alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:57 | alternatetextШам: 20:01 | alternatetextКуптан: 21:48
МакалаларТаасирдүү окуяларТурмуш таалимдери

КЫЗ СЕН ҮЧҮН БЕЙИШИҢ!

Жердин тайгак болгонун муздан көрдүм,
Эттин ачуу болгонун туздан көрдүм.
Жаш кезимде «кыз төрөдүң» деп менменсинип,
Картайганда жакшылыкты кыздан көрдүм…

?Жашоо — бул сыноо! Ар бир адам үчүн ар кандай сыноо! Кээ бирөөгө зар, кээ бирөөгө кор. Азыркы учурда баланы да буюмдай колдонуп, кээ бири акча үчүн сатып, кээ бири талаага таштап, кээ бири жетимдер үйүнө таштап, бала кадырына жетпей жүрсө, а кээ бири балага зар…
Жахилят доорунда адамдар кыздуу болгонуна намыстанып, кыздарын тирүүлөй көөмп коюшчу. Аялдарын хайыз учурунда арам деп бөлүп коюшаар эле. Аялдарды эң төмөнкү даражага коюшчу. Качан гана Ислам дини келгенде аялзатынын кадыр-баркы көтөрүлгөн. Пайгамбарыбыз (с.а.у.) айткан: «Бейиш- эненин таман алдында» — деп. «Бейиш- эненин таман алдында»- деп аял затынын ушунчалык кадыр-барктуу экенин даана белгилеп айткан. (Ин шаа Аллах, аял затынын кадыр-баркы бобнча өзүнчө бир сабак кылабыз. Бул сабакта бизге таасирлүү болгон бир окуяны (мисалды) баян кылмакчыбыз)

Адамга көбүнчөсү маселени мисал менен түшүндүрсөң жеткиликтүү болот эмеспи?! Ошол себептүү биз сиздерге жана биздерге өтө бир чоң сабак болчу окуяны айтып берүүнү максат кылдык. Ин шаа Аллах, бул окуяны окугандан соң, эч бир эркек аялын: «Кыз төрөдүң!»- деп жемелебейт деп үмүт кылабыз…

? «Ар бир адам ката кетирүүчү. Алардын эң жакшысы тооба кылгандар». Мен да бир кезде өтө чоң ката кетиргем. Ал эми азыр ага өкүнүп турган кезим, бирок, кеч болуп калган… Менин башымдан өткөн окуя кээ бирине сабак болоор деп үмүт кылам. Анда кеп башынан болсун…

?Мен үй-бүлөөм менен айылда турчумун. Кош бойлуу аялым жана үч кызым бар эле. Мен канчалык уулду болууну кааласам да Кудай бизге жалаң кыз берип жатты. Бир күнү аялыма: «Кыздар…кыздар! Эгер сен дагы кыз төрөй турган болсоң, мен анын көзүн тазалайм! Акыркы жолу сага эскертемин! Мага уул керек! Уул керек!» — деп бакырып, үйдөн чыгып кеттим. А аялым ыйлап кала берди. Анын ыйы мени кызыктырбайт эле. Адамдын эмес, Аллахтын буйругу менен дагы бир кыздуу болдук. Мен төрөт канага барганымда, кыз экенин билген соң, эшикти бир муштап, ачууланып кетип калдым. (Аялыма эң кыйын учур ушул абал болсо керек эле.) Кийин аялым да төрөт канадан чыгып келди. А мен уулду болбой калганыма абдан ачууланып жүрдүм. Бир күнү кызды алып, үйдөн чыктым. Максатым аны жок кылуу эле. Аялым болсо бутума чөгөлөп, жалбарып жатты. Мен болсо кызды ээн бир талаага алып келдим. Аны таштап келе бердим. Бирок, кайра ошол талаага бардым. Кыз аябай ылап жаткан эле. Эмнегедир аны таштоого жүрөгүм чыдабады.Ошентип, аны үйдө багып, чоңойтууну туура көрдүм.

