баш ийбеген мыйзамдар,
иш кагаздар 2018 жыл деп бүгүн жаза алышпайт,
алар 2019 деп жазууга аргасыз..
Жылдын аягында баардык иш каналар, депутаттар,
больницалар, милициялар отчёт тапшырышат .
Биз бул жылда өзүбүз үчүн да отчёт берели .

Кимгедир 70 жаш, кимгедир 60 жаш өмүр берилет.
Байкайсызбы? Азыркы күндө 30-35 жаштан өйдө ашык жашагандар кем болуп калды !?.. кандай күн болбосун
демек, ар бирибиз өмүрүбүздүн бир жылын артка таштап,
эч качан кайтып келгис деңиздин кемесине салып,
кайтып ачылгыс сандыктын түбүнө ката салбадыкпы?

Адам өзүнө суроо берүүсү керек .
Өткөн жылда мен Аллах үчүн эмне иш жасадым жана
өткөн жылда мен Өзүм үчүн эмне иш жасадым ?
Бул эки суроонун жообун издеген адам
өзүн бактылуу сезе алат,
жана бактылуу жашап өтө алат .
Бүгүнкү күндө акылдуулар өтө көп.
Баары жакшы сөздөрдү, кооз сөздөрдү айта алышат.
Баардык адамдар телефондун статустарына,
кооз кооз, акылдуу сөздөрдү жазып коё алышат.
Баары акылдуу, башкаларга бир сөздү үйрөтүп коё алат.
Бир нерсени унутуп калганбыз .
Айтылган сөздөргө биз качан жашообузда амал кылабыз
кептин баары мына ушунда.
Акылдуу адам жөн гана угуп калбайт,
ал укканына амал кылат.
Демек, ар бирибиз профиль ачып инстаграмм,одноклассники же телеграмм вотсапптан
кооз сөздөрдү жазуубуз шарт эмес,
бирок ар бирибиз айтылган сөздөргө амал кылуубуз шарт!

1 суроо, өткөн жылда Аллах үчүн эмне иш кылдым?
Мисалы: 2018 өткөн жылда канча каза намаздардан кутулдук? Канча орозо кармадык?
Ар бир адам өзүнө суроо берсин , өткөн жылда мен
канча сүрөө жаттадым ?
20 жыл мурда 1 сүрөөнү да туура окуганды билбейт элек,
20 жыл өтүп азыр да бир сүрөөнү туура окуй албасак
анда абалыбыз өтө оор .
365 күндө 365 жолу беш убак намазыбыз каза болгон болсо анда абалыбыз өтө оор !
Өткөн жылда орозо айын жөн гана өткөрүп жиберген болсок анда абалыбыз өтө оор !
Аллах үчүн эмне иш жасадым?
Суроо берели .

Жана, бул жылда 2019 жылы мен Аллах үчүн эмне иш кыламын, ушул суроого да жооп табалы!
2018 жылы эрте мененки Багымдат намазыбыз 3 – 4 жолу каза болгон болсо, эми 2019 жылы каза намазды азайталы.
Бир сүрөө жаттаган болсок 2018 де,
демек 2019да 15 сүрөө жаттаймын, Куранды баштан аяк окуп чыгамын деп тилек кылыңыз.
Астыга максат коюңуз .

2 суроо, мен өткөн жылда өзүм үчүн эмне иш жасадым?
Биз өзүбүз үчүн эмне кылдык?
Спорт менен машыктыкпы, же кошумча тил үйрөндүкпү?
Же бир өнөр үйрөндүкпү?
2018 жеке мен өзүм үчүн эмне өнүгүү жасадым деп суроо берели жана 2019 эмне иш кыламын ага да ойлонолу!
Орус тил, англис тилин жакшы билбейт элеңиз ,
2019 жылы баарын үйрөнүп алыңыз .
2018 жылы канча китеп окуп бүтүрдүңүз ?
Чыңгыз Айтматовдун жаңы басылып чыккан том том китептерин 2019 жылы баарын окуп бүтүрүп коюңуз.
Спорт менен машыгыңыз .. астыга максат коюп
(результат) бир жыйынтык көрсөтүңүз .
Анан, насип кылса 2020 жылы азыркыдай эч нерсеге жетишпедим аттиң деп, тишибиздин кирин соруп калбайлы!
Муну дайыма эстеп жүрүңүз .

Философ адамдар, акылдуу адамдар бир сөз айтып койсо кандай сонун сөз, аябай таасир берүүчү, мотивация берүүчү сөз экен деп таң калабыз туурабы?
Чыныгы мотивация бул
сиз менен биздин динибизде айтылган.
Умар родияллооху анху айтат:
“Кыямат күнү Аллахтын астында сурак берүүдөн алдын,
өзүңөрдү өзүңөр суракка алгыла!”
Тактап айтканда, бул дүйнөдө ар бир адам,
эмнеге жетиштим, эмнеге жетишпей калдым суроо берип өзүн тарбиялоосу керек.

Эми Пайгамбарыбыз саллаллооху алайхи ва саллам айтат:
“Кайсыл бир мусулмандын бир күнү, экинчи күнүнө окшош болсо анда ал жашоодон утулду!” – дейт.
Кимдин кечеги күнү бүгүнкү күнүнө окшош болсо
ал адам жашоосунан утулду!
Түшүнүктүү болуп жатабы?

