Жаңылыктар

Кыргыз тилинде жети томдук хадис китеби жарык көрдү

теология факультети “Хадистердин негизинде ислам” аттуу жети томдон турган китеп басып чыгарышты. Бул тууралуу факультеттин деканы Самаган Мырзаибраимов билдирди.

Анын айтымында, Ислам дининин негизи болгон хадистерди камтыган кыргыз тилиндеги биринчи көлөмдүү жыйнак басылып чыкты. Басылмада жашоонун бардык чөйрөсүн камтыган хадистер жөнүндө 400дөн ашуун теманын ар бири кеңири баяндалган. 5000 нускадагы китептин жарымынан көбү Кыргызстандагы имамдарга жана медреселерге окуу куралы катары бекер таратылып берилет. Калганы окуу жайларга, кызыккандарга тапшырылат. Китеп “Түркия Дианет” фондунун колдоосу менен жарык көрдү.

Белгилей кетсек, Хадис — Мухаммед пайгамбардын (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) бир иштен кайтаруусунан, макул болуусунан же унчукпоосунан алынып сахабалар аркылуу жеткирилген. Алардан кийин дагы эки муун белгилүү хадис аалымы Мухаммад аль-Бухариге чейин баяндашкан. Анын “Сахих аль-Бухари” китебинде 7275 хадис сахих же чыныгы хадис деп эсептелет.

Булак
"Марал"
Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close