alternatetext Багымдат: 04:33 | alternatetextКүн чыгуу: 06:14 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:51 | alternatetextШам: 19:51 | alternatetextКуптан: 21:36
Макалалар

ТОЗОК САКЧЫЛАРЫ

✍🏻 Тозокто кызмат кылган сакчы периштелер бар. Алар Алла буюрган ишке эч качан каршы чыкпаган, буюрулган нерсени дароо аткара турган орой жана күчтүү периштелер.

Алла Таала айтат: “О, ыйман келтирген пенделер! Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү тозоктон коргоп калгыла! Анын отундары адамдардан жана таштардан, үстүндө болсо, Алла буюрган ишке эч качан каршы чыкпаган, буюрулган нерсени дароо аткара турган орой жана күчтүү периштелер турат!” (Тахрим сүрөсү, 6-аят).📘

📎Ал периштелердин саны он тогузга жетет. Алла Таала айтат: «Мен аны жакында “Сакар” тозогуна киргиземин. (О, Мухаммад) сен “Сакар” тозогунун кандай экенин билбейсиң. Ал (өзүнө ташталган эч бир кылмышкерди) калтырбайт жана жөн койбойт. (Терини карартып,) өзгөртүп коөт! Анын үстүндө он тогуз (орой периштелер) бар». (Муддассир сүрөсү, 26-30-аяттар).📘

📌Каапырлар бул сан боюнча да сыноого дуушар “биз көппүз, мындай аз сандагы периштелерге үстөмдүк кылабыз” — деп ойлошуп, ал периштелердин бирөөсүнүн күчү бүткүл ааламдагы адамзатына күчү жетишин билишпеди. Ошондуктан Алла Таала жогорудагы сөзүн улай мындай деп айткан: «Биз тозоктун кожоюндарын периштелерден гана кылдык жана алардын санын каапыр болгон адамдарды сыноо үчүн, китеп элдери (жөөттөр менен христиандар) анык билип алуулары үчүн жана ыймандуулардын ыйманы дагы (бир нече даражага) көбөйүшү үчүн (он тогуз даана) кылдык. Жана китеп (Тоорат, Инжил) берилген элдер менен момундар (периштелердин саны боюнча) шектенип калбашы үчүн, ал эми жүрөгүндө кара ниети болгон адамдар (мунаафыктар) менен каапырлар: «Алла бул мисал менен эмнени каалады экен» деп (шектенип) сүйлөшү үчүн (Алла тозок периштелеринин санын он тогуз даана кылды). Алла мына ушинтип, Өзү каалаган пендесин адаштырат жана каалаганын Туура Жолго салат:
«Оо, Мухаммад, периштелерден турган) Раббиңдин аскерлеринин санын бир Өзү гана билет. Жана бул насааттар адамдар үчүн эскертүүдөн башка нерсе эмес» (Муддассир сүрөсү, 31-аят).📘

Ибн Ражаб минтип айттат:
“Мурунку жана акыркы аалымдардын айткандарынан каапырлар периштелердин саны менен сыноого кабылышкан, алар периштелерди өлтүрүп салабыз деп, алар менен тирешип, туруштук бере алабыз деп ойлошту, бир периштеге адам баласынын баары бириксе да, күчтөрү жетпешин билишпеди”. (Тахвийф минаннаар, 174).📘

Ошол периштелерди Алла Таала “Тозок сакчылары” деп атаган. Алла Таала айтат: «Анан тозоктогулар тозок кароолчусуна: «Раббиңерден сурагыла, бизден бир күн болсо да азапты жеңилдетсин?!» — дешти». (Гаафир сүрөсү, 49-аят).📘

Аллах Өзү тозок отунан биз алсыз күнөөкөр пенделерини адашуудан сактасын!

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button