alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Макалалар

НАМАЗ МУСУЛМАНДЫН ТАБЫЛГЫС ДОКУМЕНТИ

 

✍?«Намаз -Жараткан Алланын ыраазылыгына жеткизет ;
Бир күндө беш убак периштелердин сйүүсүнө татыктуу кылат.
Ал – Улууу пайгамбарлардын жолу,Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын бизге калтырган үммөттүм намазга бекем болгула деп айткан акырыкы сөзү ,аманаты…
Алла Тааланы таануунун ,жакын болуп Анын нуруна бөлөнүү;
Ибадаттын башы,ыймандын негизи;
дубанын кабыл болушуна зор себепкер;
Жакшы амалдарды көбөйтүп, кабыл кылдырат;
Үй — бүлөңүзгө,иштертериңизге,ден — солугуңузга,өмүрүңүзгө ырыскыңыздын көбөйтүп береке алып келет;
Бир күндө ар бир намаз аралыгында билип — билбей кылган күнөөлөрдөн тазартып,денеге жеңилдик берет;
Жашоодо бут тосууларда тилиңизге ,кулагыңызга тосук,жүрөгүңүзгө кубат бере турган сабыр, душмандарга каршы курал;
Баамдатка турганыңыздан шайтандын белин сындырып,азыгырыктардан алыстатат;
Өлүм периштеси менен дайым намаз окуп жүргөн кишинин ортосунда шапаатчы;
Ар бир жан өлүм даамын татуучу,экинчи жашообуз кабырстанда башталат. Ал жерге кимдер барат жебей-кийбей жедирген бала чакаңызбы?,жандай көргөн жубайыңызбы?кыйышпас бир тууган -досторуңузбу? Жок?! Бир өзүңүз жалгыз барасыз ал жерде сизге баш жагыңызда күтүп ала турган беш убак намазыңыз кабырда жанган чырак болот…
Муңкар, Накир периштелеринен сизди коргоп аларга берилген жооп…
Кабырда кыяматка чейин жаныңызда коргоочу жолдош…
Кыямат күнүндө жол таппай турганыңызда намаз окугандардын үстүндөгү көлөкө;
Баштагы таажы,
денесине кийим;
алдыга жарык чачкан нур…
Алланын алдында момундардын бетке кармар нерсеси…
Ал күнү ар бир жандын көзү таразасында болот,бир сооп канчалык кадырлуу болгон кезде таразада оордук;
Сыраттан (кыяматтагы көпүрөдөн) өтүү,
бейиштин ачкычы.
Анткени намаз – бул, тасбих, Аллага мактоолорду айтуу, кыраат жана дуба. Кыскасы, пазилеттү артык саналган ишаракеттердин бардыгы убагында окулган намаздын ичинде.» (Танбихул Гафилиин, 293)

Ушундай улуук нематтан жүз бурушуңузга эмне тосуп турат бир тууганым ! Жумага барып Жумабай,Айтка барып Айтпай болуп,кол кушуруп карап туруу эми туура эместир ! Ал замандар артта калды,он жыл,жыйырма жыл мурда эми динди анча эч ким түшүнбөйт болчу,ал убакта жашы алтымыштан өтүп калган каарылар окуучу, «аа десе алардын өлүмү жакындады,бизге али бар, мен али жашмин кыркка чыкканда окуймун «деп жаштар жооп кылчуу. Азыркы күндө балаңыз тең жаштар намаз окуп жатат алхамдулиллах! Илимдин,техиниканын өнүккөн заманында намаз окууга шылтоо издесеңиз өзүңүздүн гана зыяныңызга. Бул мүмкүнчүлүк бир күн жок болуп калышы мүмкүн. Намазды билбеймин,кандай окуймун деп шылтоо кылсаңыз сизде ушунчалык оңой мүмкүнчүлүк бар азыркы күндө сизге үйрөтө турган баасыда арзыбаган элүү,отуз сомдон козукарындай жайнаган китептер толуп ашып жатат,башында топусу бар ойноп жүргөн жаш баладан сурасаңыз кандай туруп кандай олтуруш жолун үйрөтүп коёт,ага да моюн жар бербесеңиз интеренет деген сыйкырлуу дүйнөсүнө жайыңызда эле олтуруп алып намаз окуу жолдорун сурасаңыз кандай даарат алып кандай олтуруп туруп окуйт бүт баарысын көрсөтүп берет, эми сизге кандай шылтоо бар?! Билбеймин, окуй албаймын десеңиз уят болбойт бекен! Бул мүмкүнчүлүктө намазсыз болуп жүрү Жараткандын алдында нашкүрчүлүк кылган болбойт бекен! Антени намаз бир мусулманмын деп төш какандар үчүн Аллахтын эсепсиз берлиген белегидир!

