АалымдарМакалалар

ТИЕШЕСИЗ ИШКЕ ТИЙИШПЕ

ТЕШЕСИЗ ИШКЕ ТИЙИШПЕ

 

✍ Ажылык сапарымда Эр-Рияддын түштүгүндөгү Ал-Хараж аймагынан келген адам менен бирге болдум. Жетимишти жекелеген карыянын мүнөзү сонун, баскан-турганы тың, жүзүнө кайгынын изи түшпөй, качан көрсөң бактылуу. Сергек жашоосунун сырын сурасам, ал мунун баарын Алланын элчисинин (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) “Мусулмандын эң көркөмү – тиешеси жок нерсеге кийлигишпегени”, – деген сөзүнөн алдым дейт.

– Өзүмдүн фермамда турам, – деди сөзүн улай: – Той-топур, отуруш, ызы-чуу жерге такыр барбайм. Кузгун заардан туруп, нафил намаз окуп, анан багымдаттын азанын күтөм. Багымдаттан кийин жайнамаздан жылбай күндүн чыгышын күтөм. Күн көтөрүлгөндө эки ирекет Духа окуп, анан талаага кетем. Мал карайм, эгин сугарам, кээде кемпиримдин тамак бышырганына жардам берем, ара-чолодо “Куран” китебин окуйм, кыскасы таңды-кечке жан тынбайт.

Жаш кезимде оюн-зоок, той-торопо, кыскасы, эл чогулган жерлерден калчу эмесмин. Укканым ушак, айтканым айың болуп, убактым кур бекер кургуйга кулап жүрдү. Анан эмнегедир жаш өткөн сайын жүрөк кысылып, кыйнала баштадым. Акыры Алла Таала туура жолго салып, шаардын сыртындагы аңыздын этегине үй салып, байбичем, бала-чакам менен мал-жанды карап, эгин эгип тиричилик кылууга өттүм. Ошондо тарта энеден эми туулгандай сезим пайда болуп, жүрөгүм тынчыды, жаным жай алды. Бакыттын анык даамын таттым, – дейт жүзүнөн нур төгүлгөн карыя.

Чынында пайдасыз иш менен алек болгондор четтен табылат. Кайран өмүр бейпайда отуруш-чогулуштарда ушак угуп, айың сүйлөө менен өтүп кетүүдө. Аларды угуу менен күн санап күнөөсү да арбып жатканын эске алышпайт.

Дегеним, өз жолуңа түш, өз ишиңди аткар, ой-пикириңди өзүңдүн ийгилигиңе багытта. Ар кимдин ажалын ойлоп кыжаалат болбо. Кабырга эч ким сени менен бирге жатпайт . Эч ким сен үчүн сурак да бербейт. Бул дүйнөдө да акыретте да өзүңө-өзүң жооп бересиң. Жан дүйнөңдү тынчыт, убактыңды үнөмдө, Жаратканга багыт ал, бактылуу болосуң жана ийгиликти багынтасың.

📗”Бакыттын сырын ачтым” китебинен

Ачкыч сөздөр
Көбүрөөк

Бул да кызыктуу

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Бул да кызыктуу

Close
Close
Close