МОМУНДУН ӨМҮРҮ ЖАКШЫЛЫК МЕНЕН УЛАНАТ.

МОМУНДУН ӨМҮРҮ ЖАКШЫЛЫК МЕНЕН УЛАНАТ.

0 566

👳‍ ” *МОМУНДУН* *ӨМҮРҮ* *ЖАКШЫЛЫК* *МЕНЕН* *УЛАНАТ* ”

✍ Өмүр уланып, күн өткөн сайын, кечээкиге караганда тажрыйбам, илимим, түшүнүгүм артып баратканына Аллага чексиз мактоо айтам. Анткени, пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): ” _Момундун_ *өмүрү* _жакшылык_ _менен_ _гана_ *уланат* ” деген. Алладан өмүрүбүз узун, амалдарыбыз көп болуусун суранам! Өмүрүң узун болсо, тооба кылууга, жакшы амалдарды жасап калууга, жаман иштер үчүн кечирим тилөөгө мүмкүнчүлүк табылат.

Жаратылыш алдында жашап жаткан ар бир мүнөтүңдүн баркын бил. Анан, жардамсыз кала турган күнү жемишин татуу үчүн акыретиңе дарак отургуз. Кандай кырдаалга кабылба, башыңа балээ түшсө да, же жашоонун ырахатын татсаң да барган сайын илимиң жана амалың артып жүрүп отурсун. Кандай абал болсо да, Аллага ишенимиң өзгөрбөсүн. Абу Тойиб айтмакчы:

“Заман нугу өзгөрбөсүн канчалык,
Сенин нугуң өзгөрбөсүн данчалык”.

Ар бир күнүңдү жаңы өмүр деп эсепте жана аны жакшы амал, зикир, шүгүр жана ыраазылык менен өткөр. Кандай абалда болбо: нээматка шүгүр кылууну, балээге сабыр кылууну, күнөөгө тообо кылууну, кайдыгерликке зикир кылууну эсиңден чыгарба!

Жаратканыңа бардык жерде ибадат кыл, ар күнүңдүн барагын ибадат жана жакшы иштер менен толтур. Өмүрүң узун, амалың көп болсун, замандаш!

📕 “Бакыттын сырын ачтым” китебинен алынды.

Автор: Аид ал Карни.

👉+996708924964

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Жооп калтыруу

Email дарегиңиз башкаларга көрүнбөйт

We would like to keep you updated with special notifications.