alternatetext Багымдат: 04:20 | alternatetextКүн чыгуу: 06:05 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:44
ЖаңылыктарФото

Ошто «2017-Ыйман,Адеп жана Маданият» жылына карата «Бакыт сенин колуңда аял зат» аттуу семинар болуп өттү

2017-жылы 3 -май күнү Ош шаарында “Сан-Райс” мейманкасында “Бактылуулук фомуласы” маалыматтык порталы жана “Фадиля” кыз-келиндерге араб тилин үйрөтүү курсу тарабынан «2017- Ыйман,адеп, маданият» жылына карата “Бакыт сенин колуңда аял зат” аттуу семинар болуп өттү.

Иш-чара Касиетүү Куран аяттарын окуу менен башталып. Кыргызстан Ислам университетинин мугалимдери , Чыгыш Университетинин студенттери жана Жалал-Абад облусунун казыятынын аялдар бөлүмүнүн өкүлү семинарга катышып. “Аял затынын коомдогу орду”, “ Аял затынын үй-бүлөдөгү кадыр баркы”, “Тилдерди үйрөнүүнүн пайдалары” ж.б. темада кызыктуу сабактар өтүлүп, докладтар окулду.Жана ошондой эле бул иш-чаранын алкагында “Фадиля” окутуу курсун мыкты, жигердүү окуган кыз-келиндер мактоо баракчалар менен сыйланды.Ошону менен бирге Интеллектуалдык конкурстар, кызыктыруучу белектер, “мехенди” мастер класс, жана түркүн таттуулар менен жайылган кофе-брейк уюштурулду.Семинарга ар аймактардан узак жолго карабастан келген катышуучулар ыраазычылыктарын билдиришип,бул иш-чара пайдалуу,таасирлүү болгонун айтып, жылуу сезимдерин,кубанычын көз жаштары менен айтып өтүштү.

Иш-чара максатына жетип, аял заты илим-билим,жогорку адеп-ахлакка ар дайым умтулушу керек экендигин , үй-бүлөдө жана коомдо өз ордун таап билүү керектигин семинардын катышуучуларына туура жеткизе алдык деген үмүттөбүз.

Иш-чара мекенибиздин тынчтыгын,элибиздин ынтымагын , аял зат аттуунун баары бактылуу болушун Жараткандан сурап,изги дуба-тилектер менен аяктады.

Бул да кызыктуу

7 пикир

  1. Ассаляму алейкум!!! Эмгегиниздерге Аллах ыраазы болсуун амиинь мен семинарга катыша албай калганыма кейидим Бишкекте дагы болобу биз Колдонбуз

  2. Ассаляму алейкум. Оштогу семинар-конференция келген ар бир катышуучу учун аябай таасирдуу, пайдалуу болду. Даярдалган видео-роликтер эч кимди коз жашсыз калтырган жок деп ойлойм, устаза-айымдар берген маалыматтар ар бирибиздин жан дуйнобуз, жашообузга азык болду. Аллахым аракеттеринерге береке, тугонгус сооп берсин, илимге, билимге умтулган кыз -келиндердин саны кобойсун. Омиин.

  3. Ассаллому аллейкум Аллах мейнетиниздерге ыразы болсун ыйманыныздарга береке берсин мен баралбай арманда калдым

  4. Ассаляму алейкум!!! Семинар эн мыкты денгеелде болуп отту. Узтазалардан Аллах ыраазы болсун, илимине береке берсин, уй-булоосуно тынчтык берсин. Кыргызстанда сиздердей илимдуу Мусулман аялдары бар экени аябай кубандырды. Бизгеда сиздердей илимдуу болуу насип кылсын Аллахым. Фадилянын негиздоочусу Салтанат устазага чоон рахмат!!!

  5. Ассаляму алейкум сиздерден Аллахым ыраазы болсун.Илиминиз дерге Береке берсин.Эки дуйно бактылуулугун берсин. Карангылыктан бардык кыз-келиндери чыгырышыныздарды Аллахым насип кылсын.Амиин.

  6. Ассалоом алейкум уа рахматтуллоохи уа барокатух семинар аябай сонун өттү.Мен барып көргөнүмө эч өкүнбөйм,пайдалуу илим болуп өттү.Мындан нары да ушундай конференция өркүндөй берсин ар берсин.Оомиийн.

  7. Ассаляму алейкум! Семнар аябай таасирдуу болду ушундай семнарлардан коп коп уйуштуруп турсаныздар.Семнарга келип улуу создорун айткан Узтазаларыбызга Аллахым ыразы болсун.Салтанат сага аллахым Эки дуйнодо тен бактылуулукту берсин.

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button