⏳Күндөр өтүп жатты. Аялым дагы кош бойлуу болчу. Бул жолу көптөн-көп күткөн уул баланы жарык дүйнөгө алып келди. Ошол убакта кубанычымда чек жок эле. Бирок, кубанычым көп узабай чоң кызымдан айрылып калдык. Бир жылдан кийин аялым дагы уул бала төрөдү. Бирок, дагы кубанычыбыз көп узабай экинчи кызыбыздан айрылдык.Ошентип олтуруп үч уулду болдум. Бирок, Кудайым да үч уулумдун ордуна үч кызымды алып кетти. Бир гана кыздарымдан ошол төртүнчү кызым тирүү калды. Арадан көп убакыт өтпөй аялымдан да ажырадым. Мага эң оор жагдай ушул эле. Кыйынчылык оорлоп баратты. Турмуш ушуну менен токтоп калбады, албетте. Ар бир адам өз тиричилигин жасайт эмеспи?! Арадан жылдардын өтүшү менен уул-кыздарым бой жетип чоңоюшту. А мен карылыкка баш ийип отурган кезим. Карыганда оору көп болот эмеспи?! Азыркы тапта менин акыбалым оор… А уулдарымдын баары чоң кызматтарда! Алардын убакыттары жок болсо керек. Кээ бири мени көргөнү 1 айда бир, бирөөсү 1 жылда бир келишет. Бирок, менин ушундай оор акыбалымда ким каралашып жатат билесизби? Ошол мен жарык дүйнөгө келишин каалабаган кызым, төртүнчү кызым! Ар дайым менин жанымда! Бой жетип, турмуш куруу убактысы келген болсо да, мен үчүн, мени эмне болот деп турмушка чыкпай жүрөт! Кээ бир учурда, кызымдан бекинип, өткөн катам үчүн абдан өкүнүп ыйлайм._ _Көрсө, уул балага караганда, кыз бала күйүмдүү болот туура…

Ооба, бир тууганым! Кыз деген ушундай ары мээримдүү,ары күйүмдүү ары кызматтуу ары ызаттуу,ары намыстуу эң негизгиси болочокто «эне «деген улуу инсан болот! Кыз деген үй -бүлөөнү шаңга бөлөгөн нур, апасынын жардамчысы атасынын колдоочусу,бир туугандарынын жолдоочусу болгон мээримдүү жан болот! Мына ушул себеп Пайгамбарыбыз (с.а.в) кыз үй -бүлөөдө орду жогору экенин баалап өз хадисинде мындай кабарлайт: «Ким үч кызды тарбиялап өстүрүп турмушка узатса, ал Бейишке кирет» — деп айтат. Аны угуп турган адамдардын бири: «Эгер эки эле кызды тарбиялап өстүрсөчү? — деп сурайт. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Эки кызды тарбиялап өстүрүп турмушка узатса да Бейишке кирет» — деп жооп берет. Ошондо жалгыз кызы бар бир адам: «Оо, Аллахтын элчиси, эгер бир кызы болсочу?» — деп сурайт. Жылмайып күлгөн Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Эгер бир эле кызды тарбиялап, анан турмушка узатса да, Бейишке кирет» — деп жооп берет. (Абу Дауд) .

Демек, кыз деп кейиген,жериген,арман кылган аталар. Сиз үчүн жогорудагы окуя,Пайгамбарыбыздын (с.а.в) сүйүнүч кабары сабак болот деген үмүттөбүз ….

Нуриза Кармышакова атайын «Formula.Kg» сайты үчүн..

?‍?‍?‍? Бактылуулук формуласы.

Бул да кызыктуу

1 пикир

  1. Целый день познавал данные сети, случайно к своему восторгу открыл актуальный вебсайт. Вот ссылка: https://sms-activation-service.com/ . Для меня вышеуказанный сайт оказал хорошее впечатление. Успехов всем!

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button