alternatetext Багымдат: 04:20 | alternatetextКүн чыгуу: 06:05 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:44
АңгемелерӨрнөктүү өмүрлөр

Таластын Курманжан Даткасы – Токтор болуш апа

19 кылымдын аягында Талас өрөөнүнүн жогору жагында, Олуя-Ата уездинин болушу болуп, Токтор болуш башкарган.

Токтор апа жаш кезинен мүнөзү курч, акыл-ой жүгүртүүсү терең, элине-жерине бекем турган инсан болгон экен. Кушчу уруусунун Солтонкул деген бай адамына турмушка чыгып, ал уруунун ичиндеги бир уруктун жашоосунда алгачкы башкаруучулук потенциалын көрсөтө баштайт.

Алгач Кушчу уруусу Токтор апанын адилеттүүлүк касиетин байкап, бийлик (сот) укуктарын берет. Бир нече жылдары бий ролун аткарып, көп деген чыр-чатактан урууну сактап келип, элдин ичинде чоң сыйга татыйт.

Ошол кезде Сырдарыя облусунун генерал-губернаторлугу Токтор апа жөнүндө көптөгөн маалыматтарды угуп, Олуя-Атага чакырат. Олуя-Ата уездинин, Таластын Кушчу уруусуна “Болуш” кызматын сунушташат. Токтор апа болуштукка макулдугун берип, Олуя-Атадан Генерал-губернаторлуктун мөөрүн алып келет.

Токтор болуштун болуш катары элдин тарыхында калган кадамдары:

1. Олуя-Атада соттолуп жаткан ар-бир кыргыз инсандары үчүн салгылашкан. Таластын жогору жагында турса да, 200 км. чакырымды басып, ар-бир сот процессине барып катышып, бир топ кыргызды зындандан сууруп чыккан. Ошол кезде Токтор болушка Таластыктар зындан туткунунан сактап калуусун суранышып келишчү экен. Токтор болуш дебей, Токтор апа, дешип баркташчу экен.

2. Таласты 3 чоң уруу мекендейт – Кытай, Саруу, Кушчу. Ошол кездеги уруу арасындагы саясатты ынтымактын нугунда дипломатиянын негизинде жүргүзгөн экен. Уруу аралык чабыштар Токтор болуштун учурунда (Таластын жогорку жагында) токтогон экен.

3. Токтор апа болуш катары кыска мөөнөткө гана башкарат. Бир нече жылдан кийин, “Кыргызды эркек инсаны башкарсын!”, деп, өзүнүн байына эмес, кайниси Кудайбергенди (Карабаш) генерал-губернаторствого сунуштап, болуштукту Карабашка өткөрүп берет.

Бул да кызыктуу

1 пикир

  1. Prtty gdeat post. I simplly stumbld upon youjr blog aand wishdd
    to say tht I havve really loved browsing your weblo posts.
    Ater alll I’ll bbe subscribing oon yur feedd annd I am hoping you writte once more soon!

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button