Юристтен кеңеш

Шектүү жана такталбаган жарыяларды кантип текшерсек болот?

“Жамиля Дамлаковага жардам бериңиздер, операцияга каражат керек, кан керек, бала жоголуптур, жугуштуу оору чыгыптыр, бир коркунучтуу жаныбарды көрүшүптүр, кылмыш болуптур, 4 жашар Мухаммедке класс баскыла, Адидас, Аэрофлот акция уюштуруп жатат, тажиктер, кытайлар Кыргызстанга бастырып кириптир, сиздин класс басып койгонуңуздан - Надежданын өмүрү көз каранды, ушуну бардык контакт, группаларга тараткыла” ушул сыяктуу ар кандай такталбаган маалымат-жарыялар социалдык тармактарда кайталанып чыгып турат. Адамдар, изилдебей туруп эле, ошондой такталбаган жарыяларды бир бирине жөнөтүшүп, жайылтып жатышат. Көпчүлүк жарыялар ушунчалык толук жана так жазылбайт, ал жарыяны таркаткандан пайда дагы болбойт, себеби маалымат толук эмес, жардам берейин десең, аты, телефон, даректери көрсөтүлбөгөн. Ушундай күмөндүү жарыялардын эмнесине көңүл буруу керек, жана кантип текшерүүгө болот, кантип туура жарыя берсек болот, кеңеш бергени аракет кылабыз.

ЖАРЫЯЛАРДЫН ТҮРЛӨРҮ ЖАНА КЕМЧИЛДИКТЕРИ. 

Көбүнчө төмөндөгүдөй багыттагы жарыялар таркатылат:

  • кайрымдуулук багытында (жардам бериңиздер, операция, каражат керек ж.б.),
  • саламаттык сактоо тармагында (жугуштуу оору чыгыптыр, ушул азык, тамак же кийим зыяндуу экен, албагыла, жебегиле ж.б.),
  • коопсуздук, коомдук тартип тармагында (бала жоголду, коркунучтуу жаныбар чыгыптыр, тажик, кытайлар бастырып кириптир ж.б. окуялар)
  • диний багытында (Орозо ушул күнү экен, ким биринчи жеткирсе, Бейишке кирет, меккеде жерден кан чыгыптыр, Даджал, Махди чыгыптыр ж.б.)
  • социалдык, саясий, миграция ж.б. багытында (кыргыз мигранттарына кысымдар башталыптыр, Чаткалда митинг башталды, бул кафеде келемиш бар ж.б.)
  • жеке адамдын өздүгүнө жана намысына байланыштуу (бул аферист көп адамды алдаптыр, бул кыз көп үйбүлөнү бузуптур, бул кыз тажиктер менен жүрөт экен, бул паракорчу элдин миллион акчасын жеген, алкаш, ушул сүрөттү таркаткыла, баары билишсин ж.б.).

Тактоого муктаж болгон жарыялардын төмөнкү кемчилдиктерин байкасак болот:

  • айтылып жаткан адамдын өздүгү тууралу маалымат толук жазылбайт, жөн эле атын жазып коюшат, анын толук аты жөнү, улуту, жашы, мекени, дареги, белгисиз бойдон кала берет.
  • жардамга муктаж экендигин тастыктаган маалыматтар көрсөтүлбөйт (дарыгердин көрсөтмөсү, тактамалар, кайсыл ооруканада жатат ж.б.)
  • жарыяны даярдаган, уюштурган жана алгачкы жолу таркаткан автору көрсөтүлбөйт, жарыяга ким жоопкерчиликтүү экендигин аныктоо кыйын болот.
  • жарыя даярдалган жылы, күнү, орун алган дареги жазылбайт, андыктан бир эле жарыя, актуалдуулугун жоготпой, айлап, жылдап таралып жүрөт, качанкы маалымат экендигин эч ким билбейт, балким эски же жалган маалымат да болушу мүмкүн.
  • жугуштуу оору, коркунучтуу жаныбар чыкса, же башка бир окуя орун алган болсо, ал окуя тууралу маалымат кайсыл булактан алынган, жазылбайт, демек маалыматты тастыктап бере турган эч ким болбойт.
  • кээ бир маалыматтар ушунчалык акылга жана чындыкка сыйбайт, мисалы, “аэрофлот акция уюштуруп жатыптыр, бекер авиабилеттер берилет экен, адидас бекер кийим берет экен, ушуну таркатса, акча которулат экен” же башка ушул сыяктуу жарыялар.

Жарыя келгенде эмнелерге көңүл буруу жана тактоо зарыл.

1) ИНСАНДЫН ӨЗДҮГҮ.

