Бул талашка көп болду. Адамдар ааламды бөлүштүрө баштагандан келатат. Бүтчүдөй эмес. Бардыгы Кудайдын атын аташат. Бул туурасында "Жекеме-жекеге" чыгышкан МТРК журналисти Мыктыбек Арстанбек жана "Тайтебиш" улуттук оюнунун устаты Кубанычбек Тезекбаев. - Кубаныч мырза, "кыргыз орус болуп өсүп, араб болуп өлөт" дедиңиз эле. Кепти кайра ошого буралычы. Кубанычбек Тезекбаев: - Теңирчиликтин философиясы тээ Нур доорунан башталып, өтө тереңге кеткен. Бүгүн биз ошондогу касиеттердин көбүн төгүп-чачып алдык, бизге, кийинки муунга жетпей калды. Анан "өрдөк жокто чулдук бий" дейт. Кийин кыргыздарга көрүнгөн күчтүү дин, агымдар келип өздөрүнүкүн таңуулап, үстөмдүк кыла баштады. Илгери деле кыргыздар эзелкисин жыйноого умтулган, бирок ташка сиңген тарыхты жыйнап калалган эмес. Азыр биз арабдар жайган кулачынын ичинде калдык. Арабдардын бизге келгенине 500 жылдай эле болду. Ага чейин биздин дил, дин таануубуз нукура кыргызча гана болуп келген. Бардык турмуштук ритуалдарыбыз кыргызча болчу: адам өлсө арабча ыргагы жок эле, кыргызча айтып теңирге тапшырылчу. Кийин эле арабдардын келиши менен көп нерсебиз өзгөрүлдү, ошол өлүк коюудагы салттарга салык киргизилди. Мисалы, жакыныңа келип кошок кошуп бергени үчүн келген аялдарга сен жок дегенде жоолук салышың керек, же дагы бирдеме беришиң керек. Анан афган элинин моджахед деген уюму бар, ошолор келип, "биз Аллахтын жоокерлерибиз" дешип, жаш балдардан өйдө сакал койдуруп, Мыктыбек, сен көңүлүңө алба... жамандык, жакшылыктарда келип алышып, киши түшүнбөгөн сөздөр менен божурашат. "Эй, бала, айтчы, сен бизге эмне деп атасың?" десең, "жок, бул Аллахтын сөзү, которулбайт" дейт. Өлгөн адамга өкүрүп баратсаң алдыңан тосуп, "ой, өкүрбө, өкүрбө!" дешет. Бул эмне деген салт? Бизде мындай качан бар эле? Мындай түшүнүксүз майда-барат нерселер арабдардын таңуулаганы. Мыктыбек Арстанбек: - Мен сөзүмдү Аллахтын, Улуу Жараткандын аты менен баштайын. Мен биринчиден, Кубан акени аябай сыйлайм. Элге аттын кашкасындай таанымал болбогону менен кыргыз үчүн көп иштерди жасап жүргөн киши. Кыргыз дегенди "киргиз" деп жазып койгону үчүн башкаларды сотко берген эркекти мен көрөлекмин. Экинчиден, бирок азыркы XXI кылымда жашап туруп, Кудай жок деп айткан адам - айбандан да ылдыйкы адам. Ошондой эле ушул кылымда жашап туруп исламдан эч кабары жоктор да - өтө төмөн адамдар. Мисалы, Голландияда канча эркек канча эркекке турмушка чыкканы жөнүндө же Америкада сойкулар канча турары тууралуу кызыксаңыз, бат эле билип аласыз. Бирок кызыкпаганыңыз үчүн Ислам эмне экенин билбейсиз. Кеп ушунда. Исламдан кабары бар адам болгондо момундай талашка келбей эле, үйүндө отуруп бир жыйынтык чыгармак. Кепти мен сакалдан баштайын. Өткөндө КТРде эле иштеген бир адам жолуман тосуп алып айтат: "Эй, Мыктыбек, ата-бабаң кылган ишти кылсаң болбойбу, кыргыз качан сакал койду эле?" дейт. Дал биз жолуккан залдын боорунда жалаң кыргыздын тарыхый баатырларынын сүрөтү илинип турган. Айттым: "Кана, мобу кыргыз баатырларынын кимисинде сакал жок экен?" десем, өзү карап чыгып, "Курманжан даткада" дейт. Ии, демек, адамга сакал чыккандан кийин ал кыргызбы, оруспу, араббы коет экен да. Кеп бул жерде доктринада туру. Мен теңирчиликти көп деле изилдеген эмесмин. Чынын айтсам, билбейм. Балким сиз айтып аткан нерселер тарыхта болгондур. Балким. Мындай күмөн болуп аткандын себеби, теңирчилик бул жөн гана адамдын ою, анткени ал боюнча кудайдан түшкөн эч кандай далил жок. Ишара жок. Балким ал "далилди" кийин өзүңөр таап чыгаарсыңар... Теңирчиликтин жайылышы да мыйзамченемдүү көрүнүш. Анткени, бүгүн эл сабаттуу болуп