Жаңылыктар

Түркмөнстан аракка тыюу салды

Түркмөнстанда аракты сатууну жана ичүүнү чектеген жаңы эрежелер чыкканын “Eurasinet” басылмасы кабарлады. Жаңы жылдан тарта сыра, шарап, спирттик ичимдиктин бардык түрүн парктарда, токойлордо, суу жээктеринде, көчөлөрдүн боюнда, аба майдандарында, лифттердин ичинде, поезддерде, окуу жайларда, спорттук машыгуу залдарында ичүүгө тыюу салынат.

Ошондой эле спирттик ичимдиктер көчөдөгү күркөлөрдө сатылбайт. Ал эми 2021-жылдан тарта ичимдиктер ресторан жана барларда дем алыш күндөрү эле сатылып, башка соода жайларында толук тыйылат. Буга чейин өлкөдө тамекиге да тыюу салынган болчу.

Президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун спортко кызыгуусу өлкөнүн мыйзамдарына да таасир этүүдө. Ашхабаддагы шарап чыгарган комбинаттардын биринин өкүлү “ичкендерди тыюу мүмкүн эмес, алар иче беришет. Бирок экономикалык көйгөй мындай мыйзамдардын айынан тереңдейт”, – деген көз карашын “Eurasinet” журналына айтты.

Ачкыч сөздөр
Көбүрөөк

Адилет Сыдыков

Сыдыков Адилет Акматжанович 1995-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Атамерек айлында туулган. Улуту – кыргыз. 2001-жылы айылдагы Боронбай Атишев атындагы орто мектептин босогосун аттаган. Эркин журналист, блоггер жана веб-дизайнер. 22 жашта. Кыргыз-Түрк “МАНАС” университетинин социология факультетин аяктаган.

Бул да кызыктуу

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close