alternatetext Багымдат: 04:22 | alternatetextКүн чыгуу: 06:06 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:54 | alternatetextШам: 19:56 | alternatetextКуптан: 21:43
МакалаларТарбия

Сиңдим диний сектага кирип кетти, эми эмне кылабыз?…

Суроо: Менин сиңдим көп жылдан бери христиандык сектага барып жүрөт, биздин үй бүлө негизи мусулман динин карманып жүргөнүнө карабай мындай жоруктун болушу биз үчүн адаттын тыш окуя болду. Кээде ой келет, “сиңдим акылынан айнып калган жок бекен..” деген. Жакшы да айтып көрдүк, ачуу менен катуу да айтып көрдүк, такыр эле укпай биздин “Исламга кел, туура жолго түш” дегенибизди жаман көрөт. Эмне себеп болду экен анын мынтүүсүнө? Аны сактап калалы дейбиз, бирок болбой эле көшөрөт, эмне кылалы?

Диний көз караш:

Жазган катыңыздагы “көп жылдан бери христиандык сектага барып жүрөт” деген жерине анча түшүнө бербедим, эмне үчүн ошол убакыттан бери тим коюп, бул маселеге эми гана катуу шымаланып кирише баштадыңыз?.. Сиз, сиздин үй бүлөдөгү калгандарыңар, баарыңар чогулуп буга башында эле маани берсеңер балким ал сектага баш оту менен өтүп кетпей, ислам жолунда кала бермек. Демек ата-энеңиз ал кыздын тамырына исламий жактан азык берген эмес, кеп-кеңешин кулакка куйган эмес, ошонун айынан ал башка динге оңой эле өтүп кетип жатат.

Эми болоор иш болгон соң, кадыр-барктуу,сөзү өтүмдүү инсандар (эгер ушундай адамдар болсо)  ал кыз менен сүйлошүп, “сектадан кайт, чыныгы динге кайра кир” деп кеңешип айтып, кайтаруусу керек.

Исламий кызыктуу китептерди, дисктерди, Харун Яхьянын авторлугуна негизделген  ислам тууралуу илимий-документалдык тасмаларды  белек кылыңыз, аны да окуп, угуп көрсүн. А болбосо жергиликтүү имамды айтып, сиңдиңизди исламга чакыруусуна көмөктөшүүсүн өтүнүңүз.

Негизгиси, баары Жараткандын каалоосуна байланыштуу болоорун унутпаңыз, Аллахка кайрылып, “сиңдиңиздин исламга кайтуусун суранып, жалынып дуба кылыңыз.

Психологиялык көз караш:

Сиңдиңизге жардам берүү иретинде мынтип кат жазып жардам сураганыңыз негизи туура кадам, антпесе өзүңүздүн жеке аракетиңиз менен сиңдиңизди сектадан чыгарып исламга кайруу өтө эле кыйын иш болот. Бир нерсени баса белгилеп коеюн, сектадан  “чыгарып алуу” деген сөз бир аз маанисизирээк болуп турат, анткени сиңдиңиз үчүн сектадан “чыгып кетүү”кыйынчылыкты деле жаратпайт болуш керек, ошондуктан ага аракет деле кылбасы турган иш. Маселе – сиңдиңиз сектага өтүп алууга себеп болгон  башкы көз карашын өзгөртүп, ошол учурдагы абалы өтө кооптуу экенин моюнуна алабы, суроо ушунда. Буга жетишүү үчүн, анын ал сектага өтүп кетүүсүнө эмне себеп болду, ошол сектадан кайсы суроолорго жооп табуу үчүн такай барып жүрөт, үй бүлөсүндө таппаган нерселерди ошол сектадан таптыбы, ал эмне болгон табылгалар экенин иликтеп көрүү зарыл.

Менимче негизги проблема, силердин үй бүлөңөрдө, тактап айтканда, күнүмдүк тиричиликте эмнени баалап, эмнени туу тутуп  жашайсыңар, ушул жагын кароо керек.   Сыягы ал кыз өзү издеп жүргөн Акыйкатты үй бүлө ичинен таба албасын түшүнүп башка сектадан тапты.  Балким ал кыздын жашоосунда кандайдыр тунгуюктуу абалга кабылып, мүмкүн үй бүлөдөгү адамдар аны этибар албаган чыгаар… мына ошондой маалда тили ширин, көңүлдү тапкан сөзмөр кишилер чыга калып сектага тартып кетти болуш керек. Сектага кирип кеткен адамдардын дээрлик баары динийжана социалдык-саясый маслелердеги сабатсыздыгынын, кайдыгерлигинин айынн сектанттардын бал тилине азгырылып, бирөөлөрдүн колунда курал болуп кала беришет.

Бир нерсеге маани бериңиз,секта сиңдиңиз үчүн өтө бир жакын адамдардын чөйрөсү, баш калкалаар жылуу жайы болуп калган. Ошол жерде айтылган үгүттүү  сөздөр, идеяларды туура көрүп күнүмдүк тиричиликте аны орундуу деп, ошого түздөнүп  таап жашап келет.  Эгер сиз же үйдөгүлөрдүн бирөөсү анын сектасын сындап, ачуу сөз айтып кирсеңиз,сиңдиңиздин жан дүйнөсүн түшүнбөгөн душман болуп чыга келесиңер. Силер айткан сөздөрдүн баарын жийиркеничтүү кабыл алып, силердин кеңеш-насааттарыңар анын кыжырын гана келтирет.

Ошондуктан мен баса белгилеп айтып коерум, сиңдиңиз менен болгон мамилени катуулатпай,”сеники туура эмес, сен адаштың…” деп зекибей,  ийкемдүү болуңуздар. Эмоционалдуу түрдө аны менен жакын болууга, анын жан дүйнөсүн түшүнүүгө аракет кылып, силерге ишенип, таяна тургандай кырдаалдын болушуна аракет кылгыла. Анын ишенимине кирген соң, маселени чечүү бир кыйла жеңилдейт.

Сектадагы жыйындарда эмне сөз болгонун сурап, ал жактан үйрөнгөндөрүн айттырып, ага улай исламдан өзүңүз билген жүйөөлөрдү айтып, талкуунун соңунда кайсы дин туура экендигине чогуу жооп таап, сиңдиңиз сизге кызыгып суроо артынан суроо бергидей болушуна далалат жасаңыз. Өз суроолоруна жүйөөлүү далилдерди келтирип, ынанымдуу жоопторду айтсаңыз, ал баштапкы пикирлерин өзгөртөт.

Аны менен пикирлешип жатканда Исламды терең түшүнүүгө, аны окууга маани бериңиз, ислам темасында сүйлөгөндө сиңидиңиз өзүн эркин сезгидей болсун. Сектанттык жыйындарга активдүү катышып жүргөн сиңдиңиздин сөзмөр  тажрыйбасы артып, анын угуп олтуруп өзүңүз да сектага берилип кетүүдөн сактаныңыз.

Автор
Мухаммад-Амин Магомедрасулов теолог / Алиасхаб Анатольевич Мурзаев психолог-консультант
Булак
"Исламлайф"

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button