Эң алгач ким жөнүндө айтылып жатса, ал адам ооруп жатабы, же жоголуп кеттиби, же жардамга муктажбы, айырмасы жок, ошол айтылып жаткан адамдын өздүгүн тактоо зарыл (балким андай адам жок, ким билет). Толук аты жөнү кандай, туулган жылы жана жери, улуту, мекени, азыркы мезгилде жашаган, турган жери, тааныш, туугандарынын телефондору – ушул маалыматтарды тактагандан кийин адамга чындап жардам берүүгө мүмкүн болот. Өздүгүн тастыктоочу документин сурап, сүрөтүн көрүп коюу да ашыкчалык кылбайт (паспорту, аскер билети, айдоочулук күбөлүгү). Ал эми адамдын жашаган жерин тактоо менен ал адамдын чыныгы абалы, инсандыгы тууралу кошумча маалымат билүүгө да мүмкүнчүлдүк түзүлөт.

2) ОКУЯ БОЛГОНБУ.

Эмне жөнүндө окуя болуп жатса, ошол окуянын орун алгандыгын тактоо зарыл. Мисалы, жер титирөө, өрт, кылмыш болгон болсо, кытайлар бастырып кирсе, бала жоголсо, ал тууралу тийиштүү министрлик, башкармалыктан расмий түрдө маалыматты тактоого керек (телефон, сайты аркылуу). Эгер адам ооруп жаткан же операцияга муктаж болсо, анда  дарыгерлер, комиссиянын тийиштүү тактамасы, выписка, көрсөтмөсү менен тастыктоого болот. Адамдардын коопсуздугуна байланышкан маалымат, жарыялар сөзсүз түрдө тийиштүү министрлик, башкармалык тарабынан тастыкталууга тийиш. Ал эми автору же маалымат булагы көрсөтүлбөгөн жарыяларды таратуу жоопкерчилигин мойнуңузга албай койсонуңуз туура болот. Окуянын болгон күнү жана жери жазылбаса, андай маалыматты таркатпай туруңуз, балким бул жалган же эскирген маалымат болуусу мүмкүн.

4) ЖАРЫЯНЫН АВТОРУ.

Ар бир жарыяны бир адам же уюм даярдайт. Жарыяны даярдаган же таркаткан адам ал жарыя тууралу толук маалыматты тактап алганы жакшы. Жарыя келсе, жарыяны жөнөткөн адамдан маалыматтын чындыгын тактоо керек, ал толук маалымат айта албаса, жарыяны таркатпоо керек, анткени толук эмес жа күмөндүү жарыяны таркатуунун пайдасы болбойт. Эгер маалыматты тактасаңыз, анда маалыматты өзүм тактадым, чын экен деп, өзүңүздүн аты, жөнүңүздү, телефонуңузду кошуп, көрсөтүп туруп, жарыяласаңыз болот.

5) АДАМДЫН АБИЙИРИ.

Бул адам ууру, аферист, сойку, кидальшик, бул кыз көп үйбүлөнү бузуптур, бул кыз тажиктер менен жүрөт экен, бул адам элдин миллион акчасын жеген паракорчу, алкаш, буга ишенбегиле, башкаларга таркаткыла, баары билишсин” деген сыяктуу инсандын абийири, намысына байланыштуу маалыматтарды таркатуудан өтө абайлаш керек. Мындай маалыматтар укук коргоо, сот органдары аркылуу жарыяланганы туура болот же башка тийиштүү уюмдар жарыяласа, алар өздөрү жооп беришет. Мындай жеке терс маалыматтарды таркатуу менен, адамдын жеке жашоосуна, ден соолугуна, намысына чоң зыян келтирип коюуңуз мүмкүн жана ал адам сизден моралдык жана материалдык зыяндын ордун өндүрүү боюнча тийиштүү жерде сизден суракка алып, жүз миңдеген же миллиондогон сом өлчөмүндө жоопкерчиликке тартылууңуз толук мүмкүн, өзгөчө соц.тармактардагы жарыялар үчүн, анткени бир заматта жүздөгөн адамдар көрүшөт. Кандай болгондо дагы, башка бир инсандын өздүгүнө байланыштуу терс маалыматтарды таркатуу ыйманга, адепке, мыйзамга дагы туура келбеген көрүнүш.

6) ДИНГЕ БАЙЛАНЫШКАН ЖАРЫЯЛАР.

