Жаңылыктар
Сауд Арабиясынын ханзаадасы Сальман бин Абдаллах каза болду
Сауд Арабиясынын ханзаадасы Сальман бен Абдаллах бен Турки Аль Сауд каза болду. Бул тууралуу хан сарайдын маалыматына таянып, Saudi Press агенттиги билдирди.
- Маалыматка ылайык, ханзаада 26-жашта болгон. Ал жүрөк оорусунан улам каза болгону айтылууда.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын июнь айына чейин Сальман бен Абдаллах бен Турки Аль Сауд мураскер ханзада болуп келген. Сауд Арабиянын падышасынын үй-бүлөлүк кеңешинин чечими менен анын ордун падышанын Мухаммед бен Сальман аттуу 32 жаштагы уулу ээледи.