Меке ачылгандан кийин хижраттын кереги жок

Меке ачылгандан кийин хижраттын кереги жок"

0 460

 

✍ Имам Бухаринин “Сахих ал-Бухари” китебин чечмелеп, түшүндүрүп , кеңейтип жазган Ибн Хажардын “Фатх ал-Баари” китебин алуу үчүн дүкөнгө бардым. Китеп үч жүз риал турат экен. Сатып алгандан кийин, илимпоздун эмгегин көз алдыман чубаттым. Бул эмгекти изилдеп, көркөмдөп, тактап, түшүндүрмө берип жазып чыкканга отуз эки жыл кеткен. Тагыраагы, автор отуз эки жылдык өмүрүн пайдалуу ишке жумшаган. Анткени исламда Курандан кийинки экинчи орунда турган – ушул китеп.

Белгилүү аалым Аш-Шавканиге: “Сахих ал-Бухариге” түшүндүрмө жазбайсызбы?” – дешкенде, ал: “Меке ачылгандан кийин хижраттын кереги жок”, – деген жообун берген. Тактап айтканда, Ибн Хажардын эмгегинен кийин”Сахих ал-Бухариге” кайра түшүндүрмө жазуунун кажети жок деген маанини айткан.

Бир адамдын ушунча жылдык өмүрү жана мээнети менен жазылган китептин баасы үч жүз риал экен. Бул бир адамдын түшкү тамагына жете тургандай акча. “Фатх ал-Баари” китебин окуп, түшүнгөн адамдын төбөсү жылдызга жеткендей эле болот. Пайгамбарыбыздын (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бүтүндөй сүннөтү көз алдыбызга тартылат. Жалгыз Аллага ибадат кылууга шык берип, кайгы-кападан арылууга шарт түзөт.

Эмнеге буга ой жүгүртпөйбүз? Эмне үчүн окууга кызыкпайбыз? Денебиздин жыргалы үчүн канча акча коротуп жатабыз, а жан дүйнөбүз үчүнчү? Бүтүндөй жашоо мыйзамы, жыргалы катылып жаткан китептин баасын бир түштөнүүдө эле жеп, анан бир сааттан кийин “таштоочу жерге” таштап коюп жатпайбызбы? Эмне үчүн илимдин кадырын билбейбиз? Жашоодо жалаң пайдалуу ишти кылуубузга эмне тоскоол болуп жатат? Эмнеге пайдалуу менен зыяндууну ажырата албайбыз?

Келгиле, таттуу уйку, кенен тамак, жыргап эс алуу дегендин баарын курмандык чалып, бүт өмүрүн арнап, бизге даяр кылып койгон эмгектерди арзыбаган тыйынга сатып алып окуудан зерикпейли. Менимче, жашоодо арзан, бирок “баалуу” буюм – китеп. Арзан китептерди сатып алып окугула: кымбат маалыматтарды табасыңар.

📕”Бакыттын сырын ачтым” китебинен алынды.

Автор: Аид ал Карни.

🧕Алина Абдрасул кызы.

📱👉✿+996708924964

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Жооп калтыруу

Email дарегиңиз башкаларга көрүнбөйт

We would like to keep you updated with special notifications.