alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
ЖаңылыктарМедиаФото

Кыргызстандын муфтийи Меккедеги ажылардан кабар алды (ФОТО)

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев
Мекке жана Медина шаарларынада 2017-жылдагы ажылыкты уюштуруудагы көчмө топтун кызматкерлери жана ажы башчылар менен жыйын өткөрдү. Күн тартибинде ажылардын тартиби, тазалыгы, келип-кетиши сыяктуу маселелер каралды.

«Ажылыкка келген адамдар Аллахтын коногу жана аларга кызмат кылуу чоң кызмат. Ар бир ажыны көзөмөлгө алып, ар бир күнү кабарын алып туру керек”,-деди ал.

Мындан тышкары муфтий чын дилден кызмат кылып штаб тарабынан келген буйруктарды аткаруу жана баш ийүүлөрүн талап кылды. Өз учурунда штабдын мүчөлөрү да ажы башчылар менен биримдикте иш алып барып, быйылкы ажылыкты жогорку деңгээлде өткөрүүгө чакырды.

Андан сырткары мейманканалардагы шарттар, кээбир учурдагы пайда болуп калган маселелер, жеке гигиена жана вакыфтын суусун, электр жарыгын, жана башка буюм тайымдарын абдан этияттык менен, сарамжалуу пайдалануусун талап кылды. Мина, Муздалифа, Арафат өрөөндөрүндөгү тартиптер, уюштуруу иштери жана Сауд Арабия тарабынан коюулган талаптарды аткаруу боюунча түшүндүрмө иштери жүргүзүлдү.

Жыйындындын жүрүшүндө ажыларга кызматкылуу шарттарын канткенде жакшырта алабыз, канткенде бизге жана биздин ажыларга ыңгайлуу болот деген суроолордун алкагында талкуу болду.

Булак
"Муфтият"

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button