туруп, дин жагынан караңгы. Сизчилеп мурдунун учунда турган Исламды билбейт. Сиз айтып аткан моджахед деген сөз - Аллах жолунда күрөшүүчү деген эле сөз. Куран түшкөндөн бери пайда болгон сөз. Менин ушинтип сизге сүйлөп атканымдын өзү - жихад. Мен азыр жихад кылуучумун. Мен сиздин оюңузду өзгөртүүчүмүн. Мен - демек, моджахедмин. Сиз Исламды түшүнбөгөн үчүн азыр мага душман болуп турусуз. Өткөндө бирөө "мобу киши вахабист" экен дейт. "Эмнеге?" десем, "байпагына маасы тартат экен" дейт. Бул адамдын караңгылыгынан айтылган сөз. Адамдын данегине сыйынуу инстинкти салынган. Сыйынмайын туралбайт. Коммунисттер да сыйынган. Советтердин Кудай жок деген атеисттик доктринасы дагы адамды сыйындырбай кое алган эмес. Пионерлер честь берет эле, өчпөс отко барып, Кремлди туу тутат эле. Айтор, сыйынуу ритуалдары жетиштүү болчу. Теңирчиликтин жетишкендиги эмнеде? Эгерде жетишкендик деп айта турган болсок, теңирчилер адамдардын караңгылыгынан пайдаланып, ар түркүн далилдерди таап чыгып аткандыгында. Мусулмандардын жетишпегендиги эмнеде? Ал - жакшы менен жаманды көрсөтүп бералбаганында. Себеби, бизди жетектеп аткан молдокелер капа болбосун, алар советтерден калган молдокелер. Алар өздөрү исламды жакшы түшүнүшпөйт. Эгерде жакшы эмне, жаман эмне экенин дурустап түшүндүрүп бералса, адам табияты жакшыны тандап алат. Ошондуктан ортодон ар кайсыны жамак кылып кошо бербей, Акыйкатты түшүндүрүп бералгандар келсе эле болду. Ислам балким мындан 500 жыл эмес, 5 эле жыл мурда келгендир. Кеп анда эмес. Биз жакшыга өтүшүбүз керек. Эгерде өлүккө өкүрбө десе, аны Мыктыбек айтып аткан жок. Аны араб айтып аткан жок. Араб тилинде түшкөн Кудайдын сөзү айтып атат. Сиз арабдар деп мени адаштырып жатасыз. Жок, араб тилинде түшкөн дин айтып атат. Эгер ошол дин чукча тилинде түшкөн болсо, биз чукча тилинде айтмакпыз. Ошол дин жакшы болсо эмнеге биз аны кабыл албашыбыз керек? Ислам - беш маал колуң менен бутуңду жуу деп атат. Жакшыбы? Жакшы. Өлүктү чиритпей, сасытпай, убагында кой деп атат. Кезинде ал да сени кем кылбай баккан деп атат. Жакшыбы? Жакшы. Эй, бирөөнүн катынына тийбе, өзүңкүнө тий деп атат. Эмне, жаманбы? Жакшы болсо, анда аны эмнеге кабыл албашыбыз керек? Мейли, Ислам мындан жарым саат мурда келген болсун. Мен 41 жыл мурда жалаякта жаткам. Эмне, мен дагы эле жалаяк жамынып жүрүшүм керекпи? К.Тезекбаев: Бешикте жаттыңыз беле? М.Арстанбек: Мен бешикте жаткам деп кайра бешикке жатпаш керек. Прогресс болуш керек. Ал үчүн адам жалгыз акылына таяна берсе, адашып калышы мүмкүн. Жалпыга түшүнүктүү, универсалдуу доктрина алып келүүчү эмне? Ал Кудай аркылуу болот. Ал үчүн анык пайгамбары, анык китеби болуш керек. Эгерде силер теңирчиликти элдин турмушун уюштуруп берала турган доктрина десеңер, анын пайгамбары болуш керек жана китеби болуш керек. Эгер алары жокпу, анда ал жөн гана көзкараш. Аны динге каршы коюу - бул акмактык. К.Тезекбаев: Курандан башка адамга эки касиет берилген. Бири - оозеки, бири - жазма. Эки илимдин бири - Манас илими. Манас - теңирчиликте кыргыздарга берилген касиет. Кыргыздар бузула баштаганда Манастан мындай сөз түшкөн: Кыргыздан түшкөн балдары, Кыяматка кадам таштады. Кан чыгарып адамдан, Кан шайлаша баштады. Кандын башын кан жутат, Кардын башын кар жутат. Каргышка калып теңирдин, Каргаша түшүп кыргызга Каңгый турган кез келди. Көпөстөр башка бет алып, Көпкөн байдын балдары Жалаңкычка жалынды. Калбасын деп кырылып, Кыйла элге кеңири Дин таратты теңири. Көзүн жаап адамдын Көргүс кылды теңири, - дейт. Мына ошентип, бүгүн диндер аябай көп. Анын бири Инжил болуп, бири Куран болуп жаралды. Инжил - старый, новый зовет деп, Ислам - сунит, шийит болуп дагы 74 бөлүккө бөлүндү. Алардын ортосунда кагылыш, карама-каршылыктар абдан көп. А Теңирчиликте жамандык-жакшылык баары бирдей болот. Башка динди бөлбөйт. Жерибейт. Таңуулабайт. М.