Макалалар

“Менин ишим эмес!” “Мага эмне!” “Мага баарыбир!”

Күндөрдүн биринде кичинекей тыйынчычкан
токойду аралап баратса
жолдун ортосунда капкан жатыптыр .
Тыйынчычкан капканды көрөөрү менен ызы чуу салыптыр .
Ангыча, токойдо жашаган жылан, кой жана короз тыйынчычкандын чуусун угуп жетип келиптир .
Тыйынчычкан аларга карап: “Келгилечи достор!
Ушул капканды биргеликте жол четине алып коёлу.
Антпесе сөзсүз бирибиз түшүп калып,
адамдарга жем болобуз”-дептир.

Короз айтыптыр: – Менин көлөмүм чоң!
Кантип эле мен кичинекей капканга түшмөк элем?
Учуп өтүп аламын капкандан!
Мага кереги жок!- деп бурулуп кетиптир .

Кой айтыптыр:
– Мен жайлоолордо оттоп жүрөмүн .
Жол менен баспаймын .
Бул “Менин ишим эмес!”- деп бурулуп кетиптир .

Жылан айтыптыр:
– Мен капканга түшпөйм деле .
Мага баарыбир!
Мага эмне ? -деп ал да бурулуп кетиптир .

Тыйынчычкан аябай өкүнүп, айласыздан ал да
үйүнө жөнөп кетиптир .
Үйүнө барып, эс алып жатса
сырттан каттуу чыңырыкты угуптур .
Караса, жылан капканга түшүп калган экен .

Капканды койгон адам жетип келип
капканда жаткан жыланды бошотуп жиберүү үчүн
жакындаса, жылан адамды
заардуу уусу менен чагып алыптыр.
Ошол жерде жыланды өлтүрүп
каттуу ооруган адам ооруканага жөнөптүр .
Даарыгерлер ооруну көрүп айтыптыр: – Тооктун этинен шорпо жасап ич,
ошол шыпаа болот дейт экен .

Анда жанагы адам токойго келип
корозду таап,союп шорпосун ичиптир .
Тилеке каршы ал да жардам бербей уулуу жыландын себебинен каза болуптур.
Кыргызда бирөө каза болсо сөзсүз кой союшат .
Каза болгон адамдын жакындары
жайлоодо оттоп жүргөн койду кармап келип,
аны да коноктор үчүн союшуптур .

Акылдуулар үчүн бир эле окуя үлгү.
Мага баарибир, мага эмне деген жылан биринчи болуп,
менин ишим эмес деген кой да,
мага кереги жок деген тоок да капкандын себебинен өлүп
баарын жакшылыкка үндөгөн
тыйынчычкан тирүү калган экен .

Келгилечи достор !
Кой, жылан жана короздогу болгон сыпаттарыбызды жоготуп, бири бирибизге күйүмдүү бололу .
Мага эмне, мага кереги жок деген сөздөр эч качан
бизди жакшылыкка алып бара албайт !!!

АССАЛААМУ АЛАЙКУМ ВА
РОХМАТУЛЛООХИ ВА БАРОКААТУХУ!

Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close