Макалалар

Тахажжуд намаз кандай окулат?

Суроо: Тахажуд намаз кандай окуулат?

Жооп: Тахажжуд намаз – бул түнкү намаз. Анын убактысы түндүн бир бөлүмүндө болот. Бул намаз куптан (иша) жана багымдат (фажр) намаздардын ортосунда жасалат. Тахажжуд намаздын өзгөчөлүгү, аны уктагандан кийн туруп окуш керек.

Тахажуд намаз – парз намаздардан эмес. Бул намаз – нафиль намаз (кошумча). Аллахын Элчиси мындай дейт:

«Беш маал парз болгон намаздан кийн, тахажуд намаз абдан маанилү болуп эсептелет» (Муслим, Сиям, 202, (1163), 203).

Бул намаз пайгамбарыбыз САВ үчүн парз болгон. Алла Таала ага мындай буюрган эле:

«(Эй, Мухаммад!) Түндүн бир оокумунда ойгонуп, өзүңө гана таандык болгон кошумча ибадат катары Куран менен намаз оку». (Исра 79)

Айрыкча, бул намаздын башка кошумча намаздардан эч бир айырмасы жок, жана эки рекеттен окуулат.

Куптан намазынан кийин азбы-көппү бир аз уктап, кайра туруп окулчу намаз «түнкү намаз» деп аталат. Түн жарымынан баштап, саарлык маалына чейинки аралыкта туруп окулчу намаз болсо «тахажжуд намазы» деп аталат.

Тахажжуд намазы да эки рекеттен сегиз рекетке чейин окулат. Ар эки рекетте бир салам берилип окулганы жакшы.

Тахажжуд намазына жалпы мусулмандарды кызыктырган бир топ аят-хадистер бар. Алла Таала Куранда мындай деген:

«(Эй Мухаммад) Чындыгында сени жана сени менен бирге кээ бир адамдардын түндүн үчтөн эки бөлүгүнүн азыраагында же жарымында же үчтөн бир бөлүгүндө туруп намаз окуп өткөрөрүн сенин Эгең билип турат» (Музаммил 20).

Жараткан Алла Таала башка аяттарында түнкү намаздарга тургандар жөнүндө атайылап токтолот:

«Алардын капталдары төшөктөрүнөн көтөрүлүп турат да, өздөрүнүн Эгесине коркуу, үмүт менен жалынышат…» (Сажда 16).

Демек аяттардан билинип тургандай тахажжуд намазын окуу пайгамбарыбыз САВ үчүн сөзсүз аткарууга тийиштүү милдет (важиб же парз) эле.

«Алар түн ичинде бир аз убакыт гана укташкан. Таң эрте менен Алладан кечирим сурашкан». (Зарият 17-18)

Пайгамбарыбыз САВ ар дайым окуган бул намаз биз үчүн сүннөт болуп саналат. Пайгамбарыбыз САВ мындай деген:

«Түнкү намазды дайыма окугула. Анткени, түнкү намазды окуу силерден мурун өткөн жакшылардын адаты, Жараткан Эгеңерге багынуунун белгиси. Жамандыктарды жаап, күнөө жасоодон сактайт» (Тирмизи, Даават, 101).

Башка бир хадисте:

«Парз намаздардан кийин эң сонун намаз – түнкү намаз» (Муслим, Сыям 202) деп айткан.

Кайсы маалда окулат?

Түн жарымынан баштап, саарлык маалына чейин. Пайгамбарыбыз (Алланын ага салам-салаваттары болсун) адатта тахажжуд намазын уктап турган соң түндүн жарымында, же түндүн акыркы бөлүгүндө (үчтөн бир бөлүгүндө) окуган.

Канча рекет окулат?

Тахажжуд намазы эки рекеттен сегиз рекетке чейин окулат. Ар эки рекетте бир салам берилип окулганы жакшы. Ниет коердо: «Тахажжуд намазынын (2,4,6,8) рекетин окууга ниет кылдым» деп айтуу зарыл.

Тахажжуд намазынын сооптору:

Жараткан Аллах Таала Ыйык Куран аяттарында түнкү намаздарга тургандар жөнүндө атайылап токтолот:

«Алар түн ичинде бир аз убакыт гана укташкан. Таң эрте менен Алладан кечирим сурашкан». (Зарият 17-18)

Пайгамбарыбыз САВ мындай деген: 

«Түнкү намазды дайыма окугула. Анткени, түнкү намазды окуу силерден мурун өткөн жакшылардын адаты, Жараткан Эгеңерге багынуунун белгиси. Жамандыктарды жаап, күнөө жасоодон сактайт»(Тирмизи, Даават, 101).

