alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:46
Суроо-Жооп

Турмуштук суроо-жооптор (59)

Суроо: Кыргызстанда мазхаб карманууда ар кандай мазхабды карманууга боло береби?
Жооп: Ыктыярыңыз. Бирок бир мазхабты кармаганда ошол менен бекем болуу зарыл.

Суроо: Бир жыл кийин токтотуп үчүнчү, төртүнчү, жума күнү тахажжут намазын окуп жүрөм кандай болот?
Жооп: Эч нерсе болбойт.

Суроо: Карыган апамды карайм. Мен сенден ыразымын дейт. Бейиш эненин таманында дейт, ошого эмне дейсиз?
Жооп: Туура, өтө жакшы кыласыз.

Суроо: Байпактын үстүнөн масх тартса болобу?
Жооп: Болбойт.

Суроо: Ассаламу алейкум! Дааватка өз машинасы менен чыкса болобу?
Жооп: Болот.

Суроо: Каза болгон туугандар түшүмө көп кирет, эмне кылсам болот?
Жооп: Эч нерсе болбойт. Колуңуздан келишинче алар үчүн Куран окуп, зикир кылып жана башка жашылыктарды кылып, алардын рухуна багыштап жүрүңүз.

Суроо: Жатарда эмне дуба кылыш керек?
Жооп: “Аллахумма бисмика амууту ва ахя” деп окуп жатыңыз.

Суроо: Кредит алсам бирок, убагында төлөсөм тапкан акчам адалбы же арамбы?
Жооп: Кредит аласаңыз арам болот, ошол үчүн күнөкөр болосуз. Бирок тапкан акчаңыз адал.

Суроо: Сөөктү жууган адамдарга кийит бериш керекпи?
Жооп: Сөөктү туугандары жууйт. Алар дагы кийит алабы?

Суроо: Өзүм үйлөнө элекмин. Эки кызы бар келинге үйлөнсөм кандай болот?
Жооп: Болот.

Суроо: Бизди бир молдо акcакал алдап акча алып кайрып бербей жатат, эмне кылыш керек?
Жооп: Жакшылап түшүндүрүңүз, болбосо сотко бериңиз.

Суроо: Эмнеге кыргызстанда мусулмандар сүннөт кийимин өзгөртүп, кыскартпайт?
Жооп: Шариятта кийим кийүүдө үч нерседен токтоткон. 1- дене көрүнбөш керек, 2- мүчөсү (фигура) билинбеш керек, 3- өзгөчө мусулман эместерге окшоп кийинбеш керек. Ушул үч нерсе болбосо ошол “сүннөткө” жакын кийим дейт.

Суроо: Кырк күндук дааватка кеткендер бекем болуп келеби намазга?
Жооп: Ооба эгер тартипке бекем болуп келсе.

Суроо: Мен күйөмөн уруксат сурабай эле көп наристелерди эмизгем, эмне болот?
Жооп: Тооба кылыңыз! Алладан, күйөңүздөн кечирим сураңыз. Эми сурабастан эмизбеңиз.

Суроо: Ассаламу алейкум! Мен кошуна кызды жакшы көрөм, үйлөнсөм болобу?
Жооп: Болот албетте.

Суроо: Ассаламу алейкум! Мен бирөнүн колунда иштейм бирок, көрсөтпөй акча алгам. Кандай болот?
Жооп: Кайтарып бериңиз айтып.

Суроо: Ассаламу алейкум! Мен билбей талмасы бар кызга үйлөнүп, анын талмасын кийин билдим эмне болот?
Жооп: Дарыгерге көрсөтүңүз, молдого окутуңуз. Жакшы болбосо ата-энесине тапшырып бериңиз.

Суроо: Саламатсызбы! Менин күйөм аракты ичкенди абдан көбөйттү эмне кылуу керек?
Жооп: Ата-энесине, туугандарына айтыңыз токтотсун. Болбосо убактылуу төркүнүңүзгө барып туруңуз, качан арак ичпей калса келиңиз. Намаз окуп, Жаратканга дуба кылыңыз.

Суроо: Ассаламу алейкум! Коендун эти адалбы?
Жооп: Адал.

Суроо: Күйөм арак ичет, балалуу болгусу келбей сактанат, чогу жашаш керекпи?
Жооп: Тооба кылсын, тооба кылса жашай бериңиз. Болбосо убактылуу төркүнүңүзгө барып туруңуз.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button