🤗МАЕКТЕШИҢДИ КУЛАК ТӨШӨП УК, ЖҮРӨГҮ ЖИБИСИН*

🤗МАЕКТЕШИҢДИ КУЛАК ТӨШӨП УК, ЖҮРӨГҮ ЖИБИСИН

0 506

🖊 Кээде бирөөнүн кебин угуу пайдасыз экенин билесиң. Ооба, чынында анын сага пайдасы деле жок, бирок аны кагып койбой же андан алыстабай, айтканын угуп койсоң, жүрөгүнөн түнөк табарың чын. Маектешиңдин кебин кунт коюп угуу – берешендиктин бир түрү. Унчукпай угуп коюу менен эле тиги адамга өзгөчө жакшылык кылгандай болосуң. Турмуштан мындайды көп кезиктирдим.

Самолётто отурсам жанымдагы сөз баштап калат. Мен аны тааныбайм, ал мени тааныйт. Ичимден муну укканча тасбих тартып отурганым оңго деп ойлоп кетем. Бирок, тигинин кебин токтотуп коюу адепсиздик, бул мусулмандын ахлагына жатпайт. Айтканын укпай коюп көңүлүн оорутуп алышым, кала берсе жек көрүндү болуп калышым да мүмкүн. Ушинтип туура чечим чыгарып, жанымдагыга кулак төшөйм.

Бири сооданы кантип баштаганынан кеп салат, дагы бири балдарын мактап, алардын жетишкендиктерин айтат, дагы бири окуган окуусуна, багынткан ийгилигине мактанат, дагы бири аңыз-шалбаасы, дагы бири мал-кели тууралуу кобурайт. Баарын угам, сөз кошом, ийгилик каалайм, кайтарымына ыраазылык, мактоо дубасын угам.

Бул сүйлөшүүлөрдөн эч кандай пайда таппасам да, бирөөнү урматтоонун, бирөө менен мамиле түзүүнүн, бирөөнү сыйлоонун, бирөөлөрдөн сый-урмат көрүүнүн жеңил жолун үйрөндүм.

Башкага кулак салып угуу – акылдуулардын ахлагы, ахлактуулардын сапаты.

📘 “БАКЫТТЫН СЫРЫН АЧТЫМ ” КИТЕБИНЕН.

Автор: Аид ал Карни.

📱👉✿+996708924964

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Жооп калтыруу

Email дарегиңиз башкаларга көрүнбөйт

We would like to keep you updated with special notifications.