🙌🏻КЫЙЫНЧЫЛЫКТА ОКУЛА ТУРГАН ДУБА

🙌🏻КЫЙЫНЧЫЛЫКТА ОКУЛА ТУРГАН ДУБА

0 649

*🙌🏻КЫЙЫНЧЫЛЫКТА ОКУЛА ТУРГАН ДУБА*

Эгер сиз жашооңузда кайгы – муңга, тынчсызданууга, кандай гана болбосун кыйынчылыка туш болсоңуз, анда арманыңызды досторуңузга, жакын адамдарга айтаардан мурда Улуу Жаратуучубуз Аллах Таалага кайрылыңыз.

Ибну Аббас(Р.А) айтат:

*ПАЙГАМБАРЫБЫЗ МУХАММАД САЛАЛЛООХУ АЛАЙХИ ВАСАЛЛАМ* ар дайым башына кандай гана кыйынчылык түшпөсүн ушул дубаны кылат эле:

*”لاَ إِلَهَ إِلاَّ اللهُ الْعَظِيمُ الْحَلِيمُ لاَ إِلَهَ إِلاَّ اللهُ رَبُّ الْعَرْشِ الْعَظِيمِ لاَ إِلَهَ إِلاَّ اللهُ رَبُّ السَّمَوَاتِ وَرَبُّ الْأَرْضِ وَرَبُّ الْعَرْشِ الْكَرِيمُ”*

Кыргызчасы:

*” Лаа илааха иллАллоохуль ъазыымуль халиим, Лаа илааха иллАллооху роббуль ъаршиль ъазыым, Лаа илааха иллАллооху роббус-самааваати ва роббуль арды ва роббуль ъаршиль кариим”*.

Мааниси:

*”Аллахтан башка Кудай жок, Ал Мээримдүү жана ырайымдуу. Аллахтан башка Кудай жок, Аллах Таала улуу арштын ээси. Аллахтан башка Кудай жок, Аллах асмандардын ээси жана жердин ээси, жоомарт болгон арштын ээси”*.

Демек, урматтуу мусулман бир туугандар! Дубанын маанисине карасак *ПАЙГАМБАРЫБЫЗ МУХАММАД САЛАЛЛООХУ АЛАЙХИ ВАСАЛЛАМ* башына кыйынчылык түшкөндө дуба кылганда дубанын себебин айтып, арызданган эмес. Жөн гана Аллах Таалага мактоо айта берген, себеби Аллахты улуктай берсе Аллах жүрөктөгү баардык проблемаларды, кайгы – муңду билип тураарын *ПАЙГАМБАРЫБЫЗ МУХАММАД САЛАЛЛООХУ АЛАЙХИ ВАСАЛЛАМ* дан жакшы билген эч ким болгон эмес. Демек биз да ушул дубаны жаттап ар дайым чын жүрөктөн айтып жүрсөк, Аллах Таала эч бир кор кылбайт ИН ШАА АЛЛАХ!!!

Бул хадисти имам Бухари жана имам Муслим (Аллах алардан ыраазы болсун) өз китептеринде келтирген сахих хадис.

📱👉✿+996708924964

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Жооп калтыруу

Email дарегиңиз башкаларга көрүнбөйт

We would like to keep you updated with special notifications.