Эгер билсеңиз нама биз үчүн табылгыс документ болуп эсептелет.
Балагатка жеткен ар бир инсан сөзсүз жашаган жеринен, Кыргызстандын жараны деп тастыктай турган сөзсүз паспорт туурулайт. Алтымыш,жетимиш жыл жашаң паспортуңуз жок болсо сиз «мен кыргызмын, ата -бабам нукура кыргыздар болгон деп көкүрөк каккыласаңызда эч ким укпайт, эч кимсиз керек болсо кыргызтанда жашоого да укугуңуз жок болот. Ошосыңар ар бир мусулманмын деген аты болгону менен аны мусулман экенин тастыктай турган намаз аттуу документи болсо ал да эч ким эмес…

Билип ал, кыяматтагы эсеп берилчү күндө адампендеден эң оболу анын намазы жөнүндө суралат. Аллах Таалам: «Оо,пендем мен сени башкалардан өзгөчө мусулман кылып жараттым,кана мага мусулман экениңдин далилдөөчү эмнең бар?! «-деп сураса көрсөтө турган намаз докментибиз болбосо акыбылыз жаман болот! Анткени эгер намазы жакшы болсо, андан кийин гана орозосу, ажысы, зекети жана башка ибадаттары суралат. Ошол күндө анын намазы жаман болгону себептүү кайтарылчу болсо… о, анда… башка жакшылыктарынан суралбайт, эгер зекети, орозосу жана ажысы жакшы болсо да!

Өмүр жолу кыска,акырет жолу узун ал жолдордо бизди түбөлүк жакшылыктарга жетүүбүзгө сөзсүз намаз аттуу документибизди туурулоого шашылалы.

Эй, мусулман бир тууганым! намаз оку! Бардык намаздарды калтырбай, өз убакыттарында оку! Аллахка ант ичип айтамын: Аллах Тааланын алдындагы эсеп маалында эч ким сага пайда бере албайт, күнөөлөрүңдү көтөрбөйт жана сен жөнүндөгүү Аллахтын өкүмүнө арачы түшө албайт!
Эгер Аллах сага каарын төгө турган болсо, аны сенден эч ким жана эч нерсе кайтара албайт! Не мал-дүйнөң, не бала-чакаң.
Билип ал: сенин мансабың, жаштыгың эртең эле өтүп кетет. Эртең эле өлүм периштеси келет, жан алганы. Сен анын кандай келгенин билбей каласың. Ошоондо азыркы кош көңүлдүгүңө бушайман болосуң. “кана эле дагы бир аз мөөнөт берилсе” деп зарданасың.
Бирок анда кеч болуп калат!
Эч кимге мөөнөт берилбейт! Ойлон тууганым, ойлон. Бушайман чеккендер тарыхта көп болгон. Ошолордон сабак ал жана кеч болуп кала электе даярдыгыңды көр!

Намаз оку, эгер сен жакшылыкка жакшылык менен жооп кайтарчу жоомарттардан болсоң..

Намаз оку, эгер сен “мен — мусулман” деген көкүрөгүңдө күйүп жанган ыйманың, сөзүңдө чынчыл болсоң.,

Намаз оку ,эгер сени бейиштин эшиктери күтүп туурусун кааласаң ата-энеңди сыйлап дубаларына татыктуу болом десең. Эгерде көзү өтүп кеткен болсо ошондо гана Аллах арнаган бата дубаларыңды аларга жеткирет.

Намаз оку,келечек үрөндөрү болгон перзенттериңди сүйсөң. Анткени, өзүң үлгү болуп исламга тарбиялабасаң, кыяматта тозокко отун болуп калышат.

Намаз оку,аялың сени уккан,сага моюн сунган ,үйүңдүн куту, балдарыңдын жакшы тарбиячысы болушун ага тынчтык-саламаттык кааласаң…

Ошондой эле — урматтуу бир тууганым — эгер сен мекениңди сүйсөң да намаз оку. Анткени, динине жакшылык кылбагандар мекенине да жакшылык кылалбайт. Аллах Таала дагы нээматтарын чанып, күнөөгө баткандардын мекенин сактай албайт.
Эсеп оор, эсеп алуучу кудуреттүү.Акыретте каапырлардын катарында болуп калуудан Аллахтан коргоо тиле! Каапырлардын катарында болбош үчүн да намаз оку, бир тууганым!

Анткени, Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам мындай деген: “Биз менен алардын (каапырлардын) арасындагы келишим — бул намаз. Ким аны таштап жиберсе каапыр болот!”….

Бул сөздөрдү айтуу мен үчүн оор,анткени мен да сиз сыяктуу алсыз күнөөкөр пендемин,балким менин да жакындарым намаз окубай жаткандары бар. Бирок биздин милдет билгенибизди жеткирүү.Келиңиз биргеликте дуба кылалы сизда бизда Аллахым намаз окубагандарга, намазга окуймун деп ниет кылгандарга,намазды жаңы баштагандарга хидаят,туура жолун көрсөтүп,ыймандарын бекем кылып адашуудан сактап, намазыбыз менен жүрүп намазыбыз менен өтүүнү ар бир мусулман пендесине насип кылсын! Аллах Таалам эч бир пендесине оор, кыйын жүктү буйурууну каалайбат,Ал айткан,
эскертүүлөр Сүйүктүү Пайгамбарыбыз көрсөткөн, баштаган жолдор биздин жашообузду жалаң гана жакшылыктарга бөлөйт! Анткени биз мусулмандар тозок эмес бейиш адамдары экенибизди эч качан унутпайлы!

?Насиба Абдуллаева.

Бул да кызыктуу

1 пикир

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button