Атактуулар ааламыТарбия

Стив Джобстун акыркы сөзү: “Чыныгы бактыңыз бул дүйнөнүн материалдык байлыгынан келип чыкпайт”

“Мен ишкерлик дүйнөдөсүндө ийгиликтин туу чокусуна жеттим, менин турмушум башкаларга ийгиликтин маңызы катары көрүнөт.

Бирок, жумушумду эсепке албаганда, көңүл жубатарлык кубанычтар аз. Байлык – бул болгону мен көнүп калган жашоо-турмуштун бир фактысы.

Дартым күчөп, керебеттен тура албай жатып, бүткүл өмүрүмдү көз алдымдан өткөрүп, эскерип жаткан учурда мен жетишкен атак-даңк жана байлык муунта баштаган өлүм алдында маанисиз экенин жана бардык асылдыктан ажыраганын түшүндүм.

Ооба, сиз үчүн машине айдоого, сиз үчүн иштеп акча табууга кимдир бирөөнү жалдап ала аласыз, бирок, сиз өзүңүздүн ооруңузду кошо көтөрүп кетүүгө бүтүндөй байлыгыңыз менен да бирөөнү жалдай албайсыз. Бир буюмду таап, аны сатып алууга болот. Бирок, табылбай жана сатылып алынбай турган бир гана нерсе бар, ал – өмүр, ал сатылбайт.

Жакшы жашагыла, өзүңөрдөн аянбагыла. Башкаларды сыйлагыла.
Биз улгайган сайын ошончолук токтолуп, эстүү боло баштайбыз. 30 долларлык, же 300 долларлык саат бирдей эле убакытты көрсөтөөрүн акырындык менен түшүнө баштайбыз. Болбосо 30 долларлык, же 300 долларлык капчыкты көтөрүп жүрөбүзбү бары бир – экөөнө тең бирдей суммадагы акча батат. Ошондой эле, биз 150000 долларлык, же 30000 долларлык машине минип жүрөбүзбү – айрымасы жок, ошол эле жолду, ошол эле аралыкты бирдей мезгилде басып өтөбүз.

Эгерде биз 300 чарчы метрлик, же 3000 чарчы метрлик үйдө жашасак деле бары бир – жалгызбыз. Анткени сиздин чыныгы бактыңыз бул дүйнөнүн материалдык байлыгынан келип чыкпайт. Эгерде сиз биринчи класстагы, же эконом класстагы самолетто учуп баратып куласаңыз – айрымасы жок, сиз самолет менен кошо кулайсыз.

Ошентип… Жан сырыңызды бөлүшө ала турган досуңуз, же башка бир адамыңыз бар учур – чыныгы бакыт экенин түшүнө аласыз го деп ишенем!”

Макаланын автору:
Мусакун Сатыбалдиев
Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Бул да кызыктуу

Close
Close
Close