alternatetext Багымдат: 04:20 | alternatetextКүн чыгуу: 06:05 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:44
Макалалар

САДАКА БЕРҮҮ АЛЛАНЫН МЭЭРИМИНЕ БӨЛӨЙТ

 

Бут кийимдеги акча..

Устат менен шакирт эгин талааны жарып өткөн чыйыр менен келе жатса, жол четинде эскилиги жеткен бут кийим жатыптыр. Шакирт шум жигит болчу, устазына карап:
— Чамасы, бул эгин суугарып жүргөн дыйкандын бут кийими окшойт. Катып койсок, эмне дейсиз? Келип, бут кийимин таппай, издегенин бир тамаша кылалы, — дейт.
— Кедейлерди кыжалат кылып, өзүбүздүн кызыкка батканыбыз жакшы иш эмес. Андан, көрө, чындап тамаша кылгын келсе, бут кийимине акча салып коёлу да, анан аңдып туралы эмне болоор экен? — дейт устаты. Устазынын кеңеши көңүлүнө жаккан шакирт макул болду да бут кийимге акча салып, экөө чөп арасына жатып андый баштады. Көп өтпөй жүзү күнгө тотуккан бозоро оңуп, өңүөчкөн чапанынын этегин белине түрө байланган бир адам келип, ылай болгон бутун шиберге сүртүп бут кийимин кийе жөнөдү. Бирок бутуна урунган бир нерсени сезип, бут кийимин какты эле ичиндеги акча чачылып кетти. Чачылган акчаларды көргөндө дыйкан көргөн көзунө ишенбей, дендароо болуп туруп калды. Бир аздан кийин өзүнө келип, эки жагын каранды. Айланада тирүү жан көзгө илинбейт. Акчаларды шаша буша койнуна тыгып, тизелей отура калган дыйкан колун асманга сөзүп: » Оо, Жараткан, менин абалымды менден да жакшы Билүүчусүң. Аялым ооруп төшөктө жатканын балдарым ая-жыланач отурганын жакшы билесин. Башыбызга түшкөн балээден куткарганына шүгүр. Өзүнө чексиз чексиз шугур, шүгүр….» — деп көз жашын төгүп жиберди.
Чөп арасында аны карап отурган шакирттин көз жашы агып жатканын көргөн устаты.
— Азыр мурдагы абалындан бактылуу экеңинди сезип тургандырсын? Биринчи максатынды ишке ашырганда абалын таптакыр башкача болмок — деди шыбырап.
— Устаз, өмүр бою эстен чыкпай турган сабак алдым. » Бергендин бактысы, алгандын бактысынан таттуу болот » дегенди эми түшүндүм, — деди көз жашын сүртүп..

«Эгерде адам болом десең дүйнө кез «-деген экен бир даанышман. Ошосыңар азыркы күндөрдө элибиз ток,бири -бири менен жарышып той -тамаша кылган андан көп,катар -катар уна алып көз -көз кылып минген андан көп,үй -жай,кабат -кабат,евро кылмай жарышмай андан көп бирок ушу кичинекей эле кыргызстаныбызга бир саякат кылсаңыз кедей -жарды,муктаж,оорукчан,каарылар үйү толо,жетим -жесир четтен кезиктиресиң. Ишенбесеңиз борборубуз болгон Бишкектин чет жакаларына барыңыз ал жакта өзүнчө дүйнө жашоо үчүн күрөш, жап-жаш балкайлар,атасы жок, ичикиликтен жабыркаган бир күндүк курсагы үчүн кечке изденип, алар үчүн жүз сом акча канчалык маанилүү, кадырлуу экенине күбө болосуң! Эх, бир кем дүйнө дештен башка айлаң барбы? Бул жагдайларга кимдер күнөлүү? Балким биздин мээримдүүлүк,кайрымдуулук кыла турган жүрөктөрүбүз тоңуп,көздөрүбүз май басып, боорукерлик,сүйүүгө толгон жан дүйнөбүз соолуп бара жаткандыр. Өзүңүз күбөсүз жакындан бери башыбыз кырсыктан чыкпай калды, балким келген кырсык апааттар ушу себептен болуп жаткандыр… бири -бирибизге көңүл бурбай, бир туугандык мусулмандык парзыбызды аткарбай жатканыбыздандыр…
Келиңиз бир тууганым! Эч болбосо ушул Улуу, куттуу айдын урматына,Аллах Тааланын ыраазылыгы үчүн колдон келгенче муктаж болгон туугандарга садака берүүгө умутулууга аракет кылалы…

Садака биз үчүн канчалык маанилүү экенине төмөнкү хадис,аяттарга көңүл буруңуз….

Амалдардын бааланышы Аллага таандык. Өмүрдүн кайрымдуусу – Алла үчүн жашалганы. Адам баласы өлүп, денеси жерге берилгенде, жалган жашоонун эскермелери менен көмүлөт.
Мүрзөлөр – салих амалдардан башка эч бир нерсе пайда бербей турган жерлер.
Куттуу хадисте: «Момун өлгөндө намазы башында, садага оңунда, орозо солунда болот.» (Фазаил Амал, 267-268) — деп айтылышы мунун эң жакшы далили.

