alternatetext Багымдат: 04:22 | alternatetextКүн чыгуу: 06:06 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:44
Жаңылыктар

Кыргызстан муфтиятынын Мьянмадагы кырдаал боюнча билдирүүсү (текст)

Мьянмада мусулман коомчулугуна карата түзүлгөн кырдаал, адам укуктарынын бузулушу өтө чоң зулумдук. Мьянмадагы кырдаалды тез арада дүйнөлүк деңгээлдеги адам укугун коргогон ири уюмдар чечүүлөрү зарыл. Кырдаал курчуй берсе диндер, улуттар аралык, мамлекеттер ортосундагы жаңжалдашууну, пикир келишпестикти пайда кылуусу мүмкүн.

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы, Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши Мьянмадагы кырдаалга тынчыздануусун билдирет жана тараптарды бир пикирге келип, абалды тынчтык, сабырдуулук, адилеттүүлүк жолу менен чечүүгө чакырык жасайт.

Ыйык Курани Каримдин Маида сүрөсүнүн 32 аятында: «Ким акысыз адам өлтүрүп, же жер жүзүнө бузукулук таратса, анда ал бардык адамдарды өлтүргөнгө тете. Ал эми кимде-ким адам өмүрүн сактаса, ал бардык адамдардын өмүрүн сактап калганга тете»,-деп айтылат.

Ыйык Куранда айтылган бул сөздөргө негиз кылып, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы, Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши кыргыз элин өз пикирин тынчтык жолу менен билдирүүгө, мусулмандардын жана бүт ааламдын тынчтыгын тилеп дуба кылууга чакырат.

Дүйнө элинин тынчтыгы ар бир инсан үчүн маанилүү.

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы.
Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button