Орозо ушул күнү экен, Меккеде жерден кан чыгыптыр, Даджаал чыгыптыр, Сирияда, башка жакта мусулмандар кырылып жатыптыр, ыйык согуш башталыптыр, бул катты мынча адамга жибер” деген сыяктуу динге байланыштуу маалыматтарды таркатууда дагы этият болуу зарыл. Мындай маалыматтарды таркатууну имам, дамла, дин кызматкерлеринин жоопкерчилигине калтыруу керек жана мындай маалыматтарды муфтий, аалым, имамдардан тактоо зарыл. Такталбаган диний маалыматтарды таркатуунун дагы жоопкерчилиги өтө чоң.

ЖАРЫЯ БЕРҮҮДӨ ЭМНЕЛЕРДИ КӨРСӨТҮҮ КЕРЕК.

1) Кайрымдуулук, жардам суроо боюнча жарыяларда төмөнкүлөр көрсөтүлсө жакшы:

Жардамга муктаж адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган күнү, жылы жана жери, жашаган же турган жери, үйбүлөлүк абалы, жашоо шарты, ооруусу, диагнозу, кайсыл ооруканада жатат, операция кайсыл мамлекеттк, ооруканада болот, кандай түрдөгү жардам керек (акчалайбы, азык түлүкпү, дары дармекпи, жана канча өлчөмдө), жардамды кимдин атына, кайсыл дарекке жөнөтүү керек. Канча каражат топтолгондугу жана кандай жумшалгандыгы тууралу маалымат-отчетту кийин берип коюу да абдан керек жана пайдалуу.

Кайрымдуулук жарыялар таанымал инсандар же кайрымдуулук уюмдары аркылуу жарыяланса, жыйынтык жакшы болгондугун көрүп жүрөбүз.

2) Адам жоголгон учурда төмөнкүлөрдү көрсөтүү керек:

Жоголгон адамдын толук аты жөнү, туулган жылы жана жери, улуту, жашаган жери, сырткы көрүнүшү (дене бою, кийими), качан, кайсыл жерде, кандай жагдайда жоголгон, оорулары барбы, кандай өзгөчө белгилери бар, байланыш маалыматтар, жергиликтүү милициянын номерлери (адам жоголгондугу боюнча эң алгач милицияга кайрылуу керек).

3) Башка орун алган окуялар тууралу маалыматтарды жарыялоодо, ал маалымат кайсыл ишеничтүү булактан алынган, окуя качан, кайсыл жерде болгон, тийиштүү адистердин бул окуя боюнча кандай корутунду, пикир берип жатышат, маалыматтын автору ким, ссылкасын көрсөтүү менен, ошол нерселер көрсөтүлүшү керек.

Жыйынтык чыгаруу.

Такталбаган маалыматтарды таркатуунун кесепеттери жаман болуусу мүмкүн. Ар бир маалыматты тактоо жана ал жарыя боюнча терең маани берип, ой жүгүртүп иш алып барсак, жакшы жыйынтыктарды күтсөк болот. Эгер такталбаган же толук эмес же күмөндүү маалымат болсо, аны таркатпай койгон жакшыраак болот.

Такталбаган маалыматтарды таркатуу бир коомдогу тынчтыкты бузуп жиберүүсү мүмкүн, адамдар урушуп, бири бирине өчөшүп, өлтүрүп жиберүүсү толук ыктымал. Кээ бир жалган жарыяны таркатып жиберип, улуттар аралык же диний касташууну козутуп жиберүү коркунучу да болот. Мындай көрүнүштөр турмушта, Кыргызстандагы 2010-жылдагы июнь окуяларында, Египеттеги ж.б. мамлекеттердеги төңкөрүлүш, коогалаңдарда орун алгандыгы катталган.

Такталбаган жарыялардын таркатылуусунун жыйынтыгында пайдасыз жарыялар айлап, жылдап жалгандан эле таркатылып жүрө берет, же болбосо башка адамдардын алданып калуусуна же бир инсандын ден соолугуна, намысына, мүлкүнө зыян келүүсүнө себепчи болуп калуу ыктымалдыгы да бар.

Чындап жардам берүүнү, пайдалуу болууну каалаган адам, ар бир маалыматты тактап, кийин башкаларга маалыматты толуктап таркатса, туура жана натыйжалуу болот.

“Кеңеш” маалымат-укуктук борбору мекемеси.
жетекчиси, адвокат Бакиров Кубанычбек Тоялыевич.
Жалал-Абад шаары. 08-июль 2018-ж.

(Бул макала атайын формула сайты үчүн даярдалды).

Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Кубанычбек Бакиров

Бакиров Кубанычбек Тоялыевич, адвокат, "Кеңеш" маалымат-укуктук борбору мекемесинин жетекчиси. Дарегибиз: Жалал-Абад ш. Ж.Бакиев көч.N68. Тел.: 0557661377, 0777661377, 0507661377. W/A: 0779958333

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close