Бул берекелүү айдын кадырына жетүү туурасында аткарылган ибадаттардын башында колунда жоктор, жетим-жесир, бей-бечара, оору-сыркоо жана муктаждарды да унутпаш керек, жүрөктөрдүн мындай кишилерге боор оорушу, алардын кайгысын тең бөлүшүүсү – Ыйык Рамазандын пазилетин бийиктеткен эң маанилүү факторлор. Анткени бул ибадаттар, тактап айтканда, туура берилген зекеттер, садага-кайрымдуулуктар сыяктуу жарамдуу (салих) амалдар Аллах Тааланын кечиримин, мээримин тартып, пендени кут-берекеге бөлөйт. Алланын мээрим каалгаларын ачтырып, азап жолун жаптырат.

Куттуу хадисте минтип айтылат: «Садага 70 түрдүү балээге тоскоол болот.» (Суютии, Жамиус Сагир, II, 52) …

«Садага Алланын ачуусун басат.» (Термезии, Зекет, 28)

Улукман Аким уулуна: «Уулум! Билип-билбестен бир күнөө кылган болсоң, дароо тообо кылып, садага бер!» — дечү….
Өзгөчө Ыйык Рамазанда берилген садага-кайрымдуулуктун канчалык маанилүү экени төмөнкүчө баян кылынган:
Бир киши Азирети Пайгамбарыбызга (саллаллоху алейхи васаллам) келип:
«- Йа, Расулалла! Кайсы садага сооп жагынан алганда чоңураак? – деп сурайт. Алланын элчиси (саллаллоху алейхи васаллам) минтип жооп берет:
— Ыйык Рамазанда берилген садага.» (Термезий) …

Соопкерчиликке үлгү көрсөтүш максатында Аллама бин Каййым Азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) кайрымдуулуктагы жан-дүйнөсүнүн байлыгын төмөнкүчө баяндайт: «Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) колунда бар нерселерди садага катары берүү берүүдө эч бир кишиге окшобойт эле. Алла берген мүлктү бир жерге жыйначу эмес. Бирөө бир нерсе сураса, аздыр-көптүр сөзсүз түрдө берчү. Ал садаганы кедей болуп калуудан коркпостон берчү. Садага берүү ал үчүн бөтөнчө бир жыргал эле. Анын садага берүүдөн алган сүйүнүчү муктаж кишинин сүйүнүчүнөн бир нече эсе көп болчу. Кайрымдуулук кылууда адамдардын эң жоомарты эле. Оң колу береке-кут чачкан шамал сыяктуу болчу. Муктаждыгы болгон киши ага дартын айтканда, сезимдерге абдан берилип, кээде тамагын, кээде үстүндө кийип турган кийимин берип салчу»…

Бешинчи халифа наамын алган Умар бин Абдулазиз мындай дечү: «Намаз сени жолдун ортосуна чейин алып барат. Орозо падышанын эшигин ачат. Садага болсо падышанын алдына алпарат.» ..

Убаид бин Умайр мындай дейт: «Адамдар болуп көрбөгөндөй ачка, суусуз жана жыңалач болуп тирилишет. Алардын кимиси бул дүйнөдө Аллах үчүн тамак берген болсо, Аллах аны ошол күнү тойгузат. Аллах үчүн бул дүйнөдө суусундук бергенди Аллах ал күнү суусунун кандырат. Аллах үчүн кийиндиргенди да ал күнү Алла кийиндирет.»..

Куттуу хадисте: «Садага кыл, эй, адам баласы, сага да садага кылынсын.» (Бухарии, Муслим) — деп айтылат…

Соопкерчиликтин маани-маңызын Азирети Мавляна төмөнкү мисал менен кандай гана сонун баяндайт: «Садага берүү менен байлык такыр азайбайт.Кайрымдуулук кылуу мал-мүлктү жоголуудан, зыянга учураштан коргойт. Берген зекетиң капчыгыңды кайтарып, аны коргойт.Окуган намазың койчу сыяктуу сени жамандыктардан, «карышкырлардан» коргойт. Эгин эккендердин кампасы бошолот. Бирок түшүм убагы келгенде эккен эгининен канча эсе көбүрөөк алат. Бирок буудай себилбестен, эч жерде колдонулбастан кампада сакталып тура берсе, курт-кумурскага, чычкандарга жем болуп, жоголот.» ….

Алла Таала мындай дейт: «Силерге берген ырыскыбыздан соопкерчилик кылгыла!»(Мунафикун: 10) ..
«(Эи, Расулум!) Алтын менен күмүштү чогултуп, аларды Аллах жолуна жумшабагандарга жан чыдагыс азапты «сүйүнчүлө».» (Тообо: 34)..
Зекет менен соопкерчилик Алла үчүн кылынган ибадат болгондуктан берилген нерселердин түздөн-түз Аллага берилип жатканын билиш керек. Бул тууралуу куттуу хадисте минтип айтылат: «Чындыгында, садага муктаж киши аны ала электе эле Алланын (кудурет) колуна жетет (тактап айтканда муктажга берилген зекет менен садагаларды, оболу, Аллах алат, анан кедей-кембагалга өткөрүп берет).» (Мунави, Кунузул-Хакаик, 34)…
Акыйкатта, момун зекет менен садаганы Алланын колуна берет, муктаж муну ыраазы боло алса, берилген нерселер адептүүлүк жана шүгүрчүлүк ичинде муктажга берилген болуп саналат. Аятта бул ибадаттын канчалык маанилүү экенин түшүндүрүү иретинде каймана түрдө «Садагаларды Аллах алат.» — деп айтылат. (Тообо: 104)…

 

Насиба Абдуллаева.

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

Бул да кызыктуу

1 пикир

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button