Жаңылыктар

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Москвадагы мекендештерибиз менен жолукту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Москва шаарындагы борбордук мечитте Орусияда эмгектенип жүргөн мекендештерибиз менен жолугушту. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Жолугушуу алкагында Азирети муфтий үй-бүлөнү сактоо, адал ырыскы, берекелүү жашоо, ынтымактуулук, эне тили жана балдардын тарбиясы, экстремизмге каршы күрөшүү, Ханафий мазхабын терең үйрөнүү, мусулмандардын жашоосунда Курандын орду темалары боюнча кеңири маалымат берди. Ошондой эле, муфтий Максатбек ажы мекендештерибиздин суроолоруна жооп берип, кандай гана шарияттык негиздеги суроолор жаралбасын дин аалымдарына, муфтиятка кайрылууга чакырды.

Эскерте кетсек Максатбек ажы Токтомушев 13-октябрда Москвага учуп кеткен. Жолугушуу Орусия мусулмандарынын дин башкармалыгынын жана Орусия муфтийлер Кеңешинин төрагасы шейх Равиль Гайнуддиндин чакыруусу менен уюштурулууда.

null

Булак
"УММА"
Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close