Жаңылыктар

Муфтий Максат ажы “Исламда аял затынын орду” темасында лекциясын окуду

Кыргызстан Мусулманддарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Баткен шаарындагы А.Жайнаков атындагы драма-театрында “Исламда аял затынын орду” темасында лекциясын окуду. Лекциянын жүрүшүндө Азирети Муфтий Ислам дининде аялдардын кадыр баркы жана аларга тиешелүү шариат маселелери тууралуу бир катар маалыматтарды айтып, аял затынын балдарга туура тарбия берүүдөгү орду чоң экендигин баса белгиледи.

Ал эми Баткен облусунун казысы Муса ажы Жолдошев балдарды туура жолго баштап, билим берүүдө аялдардын салымы чоң экендигин билдирди.

Азирети Муфтий менен болгон жолугушууга 500гө жакын аял заты катышты.

Булак
"Муфтият"
Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close