“Сен абдан баалуу жана сейрек кездешүүчү адамсың”

Бул кызыктуу жана таасирдүү окуя сизге дем берип, айрым көрүнүштөргө башкача көз караш менен кароого жардам береттир.

0 411

Өткөн бир замандарда карыяга жаш бир жигит келип:

– Сизге келген себебим ѳзүмдү абдан керексиз жана пайдасыз сезип жатам, жадагалса жашоого да кызыгым калбады. Айланамдагылардын баары мени кара жолтой деп, колуңдан бир иш келбеген кѳк мээсиң деп жатат. Таксырым, мага жардам берсеңиз! – деп кайрылат.

Анда карыя кѳп кѳңүл деле бурбастан, шашып жооп узатты:

– Кечиресиң, азыр убактым тар эле жана азырынча жардам бере албайм. Маанилүү бир жумушум бар,ошону бүтүрүшүм керек. Карыя бир аз ойлонуп, кайрадан жигитке кайрылат:

– Эгер сен менин жумушума жардам берсең, мен да сага жардам бергенге аракет кылайын.

– Макул… жардам берейин, – деп бир аз кѳңүлсүз жооп берди жаш жигит.

-Андай болсо жакшы, – деп карыя сол чыпалагынан абдан кооз болгон кичинекей шакекти чечти.

-Муну аласың дагы,базарга барасың! Бул шакекти сатып, карызымды тѳлѳшүм керек.Болушунча кымбатыраак сатканга аракет кыл жана бир алтындан тѳмѳн баага сатпа! Баргында, менин буйругумду эртерээк аткарып кел!

Жаш жигит шакекти алган бойдон, базарды кѳздѳй чапты. Базарга келип, шакекти кѳптѳгѳн алармандарга сунуштай баштады. Башында баары эле кызыгып, бирок баасы бир алтын экенин укканда кызыгуусу шам өчкөндөй өчүп жатты. Бирилери бааны укканда ачык эле бетине мыскылдана карашса,экинчиси болсо жѳн гана бурулуп кетип бараткан эле. Арасынан бир гана сыпайы мүнѳз бир киши, бул шакектин баасы бир алтынга ылайык эмес,а балким бир жез, же ашып барса күмүш тыйынга барабар экенин түшүндүрдү.

Бул сѳздү уккан жаш жигит абдан капаланды, анткени даанышман киши бир алтындан кем эмес баага сатуусун буйруган эле. Базарды дагы бир аралап, жүздѳгѳн алармандарды кыдырган соң, атына отуруп кайра кайтты. Абдан капалуу абалда даанышман карыянын алдына келип:

-Таксырым, сиз айткан жумушту аткара албадым. Эң кѳбү бул шакек үчүн бир-эки күмүш тыйын бермек, бирок эч кимиси алтын тыйынга алганды каалабады. Мунун баасы мынчалык эмес экен!

-Сен азыр ѳзүң үчүн абдан маанилүү сѳздѳрдү сүйлѳдүң! – деди олуя. Бул шакекти сатардан мурун, анын чыныгы баасын билүү кажет эмеспи. Шакектин баркын зер-уста гана аныктай алат, туурабы?Азыр ошол зергерге баргын да, бул шакекти канчага аларын сурап кел. Канча баа сунуштаса да, сатпай кайра келгин.

Жаш жигит чапкан бойдон зергердин астына барды.

Зергер ѳз лупасы аркылуу кѳпкѳ карап, таразага койгон соң, мындай деди:

– Шакек ээсине айтып кой, азырынча 58 алтын тыйындан ашыгын бере албайм. Бир аз күтүп турса, 70 алтынга алганга даярмын.

– 70 алтын дейсизби?! – деп жаш жигит таң кала кайталады. Зергердин убактысын алган үчүн кечирим сурап, кайра даанышмандын алдына келди.

Көзү кубанычка толуп айтып берген сѳзүн уккан олуя заада ѳз насаатын минтип баштады:

– Кел отур! Сен дал ушул шакек сымал экендигиңди билгин. Сен абдан баалуу жана сейрек кездешүүчүсүң! Бирок сенин баркыңды бир гана адис баалай алат. Андай болсо кѳрүнгѳнгѳ барып, ѳз баркыңды түшүрүүнүн не кереги бар?

Жооп калтыруу

Email дарегиңиз башкаларга көрүнбөйт

We would like to keep you updated with special notifications.