alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Жаңылыктар

Төкмө акын Идирис Айитбаевге Өзбекстандын президенти унаа жана үй белек кылды

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев  кыргызстандык төкмө акын Идирис Айитбаевге эки элдин ынтымагына кошкон салымы үчүн автоунаа жана үй белек кылды. Бул тууралуу анын жакын санаалаштары «Фейсбук» баракчасына жазды.

Бул жаңылыкты Анжиян облусунун акими Шухрат Абдурахмонов бүгүн чек ара постунун ачылышында айтып өткөн. Тагыраак айтканда, эки элдин достугун даңазалап эки тилде ырдаган төкмө акынга өзбек президентинин атынан «Мalibu» маркасындагы автоунаа менен Өзбекстандан бир үй белекке берилген. 

Маалым болгондой, Идирис Айитбаев кесиби боюнча англис тили мугалими.

Ал өзбек, орус, түрк жана англис тилдерин эркин билет.

Булак
"Марал ФМ"

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button