🙌🏻ОО,АЛЛАХЫМ БАШКА НЕРСЕДЕН АЖЫРАТСАҢ ДА ЫЙМАНЫМДАН АЖЫРАТПА!

🙌🏻ОО,АЛЛАХЫМ БАШКА НЕРСЕДЕН АЖЫРАТСАҢ ДА ЫЙМАНЫМДАН АЖЫРАТПА!

0 386

🙌🏻ОО,АЛЛАХЫМ БАШКА НЕРСЕДЕН АЖЫРАТСАҢ ДА ЫЙМАНЫМДАН АЖЫРАТПА!

“Оо Аллахым! Абу Бакр (Аллах андан ыраазы болсун) ыйманындай бекем ыйман бергин шек-күмөнсүз,жүрөгүм сага байлансын,адашуудан,тунарган пардалуу бекилген көздөрүм ачылып,сенин акыйкатыңды көргөн,азыркы баш-аламан замандын уусунда чындык чыркырап ыйлап турган кезде кулактарым сени гана уккан,канчалык акыйкатты,чындыкты угуп -көрүп турсак да амал кылууда өтө алсыз болгон жан -дүйнөмө күч-кубат берип ачка калган рухумду Өз ырайымың менен жакшылыктарга толтуруп, тынчтык-бейпилидик тартуулап  мээримиңе бөлөгүн! Сага жана Пайгамбарыма болгон ишенимим түбөлүк,сүйүүм өчпөс, үмүтүм үзүлбөс болуусун насип кыл! Эй Аллахым! Менин ишенимимди оңдоп,өзүмдү,үй-бүлөмдү,жакындарымды туура жолго салып,пайдалуу илим берип Өз сырларыңды түшүнүп амал кылууда жоопкерчиликтүү Өз коргоңоо, колдоңо алып,Сүйүктүү Пайгамбарым Мухаммед (саллаллооху алейхи васаллам) дын сүйүктүү сахабаларынын,үммөтөрүнүн катарында болууну насип кыл! Бул дуба бардык бир туугандарыбыздын жүрөгүндө орноосун Аллахым насип кылсын! Бул дуба менен эмнени айткым келди Пайгамбарыбыз (саллаллооху алейхи васаллам) дын жакын,сүйүктүү досу,кайнатасы мактоого татыктуу болгон үммөттөрдүн жылдызы болгон Абу Бакрдын сыпаттары камтылган жана биздей алсыз үмөттөргөдө ошондой болуу ааз болсо насип кылса деп Жараткандан тилеп калабыз!

Абу Бакр тууралуу (Аллах андан ыраазы болсун) кандай инсан болгон көңүл буруңуз:

📌 Хадиси шарифтерде мындай билдирилет:
“Абу Бакр Сыддык – Адамзаттын эң жогоркусу жана эң жакшысы. Бирок, ал пайгамбар эмес”.

“Абу Бакрдын аты көктө да, жерде да атик (б.а., эң жакшы, эң сонун)”.

“Абу Бакр – Аллаху тааланын оттон азат кылган адамы”.

“Пайгамбарлардан башка Абу Бакрдан да башка жогорку даражалуу адамдын үстүнө күн чыккан эмес”.

“Мага эч ким мажлиси жана мал-дүйнөсү жагынан Абу Бакрдай пайдалуу болгон эмес. Эгер Раббимден башкасы менен дос боло турган болсом Абу Бакр менен дос болор элем”.

“Үммөтүмдүн ичинен эң биринчи болуп Бейишке Абу Бакр кирет”.

“Абу Бакрди сүйүү жана ага мактоо айтуу – үммөтүмдүн баарына важиб”.

“Кыямат күнү адамдардын бардыгы суракка тартылат. Бир гана Абу Бакр суракка тартылбайт”.

Бир хадисте: “Үч жүз алтымыш жакшы мүнөз бар. Аллаху таала кааласа бир кулуна ошол мүнөздөрдүн баарын берет. Ошол мүнөзүнө байланыштуу аны Жаннатка киргизет”, – деп айтылганда, Абу Бакр:
“Эй, Расулуллах! Ошол мүнөздөрдүн бирөө менде барбы?” – деп сураганда, “Ооба, ал мүнөздөрдүн баары сенде бар”, – деп жооп берет : Пайгамбарыбыз. Бир күнү: “Эй, ыраазы болгон напси!..”, – деген аят аягына чейин окулат. Хазрети Абу Бакр (радиаллаху анх): “Йа, Расулуллах! Бул кандай керемет нерсе!” – дейт. Ошондо, Расулуллах: “Сен өлгөндө периште сага ушундай дейт”, – деп айтат. Бир күнү Абу Бакр бир сахабиге таарынып калат. Пайгамбарыбыз алейхиссалам муну угуп калып, сахабаларын жыйнады: “Аллаху таала мени силерге пайгамбар кылып жиберди, силер ишенбедиңер. Бир гана Абу Бакр ишенди. Мага бардык нерсеси менен жардам берди. Мен үчүн бул досумду таарынтпагыла”, – деп айтат. Мындан кийин эч ким аны турган сөз айтпады жана таарынта турга бир иш кылбады.

Хазрети Умар (радиаллаху анх) Сыддык тууралуу: “Абу Бакр биздин сеййидибиз – улуубуз”, “Абу Бакрдын денесиндеги бир түк боло алсам кана!”, “Бейиште ар дайым Абу Бакрды көрө турган болсом экен!”, “Эч бир жакшылыкта мен Абу Бакрга жете албадым”, – деген.
Жабраил алейхиссаламдын Расулуллах менен сүйлөшкөнүн жалгыз гана Хазрети Абу Бакр уккан.

🧕Даярдаган: Насиба Абдуллаева.

Жооп калтыруу

Email дарегиңиз башкаларга көрүнбөйт

We would like to keep you updated with special notifications.