Дагы бир хадисте:

«Парз намаздардан кийин эң сонун намаз – түнкү намаз» деп айткан. (Муслим, Сыям 202)

Аллахтын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) тахажжуд намазы жөнүндө мындай деген:

“Силер тахажжуд намазына көп көңүл бургула, анткени, тахажжуд намазы силерден мурунку өткөн коомдогу (салих) жакшы адамдардын Аллага жакындатуучу, жамандыктан алыстатуучу, күнөөлөрдөн кайтаруучу, денеден ооруну айдоочу(кетирүүчү) жана дилди тазалоочу “куралы” болгон” (Ахмад жана Тирмизий).

Тахажжуд намазына жеңил ойгонуунун 12 жолу

Абу Хамид ал-Газзалий тахажжуд намаздарды жеңилдетүүчү, ички жана тышкы себептерди айтып өткөн.

Тышкы себептер:

  1. Көп жеп, көп ичпөө. Анткени, көп тамактанган адамды уйку басып, тахажжудга туруу кыйын болуп калат.
  2. Күндүзү пайдасыз иштер менен өзүн чарчатып койбоо.
  3. Күндүзү бир аз уктап, дем алуу. Мындай кылуу түн ортосунда ойгонууга жардам берет.
  4. Күндүзү күнөө иштерди жасабоо. Себеби күнөө иштер түндөлөрү туруудан куру калтырып коет.

Ички себептер:

  1. Жүрөктү мусулмандарды жек көрүүчүлүктөн саламат кармап, динге жаңылык иштерди киргизүүдөн жана дүйнөгө ашыкча көңүл коюудан сактануу.
  2.  Аллахтан дайыма коркуп, арзуу-үмүттү азыраак кылуу.
  3. Тахажжуддун пазилетин билүү.
  4. Себептердин эң күчтүүсү, Аллахты сүйүү жана түнкү намазда ар бир айтып жаткан тамгасы менен Аллага кайрылып жаткандыгына катуу ишенүү.
  5. Ошондой эле, ислам аалымдарынын бири айткан бул сөздөр бизди тахажжуд намазына туруубузга шыктандырат: “Кайсы үйдө түн ичинде тахажжуд намазы окулса, анда ал үйдө бир нур пайда болот. Ал нурду периштелер көрөт. Биз асманга жылдыздардын нурун көрүү үчүн караган сыяктуу, периштелер да намаз окулган үйдөгү жарык нурду көрүү үчүн жерге карашат. Андан да таң калыштуусу күн сайын сенин үйүңдөн жарык нурду көрүп турган периште күндөрдүн биринде ошол нурду көрбөй калса, сен жөнүндө сурайт. Анткени ал сенин үйүңдөн дайыма жаркырап чыгып турган нурду ошол түнү көрбөй калган болот. Ал периштеге сенин ооруп калгандыгың же бир мүшкүл ишке кабылгандыгың тууралуу кабар жеткирилет. Сенин кабарыңды уккан периште дароо сага шыпаа тилеп, мүшкүлүңдүн жеңил болуусун сурап, сенин муктаждыгыңа жараша дуба кылат. Анткени, ал үйүңдөгү намаздын себебинен жаркырап турган нурду кайра көргүсү келет.
  6. Куттуу Пайгамбарыбыздан (Алланын ага салам-салаваттары болсун) үлгү алуу. Анткени ал бул намазды ооруп жаткан кезде да калтырган эмес. Отуруп алып окуган. (Абу Давуд, Татавву,18).
  7. Кечинде жатар алдында тиешелүү аяттарды окуп, зикир чалып, тахажжуд намазына ойгонууга ниет коюп жатуу да абдан маанилүү. Колдон келишинче даарат менен уктоо.
  8. Тахажжуд намазы ден соолукка өтө пайдалуу экенин билүү.

Медицина илимдеринин доктору Магомед Магомедовдун ислам сайттарынын бирине жазган макаласында инфаркт ооруларын тахажжуд намазына туруу менен алдын алса болот. Түн жарымында адамдын денеси, андагы бардык органдар бошоп, жай гана гана иштеп калышат. Нормалдуу жана патологиялык физиологиянын көз карашында бул убак адамдын организми үчүн коркунучтуу болушу мүмкүн. Анткени анда булчуңдар бошоп, организмде кандын жүрүшү жайлагандыктан, тромбдор уюп, кан тамырлардын ички бетин май басып калуу ыктымалдуулугу толук мүмкүн. Мындай учурда жүрөк өзүнүн органдык тапшырмасын өтө кыйынчылык менен аткарат. Жогорудагы абал өзгөчө кыймылы аз, жаш курагы 30-35терден ашкан адамдарга тийиштүү. Ушундай кезде түн жарымында ойгонуп, даарат алып, намаз окуу, организмди ойготуп, кан айлануу системасын жөнгө салат. Демек, бул амалды Аллах Таала пенденин пайдасына айландырып койгон.

Аллах Таала баарыбызды тахажжуд намазын окугандардан кылсын!

Булак
"Рисале-и-Нур" жыйнагынан"Фатва" сайты"Умма"
Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close