Макалалар

Өлүмгө даярсыңбы?

Өлүмгө даярсыңбы?

🕌Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим.

✍🏻 Абу Хурайра (разияллооху анху) дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты:
«Жети нерседен мурда жакшы амал кылганга шашылгыла:
Кедейлик келип баардык нерсени унутуп калуу, байлык келип чектен чыгуу, оору келип алсыз кылып коюу, карылык келип акылды жоготуу, кокустан өлүм келүү (тооба кыла албай калуу), Дажжал келип, кайып жамандыктарын чыгаруусу жана катуу жана ачуу Кыяматтын келүүсүнөн». (Тирмизи).

Түшүндүрмө: Ушул жети нерсе келип тозуп коё электен мурда Акыретке даярданып, кур калбай жакшы амал кылып калуу зарыл.

✨ Анас бин Малик (разияллооху анху) дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Маркумду үч нерсе кабырга чейин ээрчип барат: Үй-бүлөсү, байлыгы, амалы. Экөөсү кайтып келет, бирөөсү аны менен калат: Үй-бүлөсү жана байлыгы аны таштап, кайтып келет, аны менен бирге амалы (гана) калат». (Муслим).

✨Амр (разияллооху анху) дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) бир жолу кутба окуп жатып айтты: «Көңүл буруп уккула! Албетте, дүйнө — силердин алдыңарда убактылуу бар (болуучу) нерсе. Андан күнөөкөр, күнөөсүз баардыгы жешет. (Анын кадыр-баркы жок). Албетте, кыямат белгиленген мөөнөттө келээри чын. Анда Кудуреттүү Падыша чечим чыгарат. Көңүл буруп уккула! Жакшылыктын баардык түрү бейиште болот жана жамандыктын баардык түрү тозокто болот. Көңүл буруп уккула! Кайсыл амалды кылсаңар Аллахтан коркуп кылгыла. Силер өзүңөрдүн амалыңар менен Аллахтын алдына сунуш кылынасыңар. Ким заррачалык (чаң) жакшы амал кылса аны дагы көрөт. Ал эми ким заррачалык жаман амал кылса аны дагы көрөт». (Муснад Шаафи’и).

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) өлүм төшөгүндө жаткан мезгилде көз жашын агызып ыйлайт. Анын ыйлаганына таң калышкан адамдар, эмне үчүн ыйлап жатканын сурашканда, ал: мени бул жашоо дон кетип жатканы үчүн ыйлап жатат деп ойлойсуңарбы? Жок, мен сапардын алыстыгын көрүп, азыгымдын аздыгын эстеп ыйлап жатам – деп жооп берет. Ар бир пенденин башына бул күн келет. Улуу сахаба ушинтип өкүнүп ыйласа, эч нерсе менен иши жок кайдыгер жашоо өткөзгөн пенделердин абалы кандай болот. Күн өтүп жатат. Күн өткөн сайын өмүр азайып сапарга чыкчу күн жакындап келе жатат. Ар бир күнүбүздү, ар бир саатыбызды, ар бир минутабызды акырет азыгы үчүн жумшоого аракетенүүбүз керек. Аллахтын алдына барган кезде беш нерсеге жооп бермейинче бир кадам да алдыга жыла албайсың. Биринчи: Аллах берген аздыр-көптүр өмүрдү кайда жумшадың. Экинчи: Аллах берген күч-кубаттуу жаштыгыңды кандай пайдаландың. Үчүнчү: мал дүнүйөңдү кандай жол менен таптың. Төртүнчү: ошол тапкан мал-дүнүйөңдү кандай иштерге сарптадың. Бешинчи: Билген илимиңе кандай амал кылдың. Мына ушул беш нерсени эстеп, ага жооп берүүгө да даярдык көр. Диндеги эң такыба деген атка конгон Хасан Ал-басрий: (Аллах андан ыраазы болсун) – «Эртең менен күн чыкканда адамдарга: эй адам баласы, мен жаңы күнмүн, менден пайдаланып кал. Мен бүгүн кетсем кыяматка чейин кайра келбеймин деп кайрылат» – деп айткан. Ар бир агарып аткан таңдан кызарып күн батканга чейин акырет үчүн азык камдап сооптуу амалдарды жасоону Аллах Таала баарыбызга насип кылсын. Аллахым ар бирибиздин билип-билбестен жасаган күнөөлөрүбүздү кечиргин. Улуу Жума күнүндө кылган дубаларыбызды кабыл кыл. Адашып туура эмес жолдо жүргөн пенделериңди туура жолго баштагын. үлгү Аллахым, өзүңдүн алдыңа сооп капчыктарыбыз бош, азыгы жок барып калуудан сакта. Асслааму алайкум ва рахматулЛохи ва барактуху.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿+996708924964..
✿ WWW.FORMULA.KG

Ачкыч сөздөр
Көбүрөөк

Насиба Абдуллаева

Көптөгөн курч макалалардын автору.

Бул да кызыктуу

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Бул да кызыктуу

Close
Close
Close