Ден-соолукПайдалуу кеңештер

Мисвак жана Медицина

Мисвак – бул ооз көңдөйүнүн тазалыгы жана Жараткандын ыраазычылыгы    Египетте өткөрүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында Арак дарагынын бутагы (тиш тазалоочу мисвак) тишти агартып, тазалап гана тим болбостон 2 күндүн ичинде эле бактерияларды өлтүрүп баштаары маалым болгон. Мисвакты бир эле жолу колдонгондо ооздогу бактериялардын бир эле түрүнүн саны 75%га азаят. Мисвакты щетканын ордуна колдонгондордун айтымында мисвакты колдонуу менен тиштери мурдагыдан агыраак болуп, жаркырап турат.

Изилдөөнүн жыйынтыгы

Иллинойс университетинин илимпоздору 7 жылдык изилдөөнүн жыйынтыгында тиш тазалоочу таякчада тишке курт түшүүсүнө каршы, бактерияларды азайтуучу алты химиялык затты аныкташты. Андан сырткары мындай түрдөгү дарактардын кээ бирлеринде тишке курт түшүүгө каршы фтор бар.
-Биз изилдөөлөрдү улантып жатабыз, – дейт Иллинойс университетинин профессору Кристин Ву. – Азыр бир канча компания биздин ишибизге кызыгып калышты, анткени алардын баары эле өздөрүнүн чыгарган продукциясында табигый заттардын болушун каалашат да.
Айтмакчы, көпчүлүк Африка өлкөлөрүндө тишти тазалоочу “таякча сагыз” чайнашат. Чыгыш Африкада Salvador persica дарагынын бутагын, Нигерияда Fagara schimperi, zanthozyloides дарагынын бутагын колдонушат.
Мындай бутакчаларды колдонгон африкалыктарда тишке курт түшүү көйгөйү аз.

Мисвак хадистерде

Хадистерде Мухаммед пайгамбарыбыздын айтканы мындай: “Мисвак – бул ооз көңдөйүнүн тазалыгы жана Жараткандын ыраазычылыгы”.
Абу Аййюб Аллахтын элчисинин сөзүн мындайча жеткирет:
“Пайгамбарыбыздын сүннөтү булар: жөнөкөйлүк, атыр жана мисвак колдонуу, нике”.
Азирети Али аркылуу төмөнкү хадис жеткен:
“Мисвакты колдонуу милдетим деп эсептеп дайыма колдонгула, анткени буга Аллах ыраазы болот. Мисвак колдонгондон кийинки намаздын сообу 99дан 400 жолуга чейин жогорулайт.

Пайгамбарыбыз эмне үчүн үйгө кирээри менен мисвак колдонгон?

Шурайр ибн Хаани пайгамбарыбыздын аялы Айшадан сурайт: “Пайгамбарыбыз үйгө кирээри менен эмне кылчу?”. “Мисвак менен оозун тазалачу” деп жооп берди Айша.
Алляма Мунави бул боюнча оюн мындай билдирет: “Биз үйгө киргенде саламдашуу сөзүн айтышыбыз керек (Ас-саламу алейкум ва рахматуллахи ва баракатух). Бул саламдашуу сөзүндө Аллахтын аты айтылат. Аллахтын аты таза ооз менен айтылышы керек.
Андан сырткары үйгө киргенде аялына өзүнүн сүйүүсүн билдирүү үчүн өөп коюу керек. Демек, аялына жагымдуу болушу үчүн оозун таза кармашы керек.

Мисвак колдонуунун 70тен ашык пайдасы бар экендиги айтылат. Алардын айрымдары төмөндө:

1. Мисвак колдонгон адамга Аллах ыраазы болот
2. Шайтанды алыстатат
3. Ооздогу жагымсыз жытты кетирет
4. Оозду тазалайт
5. Тиштерди агартып, жаркыратат
6. Тиштин бүйлөсүнүн абалын жакшыртат
7. Микробдорду, бактерияларды өлтүрөт, тишке курт түшүүсүнөн сактайт
8. Акылдын өөрчүшүнө, тамактын жакшы сиңишине шарт түзөт
9. Картаюунун алдын алат. Дененин жогорку температурасын түшүрүп, оорудан алыстатат, далыны чыңдайт.
10. Мисвак колдонгон адамга Аллах өлүм алдында келимени (Ла илаха илла Ллах) эстетет, рухтун денеден чыгышын оңойлотот.
11. Кекиртекти, тилди тазалайт
12. Мисвак колдонгон ыймандуу (чоң күнөө кылбаган) адамга бейиштин жолу ачылат. Периштелер: “Бул адам пайгамбарыбыздын жолун жолдогон. Жер жүзүндө таза жашап өттү” деп айтышат.
13. Сүйлөө жөндөмдүүлүгүн, үнүн жакшыртат.
14. Ооз ооруларынан арылтат
15. Баштын тамырларын жакшыртат
16. Көздөрдү нурдуу кылат

Мисвак Кыргызстанда

Кээ бир тиш пасталарына мисвактын бөлүкчөлөрү кошулат. “Мишвак” деген аталыштагы мындай тиш пасталарын Бишкектин базарларынан, борбордук мечиттин тегерегиндеги дүкөндөрдөн табууга болот. Мурда бул тиш пасталарын Индиядан, Пакистандан алып келишсе, кийин белгилүү бир фирма мындай аталыштагы тиш пасталарын Кыргызстанда да чыгара баштады. Кадимки тиш пасталарынын курамында тишти тазалоочу синтетикалык заттар бар болсо, мисвак кошулган пасталардын курамын микробго каршы табигый кошулмалар түзөт. Мисвактын курамында тиштин бүйлөсүнүн каноосуна жана сезгенүүсүнө каршы танин заты бар.
Ал эми мисвактын Кыргызстанда да сатыла баштаганына 10 жылдан ашып калды. Аны Индиядан, Египеттен, Арабиядан алып келишет. Мисвак көбүнчө Бишкектеги борбордук мечиттин тегерегиндеги дүкөндөрдө 15-20 сомдон сатылат.

Кантип колдонуу керек?

Тиш доктору Эрик Шапира мындай дейт:
“Мисвакты колдонуу оңой эле. Бутакчаны алып чайнап жумшартыңыз. Андан кийин тиштериңизди тазалайсыз. Дарактын курамында тишти агартуучу май бар. Бутакчаны жумшартуу үчүн 5-10 мүнөт керектелет. Андан кийин тишти тазалоого 3-5 мүнөт жетиштүү”.
Мисвакты колдонууга даярдоонун андан да оңой жолу бар: таякчанын учун сууга салып коюу керек. Жумшарып калганда 1-1,5 сантиметрдей кабыгын арчып, ичин ажыратып щетка сыяктуу кылып алыңыз. Анан тишиңизди тазалай бересиз.

Булак
kitep.jimdo.kg
Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close