Арстанбек: Сиз жерип эле атпайсызбы, сакалчан деп. К.Тезекбаев: Мен бала кезден эле Теңирге сыйынам. М.Арстанбек: Кантип сыйынасыз? К.Тезекбаев: Таң атпай туруп алып, күн чыгышты карап сыйынасың... Биз жаралгандан киндигибиз аркылуу эне менен байланышта болобуз. М.Арстанбек: Бул ойго качан келдиңиз? К.Тезекбаев: Илгертеден ушул. Мен бала кезден билем. М.Арстанбек: Теңирчилик - бул көзкараш да, туурабы? К.Тезекбаев: Менин ишенимим. Дүйнө таанымым. М.Арстанбек: Бирок дин эмес. К.Тезекбаев: - Ооба, дин эмес. М.Арстанбек: Анда эмнеге Ислам динине каршы болуп атасыңар? К.Тезекбаев: - Мен каршы деле эмесмин. Силердин бизди "мушилик, сушилик" деп бөлгөнүңөр эле жаман да. "Шурк-мурк" дейби айланайын. Бир жолу бир молдого айттым, "эй, сен кайсы тилде сүйлөп атасың, түшүндүрчү" дедим. "Мен араб тилинде сүйлөп атам" деп боюн көтөрөт. "Кыргызсыңбы?" десем, "кыргызмын" дейт. "Кана анда, далилдечи" дедим. Мына ошол суроону азыр сага берейин. Мен сени жакшы билем. Сен өзүң кыргызсыңбы? М.Арстанбек: - Сөзсүз кыргызмын. К.Тезекбаев: - Кыргыз болсоң кыргыз экениңди далилдечи? М.Арстанбек: - Сизге эмне кылсам далил болот? К.Тезекбаев: - Мен айтып берейин. Улуу тоону көргөмүн, улар үнүн уккамын, кичи тоону көргөмүн, кийик үнүн уккамын. Мен бийик касиеттүү кыргызмын. Улутум - кыргыз, рухум - Манас дейсиң. М.Арстанбек: - Мисалы, улуу тоону көрбөгөн кыргыздар кантиш керек? Же ушул сөздү айтып койсоң эле бүттүбү? К.Тезекбаев: - Ата салтыңды билишиң керек. Жашоо турмушуңда ошол үрп-адатты алып жүрүшүң керек. М.Арстанбек: Кубан аке, сиздин айтып аткан сөзүңүздөн фашизмдин жыты келип атат. Капа болбоңуз. Сиз мени менен жашаган жоксуз да, балким, кыргыз салтын мен сизден көбүрөөк колдоноормун. К.Тезекбаев: Ал эмне болгон фашизм? М.Арстанбек: Мен гана кыргыз, башкаңар кыргыз эмессиңер дебатасыз. Менин кыргыз экенимди сиз менин эне-атамдын канын, анан менин канымды алып текшерип көрүп гана айталасыз. Бөлөкчө мен кантип далилдешим керек, эй! Балким мен чын эле еврей же арабдырмын. Кантип далилдейсиз? Же мен кыргыз болбой калсам эле адам эмесминби? Мына, кеп ушул жерде. К.Тезекбаев: Кыргыз болуп жүрүп, араб сөзүн сүйлөп, араб жашоосун кечирип аткандар бар болуп атпайбы. Биз кыргыздарга кыргыз баба салтын, турмушун, кыялын, рухун үйрөтүшүбүз керек. М.Арстанбек: Рух дейсиз, ошол рухту эмнеге байлайбыз? Сизге бир мектепти бердик дейли, кантип окутат элеңиз? Ушундай деп Кубан айткан деп окута беребизби? К.Тезекбаев: Көкө Теңирге байлайбыз да, жаратылыш жасаган нерселерге... М.Арстанбек: Теңирчиликти окута турган системаңар барбы? Кана? К.Тезекбаев: Ал системаны деген азыртан... М.Арстанбек: Эми араң иштеп чыккан атабыз дебейсизби, ха-ха-ха... Системаны силер, адамдар өзүңөр түзгөн атасыңар да, туурабы? Силер деген пайгамбар эмессиңер да. М.Арстанбек: Болуптур, теңирчиликтин туура системасын иштеп чыгуу үчүн эмне кепилдигиңер бар, ошонун тууралыгына эмне кепилдик болот? К.Тезекбаев: Кепилдик бар... Мен айтып келатам, кыргыздар бири-бири менен чабышбаш керек. Толук системалаш үчүн азыр мүмкүнчүлүк жок. 15-20 жылдын ичинде нукура кыргыз мамлекетин түзөбүз. Ошондо эч кандай ислам же дагы башка жол менен эмес, тарыхый, философиялык уңгу менен жаралат. Ошондо эч ким жаратылышка кыянаттык кылбайт. Жаратылышка суук кол артылбаса, анда жашоо да жакшы, бейпил болот. Ислам нуру гезитинен алынды