alternatetext Багымдат: 04:24 | alternatetextКүн чыгуу: 06:08 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:54 | alternatetextШам: 19:56 | alternatetextКуптан: 21:43
Макалалар

Текеберликтин 7 себеби

Текберлик - бул оору. Текеберлик – бул өзүн-өзү жогору сезүү, бой көтөрүү, бирөөнү төмөн көрүү. Бул оорунун айынан адам баласынын башына канчалаган мүшкүл түшүшү мүмкүн. Сиз өзүңүзгө “Мен текеберминби? Бирөөгө бой көтөрдүм беле?” деп суроо бердиңиз беле? Же качандыр бир бой көтөргөн учуруңузду сездиңиз беле? Адам ар дайым өзүнүн адамдык сыпаттарынын үстүнөн ой жүгүртүп, кемчиликтерин оңдоого аракет кылып туруусу зарыл. Балким, ал өзү байкабай текеберлик көрсөтүп, бул сыпаттын кантип күчөп кеткенин байкабай калышы мүмкүн. Келгиле, текеберлик дартынын белгилери жана дарыланышын изилдеп көрөлү.

Текеберликтин сырткы белгилери: айлана-чөйрөдөн сый-урмат күтүү, кеңештерди четке кагуу, орой сүйлөө, кимдир бирөөнүн акыл айтуусуна каардануу жана башкаларды өзүнөн төмөн коюу, шылдыңдоо.

Эгер билсеңиздер, дал ушул текеберлик шайтанды “Мен Адамдан жакшыраакмын” деп айттырып, Алла Тааланын каарына жана каргышына калган.

Адамдын текебер болуусуна кандай шарттар өбөлгө болушу мүмкүн?

1) Илимдүү-билимдүү болуу. «Мен башкалар билбегенди билем» деп өзүн өйдөсүнтүү. Бекеринен, илим үйрөнүүдөн мурда адепти үйрөнбөгөн адам – коркунучтуу деп айтылбайт. Илгери дин улуктары шакирттерине алгач адеп үйрөтүп, кийин илим үйрөтүшчү эле. Аалым болгондор, чындыгында, Алла Тааладан корккон адамдар. Адам алгач өзүн таануу керек. «Өзүн тааныган — Раббисин тааныйт», — дешкен.

2) Экинчиси — ибадат. Ибадат кылган, анын ибадаты аны башка адамдардан мыкты кылат деп ойлоно баштайт. Ал адам ибадат кылганы менен жан дүйнөсүн тазалабай, тескерисинче, күнөөлөрдүн сазына батып кетиши мүмкүн. Ибадаттын терең маанисин түшүнгөн киши мөмөлүү бак сымал барган сайын ийилип, жерге жакындайт. Ибадаты көбөйгөн сайын текеберлиги күчөсө, андай адамды чындыктан кур калган деп түшүнсө болот.

3) Сулуулугу менен мактануу. Муну эмдөөнүн чарасы – бир гана сырткы келбетине эмес, жан дүйнөсүнө дагы көз салуу. Ичин изилдеген кезде сулуулугу менен мактануусуна тоскоол боло турчу бир нече ыпластыктарды көрөт. Бардык дене мүчөлөрүндө ыпыластыктар бар. Күнүгө бир же эки жолу бул ыпластыктарын өз колу менен тазалайт. Эгер өзүн карабай койсо, кандай акыбалга келерин өзү деле жакшы билет. Мындан тышкары, адамдын сулуу келбетке ээ болуп калганы, анын мээнети эмес. Ушулардын үстүнөн адам ой жүгүртүүсү зарыл.

Дагы башка себептери – ата-теги, бийлик жана лидерлик сапаттары.

Дарылоо жолдору: Текеберликти дарылоонун 2 жолу бар. Биринчиси-жалпы, экинчиси-өзгөчө. Жалпы дарылоо теоретикалык жана практикалык тараптарды айкалыштырат. Теоретикалык дарылоо- бардык кемчиликтерден Аллах гана таза экенин жүрөккө бекем түйүү. Ошондой эле, өлүм тууралуу ойлонуу. Өлүм баардык адамдарга бирдей, анда байлык, сулуулук, бийлик коргонуч болуп бере албайт.

Практикалык дарылоо – Алла Элчисинен үлгү алуу. Сүйүктүү Элчибиз үйдү тазалоо, кийимин жамоо сыяктуу иштерди өзү кылган жана мындан уялган эмес. Базарга соода үчүн барып, малайлар менен чогу отуруп тамак жеген. Ал эч качан кара менен ак, бай менен кедейдин ортосунда айырмачылык кылган эмес. Мухаммед (Алланын ага салам-салаваттары болсун) март, боорукер жана колу ачык болгон.

Өзгөчө дарылоого кайрылсак, анда адам өзүнүн текеберлигинин себептерине терең анализ жүргүзөт. Мейли ал сулуулук, байлык, бийлик болсун.

Буга мисал: элестетиңиз, сиз кылдат күзөттөлгөн жана эшиктери жабылган сепилдин алдында турасыз. Бул сепилде аягы көрүнбөгөн байлык бар, бирок сиз аны алууга эчтеке кыла албайсыз, алсызсыз. Анткени, сизде сепилдин ачкычы жок. Бул сепилдин ээси ачкычты колуңузга карматып, каалаган байлыгыңызды тандап алууга шарт түздү дейли. Эми жыйынтык чыгарыңыз: соңунда сиз “эшикти мен ачтым” деп ийгиликти өзүңүзгө ыйгарасызбы, же ачкычты берген адамга ыраазычылык билдиресизби?.

Унутпаңыз, текеберчилик — адамдын жашоосундагы бардык ийгиликтер Аллах тарабынан келип жатканын тануу.

Текеберчилик оору болсо, а анын себеби бул чыныгы илимдин жоктугу. Бул оорунун дарысы — тунук рухий илим алуу

Булак
"Умма"

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button