Ал эми, кечеги күнү бүгүнкү күнүнөн жакшыраак болуп калса, бүгүнкү күнү начар болуп кечегиси жакшы болуп калса анда ал адам чоң өкүнүчтө !
Караңыз кандай сонун мотивация берүүчү сөз !
Мусулман адамдын кечеги күнү
бүгүнкү күнүнө окшош болбоосу керек ..
Бирок сиз менен биздин кечеги күнүбүз эмес,
айларыбыз окшош өтүп калдыго ?
Жылдарыбыз коёндой окшош болуп өтүп жататго?
Өмүрүбүз окшош күндөр менен коштолуп бара жататго,
туурабы туура эмеспи ?
5 жыл мурда Касым Тыныстанов же Чыңгыз Айтматовдун бир чыгармасын окусаңыз,
азыр да ошол бойдон жүрсөңүз,
китептер үйдө чаң басып жатып,
эртең тандырга от кылып жагып жатсаңыз
достор абалыбыз оор анда ..
5 жыл мурда бирөө кооз үн менен Куран окуганын уксаңыз,
5 жыл өтүп өзүңүз Куран окуганды билбесеңиз
демек биз жашоодон жеңилип калыптырбыз ..

Биздин күндөрүбүз окшош болуусу мындай турсун,
бул жылыбыз мурдагы жылдан төмөнгө түшүп кеттиго ?
Аай! Тоголок болгон 1 жылыбызды өткөрдүк,
эмнелерге жетиштик ? Эмнелерге жетпей калдык?
Жана алдыдагы жылда мен эмнелерге жетемин ?
Пайгамбарыбыз алайхис салам Өзү айтып жатат:
мусулман адамдын кечеги күнү
бүгүнкү күнүнө окшобосун деп .
Демек адам баласы 24 саат бою астыга гана умтулуп жашоосу керек экен !
Эч качан ордуңузда токтоп калбаңыз .
Күн сайын биздин боюбуз менен салмагыбыз өскөндөй,
ички жан дүйнөбүз менен
дүйнө тааным маданиятыбыз кошулуп өссүн !

Пайгамбарыбыз алайхис салам башка бир сөзүндө:
Илим алуу бешиктен башталып кабырга чейин!- деп
өмүр бою астыга умтулуп жашоо керектигин,
илим алуунун өтөө зарыл экенин айтып койду.
Бизнестен бир ийгиликке жеттиңизби ?
Ичиңиз чыгып калса спортко барып аны кетирдиңизби?
Бул деле өзүбүз үчүн бир ийгилик да туурабы?
Бир тил үйрөндүңүзү ??

Бир жылда 24 носки жырттым, 3 шым жырттым,
15 жолу чач кыскарттым, ааааа 65 кино кордум десеңиз
жылыш болбоптур ..
Кайра биз артка кетиптирбиз .

Мен, Кыргызстан менен Казакстанды, бүт азияга мотивация берип тура кой, тур деп тургузуп
жүргөндөргө такыр таң калбайм.
Анткени динибиз бизди жалкоо, сараң
болуудан кайтарып, илим билим алууга,
мээнеткеч болууга чакырат .

Гиппократтын бир сөзү бар:
Адам өзүн өзү өзгөрткүсү келбесе,
аны эч ким өзгөртө албайт дейт .
Бул байкуштун сөзү эчаак эле
Куранда айтылган болчу.
Аллах Таала айтат:
Кайсыл бир коом өзүн өзү өзгөртмөйүнчө,
Аллах Таала ал коомду өзгөртпөйт !

..Болду… демек биз өзгөрүүнү
өзүбүздөн баштообуз керек экен .
Күн сайын, ай сайын астыга жылалы, билим алалы.
Адил бололу, ыймандуу бололу ..

Келгиле достор, 2019 жылы биз ушундай өзгөрөлү,
2018 менен 2019 жылыбыз окшоп калбасын .
Орусча, англисче билбейсизби ?
2019 жылы бүтүрүп салыңыз .
Анткени сахаабалардын мезгилинде 15 күндүн ичинде
башка тилди баштан аяк үйрөнүп койгон адамдар болгон.
Жанагы эле биз жүрөбүз да, жылдап жылдап .
Ошондуктан туугандар, динибиз буюрат .
Бул жазылган, айтылгандарды окуп өзүңүз аракет кылып
өзгөрбөсөңүз Гиппократтын айтканы сизге жооп болсун!
Курандын тафсири деп билемин !
Өзүңүздү өзгөртсөңүз,
Аллах Таала сизди сөзсүз өзгөртөт .
Баарыбызга узак жана пайдалуу өмүр берсин .
Күндөрүбүз, айлар, жылдарыбыз окшошуп калбасын.

“ЭГЕРДЕ МЕНДЕ МҮМКҮНЧҮЛҮК БОЛГОНДО
2019 ЖЫЛ АР БИР АДАМ ӨЗҮН ӨЗҮ ӨНҮКТҮРҮҮ ЖЫЛЫ”
деп жарыя кылмак элем .
Анткени, адамзат оңолсо бүт аалам сөзсүз оңолот..

•Али Маматов

“БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ”

06.01.2019.

Ачкыч сөздөр
Көбүрөөк

Бул да кызыктуу

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Бул да кызыктуу

Close
Close
Close